Кыргызстандагы илбирстерге изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар тобу илбирстердин бирине GPS-каргы орното алышкан. Алар мындай жол менен сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан илбирстердин жылып жүрүүлөрү, жашоо аракети тууралуу маалыматтарга ээ болуу ниетинде. Жалпысынан Кыргызстанда илбирстердин саны 300дөн ашпайт.

Кыргызстандагы илбирске GPS-каргы орнотулгандыгы тууралуу жапайы мышыктардын 38 түрүн изилдөө менен алектенген «Пантера» уюму билдирди.

Ал билдирүүгө ылайык, окумуштуулар илбирстердин 6-7 жаштагы ургаачысынын биринин мойнуна спутникалык каргы орнотушкан. Ал окумуштуулар тарабынан Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектешкен аймагынан алыс эмес жердеги Сарычат-Эрташ жаратылыш коругунда кармалган.

«Пантера» уюмунун «Илбирс» программасынын аткаруучу директору Томас МакКарти спутникалык каргы кызыл китепке киргизилген илбирстин жашоо аракетин изилдеп, жаныбарлардын бул түрүн изилдөөдө жаңы ачылыштарды жасоого жардам бере тургандыгын айтты.

«Каргылар менен изилдөө жүргүзүп, алардын жашоо мүнөзүн аныктап, популяциясын сактап калуу үчүн илбирстердин бир аз гана бөлүгү жеткиликтүү. Кыргызстан өз аймагындагы Тянь-Шань тоолорунда бул новатордук изилдөөнү жүргүзүүгө уруксат берип, бул процессте кайрадан лидерлик ролду алды […]», — деп билдирди МакКарти.

Илбирс изилдөөчүлөр камерасынын кадрында:

Жапайы мышыктардын жоголуп бара жаткан түрү

Окумуштуулардын маалыматтары боюнча, учурда дүйнө жүзүндө чоң ак илбирстердин жалпы саны 4500дөн 10000ге чейин. Алардын так саны белгисиз, анткени илбирстерди көзгө учуратуу жана аларга изилдөө жүргүзүү абдан кыйын. Ак илбирс жапайы мышыктардын «жоголуп кетүү коркунучу бар» түрү катары кызыл китепке киргизилген.

2014-жылы илбирстердин Кыргызстандагы саны «300дөн ашпайт» деп эсептелген. Ал эми 1980-жылдардын башында алардын саны 1400гө чейин жетчү. Илбирстер өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында бар — Тянь-Шань тоолорунда жана Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүк бөлүктөрүндө.

Илбирс постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө «ирбис» деген ат менен белгилүү. Ал Бишкек шаарынын желеги менен гербине түшүрүлгөн.

Башкы сүрөт жана видео: «Пантера»