Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун ар-намысым менен кадыр-баркымды кемсинткендиги үчүн деп президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазган доо арызын өндүрүшкө кабыл алды.

Орунбековдун доо арызы эки ишке бөлүнөт — өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жана президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовго каршы деп.

Тема боюнча: Кемсинткендиги үчүн президентти кантип сотко берүү керек?

Судья Айнура Сатарова президентке каршы жазылган арызды 28-январь күнү саат 16:00дө, Ниязовго каршы жазылган арызды 1-февралда саат 15:00дө карайт. Судья алдыдагы бул отурумдар тууралуу маалыматты Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ырастады.

Орунбеков арыз жазылган жогорку кызматтагы чиновниктердин өзүлөрү сот отурумуна барышпайт деп божомолдоодо.

«Атамбаев менен Ниязов сотко келет деп ойлобой элем, алардын ордуна жактоочулары келет болуш керек. Азырынча түшүнүксүз. Бирок эгер мындан башка дагы маалыматтар пайда болсо биз сөзсүз жарыялайбыз», — деди Орунбеков.

Сот отуруму ачык өтөт — журналист ага каалоочулардын бардыгын катышууга чакырды.

Буга чейин президентти биометрикалык маалыматтарды топтоонун айланасындагы соттук талаш-тартыштар тууралуу Атамбаевдин айткандарына нааразы болгон юрист Нурбек Токтакунов сотко берген болчу.

Орунбеков доо арызын президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыктарын чыгарган 2015-жылдын 27-декабрындагы маалымат жыйынынан кийин жазган.

«Мени эл душманы деп аташканда апам үч айдын ичинде эле өчүп калды. Эгер нормалдуу өлкөдө жашагыңар келсе, анда баары тең айткан сөздөрүнө жооп бериши керек деп эсептейм. Журналисттин иши — фактыларды келтирүү. […] Эгер Орунбеков кимдир бирөөнөн алган акчасын акташ үчүн иштеп жатса, анда айыпты ошолор төлөп берсин», — деген президент журналисттерди «айткан сөздөрүн электен өткөрүүгө» чакырып.

Орунбеков менен кыргыз бийлигинин ортосундагы келишпестиктер журналист макалаларынын биринде Атамбаевге жана дагы бир катар саясатчыларга 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыштар үчүн жоопкерчиликти жүктөгөндөн кийин башталган.

Башкы прокуратура ал үчүн Орунбековду сотко берип, ал өлкө башчысынын «ар-намысы менен кадыр баркын кемсинткендиги» үчүн Атамбаевге эки миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Журналист соттун чечими менен макул болбой, президентке анча акча төлөп бере албастыгын айткан. Ал айыпты төлөп берүү үчүн ар бир кишиден бир сомдон акча чогултуп баштаган.