Укук коргоочу Нурбек Токтакунов ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинткендиги үчүн президент Алмазбек Атамбаевге каршы дагы бир жолу доо арыз жазды.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов «дарегине айтылган кемсинтүүлөр» үчүн Атамбаевди экинчи жолу сотко берди — бул тууралуу юрист «Фэйсбуктагы» баракчасына жазды.

Токтакунов президенттин парламенттик шайлоодон кийин айткан сөздөрүнө нааразы — анда Атамбаев милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча Конституциялык палатага кайрылгандар «башка бирөөнүн буйрутмасын аткаргандыктарын» билдирген.

Юрист бул сөздөр үчүн Атамбаев менен буга чейин да соттошууга аракет кылган, бирок анда Биринчи май райондук соту анын доо арызын кабыл алуудан баш тарткан болчу.

«Алар өткөндө мен өлкө башчысынын айткандарынын мага тиешелүү экендигинин далилдерин көрсөтпөгөндүгүмдү айтып, доо арызымды кайтарым беришкен», — деп жазды Токтакунов.

Азыр юрист анын арызы каралат деп ишенет, анткени ал ага Конституциялык палатанын чечимин тиркеген — анда милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча доо арыз менен Токтакуновдун кайрылганы көрсөтүлгөн.

«Бир сөз менен айтканда сот доо арызды кайтарып берүүгө шылтоо тапкан. Бирок мен алар көрсөткөн кемчиликти жойдум, эми алар доо арызымды кабыл алууга милдеттүү», — деп жазды юрист.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Токтакуновдун доо арызы боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Биометриянын айланасындагы талаш-тартыштар

Атамбаев 2015-жылдын октябрынын башында өткөн парламенттик шайлоодон кийин шайлоо алдындагы процесс өлкөдө «абалды курчутуулар» менен коштолгонун билдирген.

«Өлкөдө абалды чайпалтууга чоң аракеттер болду. Конституциялык сотто ойногонго чейин барышты. Ал адамдар башка бирөөлөрдүн буйруктарын аткарып жатышат. Аларга шайлоо кайрадан эчки схема боюнча өтүп, анын митингдер, башаламандыктар менен коштолуп, өлкөдөгү абалдын туруксуздашы маанилүү болгон», — деп билдирген анда президент.

Анын сөздөрү парламенттик шайлоонун алдында киргизилген милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды топтоо чечимин жокко чыгаруу боюнча юристтер менен укук коргоочулардын аракеттерине жолдонгон.

Токтакунов милдеттүү түрдө биометрикалык маалыматтарды топтоого каршы чыккандардын бири болгон. Ал башка юристтер менен бирге маалыматтарды топтоо тууралуу мыйзамдын Конституцияга каршы келет деп табылышы үчүн Конституциялык палатага доо арыз жолдогон.

Бирок укук коргоочулардын аракеттерине карабастан Конституциялык палата ал мыйзамды Конституцияга ылайык келет деп тапкан.