Айжан Асемова мектепте окуп жүргөн кезинде эле Instagram социалдык түйүнүнүн популярдуулугунан пайдаланып баштаган. Учурда анын баракчасы 230 миңден ашык жазылуучулары менен популярдуулугу жагынан Кыргызстанда экинчи турат, биринчиде Эльдана Сатыбалдиева. Модель Kloop.kgге ийгиликтүү селфи жасоонун сырлары менен бөлүштү.

Селфи — фотопортрет же «өзүн өзү сүрөткө тартуу» — күн өткөн сайын бүткүл дүйнө жүзү боюнча популярдуулугун арттырууда: беш жаштагы балдардан тарта дүйнөлүк жылдыздарга чейин селфи жасоого кызыгып калышты.

Биздин буга чейинки селфи тууралуу видеобузда ырчы Аяна Касымова өзүн кантип сүрөткө тартуу жана тартпоо керектиги тууралуу өз пикирин билдирген болчу.  

Акыркы бир жыл ичинде селфи абдан массалык көрүнүшкө айлангандыктан, авторитеттүү «Оксфорд сөздүгүнүн» редакторлору анлгис тилиндеги selfie сөзүн 2013-жылдын сөзү деп аташкан.

«Англис тилинде бул сөз интернет-сленгдин чегинен чыгып, фотоавтопортрет деген сөздүн кеңири маанисин түшүндүрүп калды», — деп билдиришкен анда сөздүктүн редакциясынан.

Бул жаңы көрүнүштүн популярдуулугу тууралуу ишенимдүү айтуу үчүн анын кантип дүйнөнүн эң таасирдүү саясатчыларына чейин жеткендигин көрүү гана жетиштүү:

АКШнын президенти Барак Обама, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана Даниянын экс-премьер-министри Хелле Торнинг-Шмитт.
АКШнын президенти Барак Обама, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жана Даниянын экс-премьер-министри Хелле Торнинг-Шмитт.
Орусиянын президенти Владимир Путин, орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев жана популярдуу орусиялык аткаруучу Тимати.
Орусиянын президенти Владимир Путин, орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев жана популярдуу орусиялык аткаруучу Тимати.

Же болбосо 2014-жылкы «Оскар» сыйлыгынан кийин голливуд жылдыздары тартылган төмөндөгү популярдуу селфини көрүү жетиштүү — бул сүрөт жарыялангандан кийинки жарым сааттын ичинде эле аны эки миллион жолу ретвит кылышкан.

el

«Ийгиликтүү селфинин сырлары» чыгарылышынын бүгүнкү каарманы Instagramдын Кыргызстандагы эң популярдуу баракчаларынын биринин ээси Айжан Асемова болду.

Азыр кыздын баракчасындагы жазылуучулардын саны 236 миң колдонуучуну түзөт — ал популярдуулугу боюнча социалдык түйүндүн кыргыз юзерлеринин арасында курбусу Эльдана Сатыбалдиевадан кийинки экинчи орунда турат.

Kloop.kgнин кабарчысы Эльнура Алканова селфи үчүн Айжандын кантип жакшы образдарды түзөрүн жана өз жазылуучулары менен кандай сырларын бөлүшүүгө даяр экенин билүү чечимине келген.

Эльнура Алканова, Kloop.kg: Айжан, бүгүнкү күндө сенин Instagramдагы баракчаңда 220 миңден ашык жазылуучу бар, сен кандай жол менен Кыргызстандагы эң популярдуу кыздардын бири болууга жетише алдың?

Айжан Асемова: Чынында мен бул үчүн атайылап эч нерсе деле кылган жокмун. Мен жөн гана сүрөткө түшкөндү жактырам жана аларды дайыма баракчама чыгарып турам. Алгач мен [Instagramга] үч жыл мурда катталгам — анда менин башка баракчам бар болчу, андан бери дагы бир нечесин атым, ал эми менин учурдагы баракчама бир жылдан ашты. Күнүнө чыга турган сүрөттөрдүн саны менин өзүмдү кандай сезип турганыма жараша болот (күлүп).

Мисалы, мен эртең менен өзүмдү сергек сезип жеңил турсам, анда бойонбойм — бир күн бою сүрөткө түшө берем. Ал эми уйкум канбай калгандай болуп өзүмдү алсыз сезип турсам, анда ал күнү сүрөттөр чыкпайт. Бирок бир жолу Малайзияда түнү бою жол жүрүп, өзүмдү жаман сезип турсам да жакшы сүрөттөргө түшүп аларды баракчама жайгаштырган болчумун.

1. VSCOcam программасын пайдалангыла

2. Контрастуулук менен ачыктуулугун жөндөгүлө

3. Көбүрөөк жылмайгыла

Э.А.: Instagram сени эмнеси менен кызыктырат? Өз убактыңды кайсыл социалдык түйүндө көп өткөрөсүң?

А.А.: Мен башка социалдык түйүндөрдө дээрлик отурбайм деле. Instagram — бул эмне менен алек болуп жаткандыгыңдан тарта бардык нерселерди оңой эле жайгаштырууга мүмкүн болгон жөнөкөй нерсе. Мында бардык досторуңа касыл жакта, ким менен жүргөндүгүң сыяктуу нерселер тууралуу кабар берип турасың. Бул түйүндүн жөнөкөйлүгү анда сүрөттөр гана болуп, башка ашыкча нерселердин баарынын жоктугунда.

Э.А.: Сага селфи жасоо эмнеси менен жагат жана аны канчалык деңгээлде көп жасап турасың?

А.А.: Мен селфи жасоодо эч качан алдын ала бир нерсе кылып даярданбайм. Атайылап чайынмага барып, же атайын боенуп, кийинбейм, тактап айтканда, баары табигый түрдө болот. Болгону күнүмдүк окуялардын жүрүшүндө мен телефонумду алып, өзүмдү өзүм сүрөткө тартам. Ар бир адамдын табити ар түрдүү эмеспи, кимдир бирөөнө ачык, жеткилең сүрөттөр жагат, а мага болсо сүрөттөрдөгү кыйла жумшак түстөр жагат. А башкалар ак-кара түстө селфи жасоону жактырышы мүмкүн. Биз ар бирибиз ар башкабыз жана биздин табиттерибиз да ар түрдүү.

1. Retrica программасын пайдаланбагыла

2. Өз стилиңерди кармангыла

А.А.: Мага бир селфи үчүн орточо эсеп менен он мүнөт убакыт талап кылынат. Качан мага өзүмдүн көрүнүшүм жагып турганда, мен кечке эле сүрөткө түшө берем. Кээ бирде сүрөттөрдүн саны беш жүзгө чейин жетип кетет — мен алардын арасынан он чактысын тандап алам, андан соң ал онунун арасынын бир нече мыктысын алам да баракчама жайгаштырам. Мен өзүмдү өзүм сүрөткө тартып жатканда кайсыл капталыман жакшыраак көрүнө тургандыгыма көңүл бурам — негизинен өзүмдү оң капталыман сүрөткө тартат экенмин. Сөзсүз эле түрдө косметика пайдаланып, ага жарым күн убакыт коротуу керек эмес. Башкысы — бул сергектик, жакшы сырты көрүнүшүң жана жылмайю.