Ырчы Аяна Касымова Kloop.kgнин кабарчысына ийгиликтүү селфи жасоонун сырлары тууралуу айтып берди — азыр Касымованын Instagramдагы баракчасында 44 миңден ашык жазылуучулары бар.

Селфи — өзүн өзү сүрөткө тартуу — дүйнөдө күн өткөн сайын популярдуу болуп барат. Аны баардыгы — беш жаштагы балдардан тарта дүйнөлүк жылдыздарга жана ачык космостогу астронавтарга чейин жасашат.

Селфи эбак эле кадыресе интернет көңүл ачууларынын рамкасынан чыккан, ал мезгил-мезгили менен чуулуу жаңылыктарга себеп болуп келет.

Алардын арасынан голливуд жылдыздарынын 2014-жылкы «Оскарды» тапшыруу салтанаты маалында топтолуп түшкөн белгилүү селфисин эстесек болот — ал «Твиттерге» жайгаштырылган алгачкы сааттын ичинде эле аны дээрлик эки миллион колдонуучу ретвит кылган.

el

Ушул эле жылы постсоветтик өлкөлөрдүн аймагында селфи жаңылыкка себеп болгон — өткөн жайында Орусиянын Ички иштер министрлиги кантип коопсуз селфи жасоо тууралуу кыскача колдонмо чыгарган.

selfie_new2

Салттуу түрдө селфилерди жайгаштыруу үчүн башкы аянтча болуп Instagram сервиси эсептелет. Kloop.kgнин кабарчысы Эльнура Алканова Кыргызстандын эң популярдуу Instagram-колдонуучуларынан алардын ийгиликтүү селфи жасоо сырларын билүүнү чечти.

Алгачкылардан болуп селфи жасоо сырлары менен ырчы Аяна Касымова бөлүштү — анын Instagramдагы аккаунтунда азыр 44 миңден ашык жазылуучусу бар.

Эльнура Алканова, Kloop.kg: Аяна, учурда сенин Instagramдагы аккаунтуңда кырк миңден ашык жазылуучуң бар. Социалдык тармактарда мынчалык популярдуулукка качан жетишкениңди айтып берсең?

Аяна Касымова: Мен мынчалык популярдуу болом деп деле ойлогон эмесмин. Алгач ал жакка эки жыл мурун катталгам. Бир жолу классташтарымдын: «Аянанын он беш жазылуучусу бар экен, куттуктайбыз!» деп шылдың кылгандары эсимде. Качан мен «Артист» шоусуна катышып жатканда меники жабык профиль болчу. Шоудон кийин дароо эле толтура сурамдарды ала баштадым. Кийинчерээк «Сүрөтүңө» деген ырды ырдап чыктым да жазылуучуларымдын саны андан да арбыды.

Э.А.: Селфинин биздин өлкөдө да популярдуу болуп калганы баарына эле белгилүү, сүрөткө түшүүнүн бул түрү сенин жашооңо канчалык деңгээлде кирди деп ойлойсуң?

А.К.: Чынында мен селфини көп деле жасабайм. Бул менин сүрөттөрдө анча болбой калышыма байланыштуу го деп ойлойм. Мен жасаган селфилердин бир аз бөлүгү гана жакшы болот, мен ал сүрөттөрдү Instagramга жайгаштырам. Социалдык түйүндөрдө сын-пикирлер абдан көп болот, көптөгөн терс пикирлерин жазышат, бирок жакшылары кыйла көп деп ойлойм.

1. Эриндериңерди мурчуйтпаганга аракет кылгыла
2. Эффекттер аз, табигыйлуулук көбүрөөк болсун
3. Сууга түшүүчү кийимдер менен сүрөткө түшүүдөн качууга аракеттенгиле

Э.А.: Селфи жасоодо эмнелерди колдонбоо же кандай кылбоо кеңештерин берет элең?

А.К.: Мен кыздардын эриндерин атайылап мурчуйткандыктарын жактырбайм. Менимче, ал «Дакфейс» деп аталат. Өтө жасалма көрүнөт жана абдан кыжырымды келтирет.

Мага дагы сууга түшүүчү кийимдер менен сүрөткө түшкөн жакпайт жана башкаларга да андай кылбоо кеңешин берет элем. Мен өзүмдү сууга түшүүчү кийим менен сүрөткө тартып, аны социалдык түйүндөргө жайгаштыра турган кишилерден эмес окшойм. Анан да мага өтө эле көп фильтрлерди пайдаланган жакпайт — анда эффекттерден улам сенин жүзүң дээрлик көрүнбөй калат.

1. Ачык элементтин болуусу
2. VSCOсam программасын колдонуу
3. Көбүрөөк жылмаюу

Э.А.: Ийгиликтүү селфи үчүн колдонгон сырларың менен бөлүшө кетсең. Жакшы сүрөт болушу үчүн кандай кеңештерди бересиң?

А.К: Мен образга көңүл буруп, же сүрөт үчүн кандайдыр бир образ түзүү керек деп эсептейм. Маселен, бир ачык элемент тандап алууга болот. Мен акыркы сатып алган нерсемди аябай жакшы көрөм — ал кочкул кызыл түстөгү ооз боек жана аны менен менин селфидеги эриндерим ачык болуп көрүнөт. Кээ бирде ал ооз боек жарашпайт экен деген терс пикирлерди алам, бирок башкысы ал мага жагышы керек. Ачык образды тандагандан кийин мен көптөгөн сүрөттөргө түшүп, алардын арасынан бир нечесин тандап алам. Аларды мен VSCOcam программасынын  [сүрөттөрдү редактирлөө үчүн тиркеме] жардамы менен иштеп чыгам, бирок ошол эле маалда мен абдан аз эффект пайдаланып, болушунча натуралдуулук болушуна басым жасайм. А инстаграмдын эффекттерин дээрлик колдонбойм. Эң башкысы — бул албетте дайыма жылмаюу.