Ош облусунун Кара-Суу районунда 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү эки жер силкинүү катталды. ӨКМдин маалыматы боюнча, жаракат алгандар жок.

Тема боюнча: Кыргызстандын түштүгүндө эки жер силкинүү катталды, курмандыктар жок, үйлөрдө жаракалар пайда болду

IMG_1779

IMG_1754

Биринчи силкинүү 17-ноябрь күнү кечинде саат 23:29да болду, анын очогу Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, күчү 7 баллды түзсө, Ошто — 6, Өзгөндө — 5-6, Жалал-Абадда — 4-5 баллды түзгөн.

IMG_1780

IMG_1737

IMG_1781

Экинчи жер титирөө ошол эле аймакта 18-ноябрда саат 02:03тө катталып, силкинүү күчү 4 баллды түзгөн. Ошто 2-3 балл, Лангарда — 3,8, Кара-Сөгөттө — 3,5 жана Баш-Булакта 3 балл болду.

IMG_1726

IMG_1771

IMG_1782

“Алай районун бир нече айылдарында турак үйлөрүндө жана короо сарайларынын дубалдарында майда жаракалар пайда болгон. Кара-Суу райондорундагы Кызыл-Суу айылдык аймагына караштуу Чайчи айылында 4-5 турак жайдын айрым дубалдары көчүп түшкөн”, — деп билдирет өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

IMG_1783

IMG_1744

IMG_1784

Kloop.kgнин кабарчысы аталган айыл тургундары менен байланышып, жер титирөөдөн кийинки абалды билип көрүүнү чечкен. Кара-Суу районунун Чайчи айылынын тургуну Акбермет Осмонова кырсыктан үй-бүлөсүндө эч ким жаракат албаганын, бирок үйү жараксыз абалга кептелгенин билдирди.

IMG_1785

IMG_1775

IMG_1763

“Өтө корккондуктан кан басымым жогорулап кетти. Жашаганга эч кандай мүмкүнчүлүк болбой калды. Келин алабыз, кыз беребиз деп үйүбүздү жаңы эле оңдогон элек. Эч нерсебиз калган жок. Топурак менен үйдөгү буюмдар аралашып жатып калды. Кечинде машинада түнөп, жаш балдарыбыз менен кыйналдык”, — деп айтып берди Осмонова Kloop.kgнин кабарчысына.

IMG_1786

IMG_1761

IMG_1787

ӨКМнин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов Kloop.kgге жер титирөөдө тургундардын ден-соолугуна зыян келбегенин, азырынча канча үй жарактан чыкканы боюнча маалымат бере албастыгын айтты.

IMG_1788

IMG_1776

IMG_1756

“Азыр жер-жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министирлиги Кубатбек Борооновдун тапшырмасы менен атайын ыкчам топтор, жарандык коргоо комиссиялары кырсык болгон аймактарда иштеп жатышат. Алар 17:00гө чейин келип, министрге өздөрүнүн аткарган жумушу боюнча отчёт беришет”, — деп билдирди Бекилов.

IMG_1791

IMG_1777

IMG_1790

Сүрөт: Чайчи айылынын тургуну Бексултан Эрмамат уулу