17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунун Кара-Суу районунда эки жер силкинүү катталды. ӨКМдин маалыматы боюнча, жаракат алгандар жок, бирок Ош шаарынын жана анын айланасындагы үйлөрдүн кээ бирлеринде жаракалар пайда болгон.

Биринчи силкинүү 17-ноябрь күнү кечинде саат 23:29да болду, анын очогу Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп, күчү 7 баллды түздү, Ошто — 6, Өзгөндө — 5-6, Жалал-Абадда — 4-5.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин болжолдуу маалыматтары боюнча, курмандыктар жок. Учурда Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондору боюнча жарандык коргоо комиссиялары келтирилген материалдык зыяндарды эсептеп жатышат.

«Анда катуу кыйроолор жок, кээ бир үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон», — деди ӨКМдин басма сөз катчысы Эльмира Шерипова.

Мекеменин билдирүүсү боюнча, Кара-Суу районундагы Чайчи айылында төрт же беш үйдүн дубалдары ураган. Ошто болсо милиция бөлүмүндөгү кафелдер түшүп, Терешкова атындагы №52 орто мектептин дубалдары зыянга учураган.

Экинчи жер титирөө ошол эле аймакта 18-ноябрда саат 02:03тө катталып, силкинүү күчү 4 баллды түзгөн. Ошто 2-3 балл, Лангарда — 3,8, Кара-Сегетте — 3,5 жана Баш-Булакта 3 балл болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, анын жыйынтыгында кыйроолор жана жаракат алгандар жок.

Sputnik интернет басылмасы жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы бир нече үйдүн терезе айнектери талкаланып, убактылуу электр жарыгы өчүрүлгөнүн билдирүүдө. Жарык жарым саатка жакын жок болгон.

Соавтор: Эвелина Зайцева.