«Эмне көйгөй? Бала мамлекеттин бир нече миллионун үнөмдөптүр… Эптеп эле уурдап алды деш керек… Бузуку силер деле бул макаланы интузиазм үчүн жазбай элесиңер да. Силердин айлыгыңар канча? Кандай үйдө жашайсыңар? Кардай унаа тээп жүрөсүңөр? Анын баары үчүн кайдан акча иштеп таптыңар?

Силердин оюңарча артында эч нерсеси жок Жаныбек деген бирөө 3 миллионго товар жеткирип берүүгө кудуреттүүбү?!

Ушинтип алаңгазарлык менен клавиатураны баскылагандар жинди келтирет да»

Парламент тарабынан 3 млн. сомго килем сатылып алынгандыгы тууралуу макалабызга Galax Limited компаниясынын башкы директору Тимур Иманалиев мына ушундай реакциясын билдирди.

Макалага карата башка реакциялар да болду. Алсак, Калыс Осмонов аттуу колдонуучудан:

«Kloop, силер азаматсыңар! Мындай иликтөөлөр көп болсун!»

Жалпысынан ал макаланы биздин сайттан жана «Фэйсбуктан» 20 миңден ашык киши көргөн. «Вечерка», «Заноза» жана «Фергана» ал макалага шилтемелерди өз сайттарына жайгаштырышкан.

Мына ушундай карама-каршы реакциялар. Макаланы жарыялардын алдында аны чыгаруу керекпи же жокпу деп биз да көпкө талашып-тартышканбыз.

Бир жагынан алганда чиновниктин 22 жаштагы уулунун 3 миллиондук аукциондо жеңип чыгышы мыйзамдуу сыяктанат — парламент тендер өткөрдү, анан эң төмөнкү бааны сунуштаган компания утту.

Бирок ал деген парламент имаратын жаңы чакырылышка даярдоо үчүн жарыяланган тендер болчу да, андан арткан акчага депутаттар үчүн чуулуу креслолордун дээрлик бардыгын сатып алууга мүмкүн болчу.

«ФУТУРО» компаниясы мамлекеттик буйрутмаларды аткаруу менен алектенип келген, бирок ал аткарган эң чоң буйрутманын суммасы килем сатып алуу боюнча тендерде көрсөтүлгөн суммадан дээрлик 20 эсе аз болгон. Ошондой эле ал компаниянын качандыр бир кездерде мамлекетке килем саткандыгы тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Анан да биз интернеттен кимдир бирөө буга чейин «ФУТУРОдон» килем сатып алгандыгы тууралуу бир аз да маалымат таба алган жокпуз.

002_kovry

Тендер 100% мыйзамдуу өттү деп коелу.

Таланттуу жаш ишкер атаандаштары сунуштаган баадагы товардан бир жарым эсеге арзанын сунуштай алып, буга чейин килемдерди үч эсе кымбат сатып алып келген мамлекеттик бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин «аңкоолугунан» пайдаланып жүргөн тажрыйбалуу килем сатуучулардан озуп чыккан болушу мүмкүн.

Мунун бардыгы жеңүүчүнү өзү тандай турган тендер өткөрүүнүн автоматтык системасынын аркасы менен.

Эмнеге мындай баш айланткан ийгилик тарыхын сүрөттөп берүүгө болбосун?

Биз ал жаш ишкерге телефон чалдык, бирок ал бизнес үлгүсүнүн кандай иштей тургандыгы боюнча биз менен талкуу жүргүзүүдөн баш тартты.

Макаланы жарыялар алдында бизде абдан көп суроолор пайда болду. Биз журналисттин колунан келе турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаландык. Ооба, биздин окурманыбыз туура баамдагандай, биз каржы полициясы эмеспиз. Бизге жооп берүүгө эч ким милдеттүү эмес.

Андыктан биз окурмандарыбыздын арасында бул иш боюнча көбүрөөк билген кимдир-бирөө бардыр деген үмүт менен жөн гана макаланы жарыяладык. Чынында эле ошондой болуп чыкты жана биз анын баарын жазып чыгабыз.

Бирок биз тендердин таза жана ачык өткөнүнө абдан ишенгибиз келет. Биз ишкер Нукеш уулун түз эфирибизге келип, ийгиликтүү бизнес жүргүзүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшүп кетүүгө чакырабыз.

Албетте, ал мындан баш тартышы мүмкүн, бирок анда биз шектенүүлөрүбүздү жана калгандардын баарына ыңгайсыз суроолорду узатуубузду уланта беребиз.

Эгер сиздерге Клооптун жасап жаткан иштери жакса, анда биздин «Фэйсбуктагы» баракчабызга жазылыңыздар.

Анан да биздин ар бир окурманыбызда биз менен бирге журналисттик иликтөөлөрдү жасоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгер сиздер коррупциядан тажап, Кыргызстанды жакшыртууну кааласаңыздар биздин иликтөөлөрүбүзгө кошулуңуздар.

Ал жөнөкөй гана үч кадам менен ишке ашат.