Каржы министрлигинин алдындагы Борбордук казыначылыктын директорунун орун басарынын 22 жаштагы уулу Бекжан Нукеш уулунун компаниясы парламент имаратына 3 млн. сомго жаңы килемдерди жеткирүү тендерин утуп алган.

Мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталындагы маалыматтар боюнча, 2015-жылдын 30-сентябрында парламент имаратына килемдерди сатып алуу боюнча жарыяланган тендердин жеңүүчүсү болуп «ФУТУРО» ЖЧКсы жарыяланган.  Бул максат үчүн бюджеттен 5 млн. сом бөлүү каралганы менен аталган компания килемдерди 3 млн. сомго жеткирүүгө даяр экенин билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасына ылайык, «ФУТУРО» 22 жаштагы Бекжан Нукеш уулуна таандык. Документтер боюнча, ал компанияны 2011-жылдын декабрында, 18ге толгондон бир нече ай өткөндөн кийин каттоодон өткөргөн.

Бекжан Нукеш уулу — Каржы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыктын директорунун орун басары Нукеш Кожобергеновдун уулу.

Уюмдаштыруу документтери боюнча, «ФУТУРО» ЖЧКсы «башка түрдүү товарларды дүңүнөн сатуу» менен алектенет, Туңгуч кичи районундагы 4-үй, 76-батир дарегинде катталган.

Бул юридикалык дарек Кожобергенов менен уулу Бекжан катталган даректер менен туптуура дал келет — мындай маалыматтар Мамлекеттик салык кызматынан алынган электрондук көчүрмөдө көрсөтүлгөн.

Skrinshot-27.10.2015-104102

Skrinshot-27.10.2015-104011

«Ачык бюджет» порталындагы маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы «ФУТУРОго» 2,77 млн. сом которгон — ал килемдерди жеткирүү боюнча келишимде көрсөтүлгөн сумманын 90 пайызга жакыны.

Бул сумма эки жолку төлөм менен которулган: алгач аванс катары 50 пайызы — 1,5 млн. сом, андан кийин дагы 1,27 млн. сом. Аванстык төлөмдүн эмне себептен жарыяга ылайык эмес, а 30 пайыздан жогору болгондугу белгисиз.

Азырынча чиновниктин уулунун компаниясынын эсебине калган сумманын которулар-которулбасы белгисиз.

Чиновниктин 22 жаштагы уулунун 3 млн. сомдук тендерде утуп чыгышы канчалык мыйзамдуу?

Чынында, мыйзамдуу эле.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын «Кызыкчылыктардын кагылышы» беренесине ылайык, чиновниктердин белгилүү бир категориясы менен алардын туугандары гана салынган тыюуга туш келишет.

Эгерде берүүчүнүн (подрядчынын) түзүүчүсү жана (же) катышуучусу саясый мамлекеттик, саясый муниципалдык, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары болсо, сатып алуучу уюм бул берүүчү (подрядчы) менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактык макулдашууну түзө албайт.

«Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, чиновниктердин кызматы эки типке бөлүнөт — саясий жана административдик.

Алардын айырмасы эмнеде?

Эгер кыска айтсак, саясий кызматтагылар — бул президент, парламент жана премьер-министр тарабынан дайындалгандар, а административдык кызматтагылар — калган бардык чиновниктер (министрлердин орун басарлары, мамлекеттик органдардагы бөлүм башчылар, адистер жана башкалар).

Борбордук казналыктын директорунун орун басары — саясий эмес, а административдик кызмат. Ошондуктан ал салынган тыюулар туш келбейт.

«Кызыкчылыктардын кагылышыбы»?

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өкмөттүк бөлүмдүн жетекчиси Тилек Саякбаев жеке пайда табуу чечимдердин кабыл алынышына таасир эткен учурларда кыргыз мыйзамдары «кызыкчылыктардын кагылышы» маселелерин көзөмөлдөбөйт деп ишендирүүдө.

«Эгер ал директордун орун басары Жогорку Кеңештин түздөн-түз кызматкери болсо анда башкача болмок. Бирок анын башка мекеменин кызматкери экендигин эске алганда — мындай учурлар кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндөгү мыйзамда жазылат —а азырынча бизде ал жок», — деди Саякбаев.

Анын айтымында, бул учурда кызыкчылыктардын кагылышы кызмат үчүн төлөмдөр бөлүгүндө болушу мүмкүн.

«Мен үчүн кызыкчылыктардын кагылышы [жеткирүүчүгө] буйрутманын суммасынын 50 пайызы төлөнүп берилгендигинин анын атасы менен аффилирленгендигине байланышы барбы-жокпу дегенде жатат», — деди ал.

Саякбаев «бул учурдун этикалык жагына баа бериши керек болгон» акыркы орган Мамлекеттик кадр кызматы болорун айтты. Түшүндүрмө алуу үчүн Кадр кызматынын басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

«А мунун менин ишиме кандай байланышы бар?»

Бекжан Нукеш уулу Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефондук маегинде «ФУТУРО» компаниясы ага таандык экенин жана алар килемдерди жеткирүү боюнча парламенттин буйрутмасын «аткаргандыктарын» ырастады.

«Албетте, [биз тендерге катышканбыз], биз [парламентке килемдерди] жеткирүүнү аткардык», — деди ал.

Качан Kloop.kgнин кабарчысы жаш ишкерге анын атасы тууралуу суроо узатканда ал так жооп берген жок — Нукеш уулу Нукеш Кожобергенов менен тууган экенин ырастаган да, четке каккан да жок.

«Жок, а эмнеге… [Кожобергеновдун ысымынын] менин ишиме кандай байланышы бар?» — деп суроо салды Нукеш уулу. Ал андан ары маекти улантуудан баш тартып, электрондук дарегине кат жазуубузду өтүндү.

Kloop.kgнин кабарчылары Кожобергеновдун өзү менен да байланышууга аракет кылышты, бирок ал түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болуп чыкты — анын кеңсесиндеги телефонду эч ким алган жок, а Борбордук казыналыктын кабылдамасынан анын «жыйында» экенин билдиришти.

Парламенттин Иш башкармалыгынын Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү бул маселе боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Мамлекеттик органдардын буйтурмаларын биринчи жолу аткарышы эмес

Парламентке килемдерди жеткирүү тууралуу билдирүү өз ичине квалификациялык талаптарды камтыйт. Аларга ылайык, буйрутманы аткаруучу тарап товардын мындай түрүн жеткирүү тажрыйбасына ээ болушу керек.

Килемдерди жеткирүү тендери үчүн квалификациялык талаптар. Белгисиз себептер менен талаптар аягына чейин бүткөн түргө келтирилген эмес.
Килемдерди жеткирүү тендери үчүн квалификациялык талаптар. Белгисиз себептер менен талаптар аягына чейин бүткөн түргө келтирилген эмес.

Тендердик жарыялардын архивдерине ылайык, буга чейин «ФУТУРО» мамлекеттик органдар үчүн килемдерди жеткирүү менен эч качан алектенген эмес. Ал эми тендердин башка катышуучусу — жеке ишкер Аскар Муханов — ушул жыл ичинде эле Бишкек мэриясы менен Боршайкомго килемдерди жеткирүү боюнча эки буйрутманы аткарган.

Бирок «ФУТУРО» мамлекеттик органдарга башка товарларды жеткирүү тажрыйбасына ээ болгон.

Нукеш уулунун компаниясы негизделгенден алты ай өткөндөн кийин эле маморгандарга кызмат көрсөтүп баштаган — алгачкы аткарган буйрутмасы 2012-жылдын майында №21 республикалык атайын мектепке 23 миң сомго азык-түлүк жеткирүү болгон.

Ал кезде Бекжандын атасы Борбордук казыначылыкта иштечү эмес — ал Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын начальниги кызматын ээлеп турган.

Алгачкы жеткирүүсүнөн кийин «ФУТУРО» бир канча убакыт мамлекеттик буйрутмаларды аткарууга катышпай калган, бирок кийин кайрадан — 2014-жылдын сентябрынан тарта — мамлекеттик органдарга товарларды жеткирип баштаган. Ал жолкусунда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленинский айылындагы медициналык борборго.

Расмий маалыматтарга ылайык, «ФУТУРО» тогуз айдын ичинде аталган медборборго 182 миң сомго эмерек жеткирген. Ал каражат Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун бюджетинен бөлүнгөн.

Skrinshot-27.10.2015-104506

Ошондой эле 22 жаштагы ишкердин компаниясы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 1,5 млн. сомго өсүмдүк майын жеткирүүгө белсенген, бирок кыйла пайдалуу сунуш үчүн болгон жарышта жеңилип калган.

2 млн. сом үнөмдөлгөн

Нукеш уулунун компаниясы килемдерди жеткирүү боюнча кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган — бул максаттар үчүн каралган 5 млн. сомдун ордуна «ФУТУРО» килемдерди 3 млн. сомго, дээрлик 1,5 эсеге арзан сатып келүүнү сунуштаган.

Иш жүзүндө мамлекеттик бюджет 2 млн. сом үнөмдөгөн.

Салыштыруу үчүн айтсак, парламенттин иш башкармалыгы депутаттар үчүн креслолорду сатып алууга 2,6 млн. сом коротууну пландаган болчу.

Бирок эгер килемдерди 2 млн. сомго арзан сатып алуугу мүмкүн болсо, анда эмнеге Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы тендер жарыялоодо аны эске алган эмес?

Калган атаандаштар товардын баасын анчалык деле төмөндөтүшкөн эмес. «ФУТУРОну» эсептебегенде пайдалуулугу жагынан экинчи сунуш килемдерди дээрлик 4,3 млн. сомго сатып келүү болгон.

Билдирмелерди ачуу протоколу.
Билдирмелерди ачуу протоколу.

Нукеш уулунун компаниясы үчүн парламентке килемдерди 1,5 эсеге арзан жеткирүүнүн канчалык пайдалуу экендиги түшүнүксүз бойдон калууда.

Жеңүүчүнү система тандайт

Каржы министрлигинин басма сөз катчысы Назарбек Малаев Kloop.kgге курган маегинде 2015-жылдын апрелинде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын киргизилиши менен тендердин бардыгы тең мамлекеттик сатып алуулар порталынын электрондук системасы аркылуу гана өтүп жатканын айтты.

Анын айтымында, аталган система тендердик документтерди өзү топтоп, өзү ачып, кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеткирүүчү компанияларды тандайт.

«Система [тендердин] жеңүүчүсүн өзү тандайт. Мурда сатып алуучу уюм тендердик комиссияны түзүп, билдирмелерди өзү топтоп, аларды өзү ачкан башка система болчу — анда баары колго жасалчу. Азыр жеткирүүчү компаниянын өзүнөн башка тендердик билдирмелерде эч ким эч нерсени өзгөртө албайт», — деп билдирди Малаев.

Ал кайсыл бир чиновниктин жеткирүүчү компания менен байланышы бар болгон күндө да ал баары бир тендердин жыйынтыктарына таасир эте алмак эместигин кошумчалады.

Видео: Жогорку Кеңешке килемдерди сатып алуу тууралуу бишкектиктердин пикири (сурамжылоо)

Парламенттин жаңы чакырылышка «чуулуу» даярдыгы

Килем сатып алуу боюнча жарыяланган тендердин жыйынтыгы 30-сентябрда жарыяланган. Андан бир апта өткөн соң мамлекеттик сатып алуулардын сайтында депутаттар үчүн 120 кресло сатып алуу боюнча парламенттин дагы бир жарыясы пайда болгон.

Килем сатып алуу боюнча тендердин суммасы бир топ эле чоң болгондугуна карабастан кресло сатып алуу демилгеси интернет колдонуучулардын арасында көптөгөн нааразычылыктарды жаратып, килемдердин алынышы дээрлик байкоосуз калган.

Жыйынтыгында парламент жарыянын төрага Асылбек Жээнбеков менен макулдашпастан жайгаштырылгандыгын билдирип, креслолорду сатып алуудан баш тарткан.

Авторлор: Улугбек Акишев, Анна Лелик жана Эльдияр Арыкбаев.