№50 тергөө абагынын кызматкери Тилек Абылгазиев ооруканада каза болду. Ал беш күн мурда абактан качкандардын колунан катуу жарадар болгон.

Абылгазиев — Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын 43 жаштагы полковниги — 16-октябрга караган түнү көз жумду, бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазды.

«Анын сөөгү борбордук аппараттын өкүлдөрү менен №50 тергөө абагынын кызматкерлеринин коштоосунда кичи мекени Нарын облусуна жеткирилет», — деп жазды басылма.

Абылгазиевдин артында жубайы жана үч баласы калды. Ал бир нече күн мурда абактан качып кеткен кылмышкерлерди колунан көз жумган түрмөнүн төртүнчү кызматкери.

12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы абактан тогуз кылмышкер качып кеткен болчу. Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлгөн, а калган төртөө дагы деле эркиндикте жүрүшөт.

Кийинчерээк Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү кылмышкерлер качкан маалда тергөө абагында электр жарыгы болбогондугун билдиришкен — болжолдуу маалыматтар боюнча, кылмышкерлер электр энергиясын өзүлөрү өчүрүшкөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет абактан качкандар тууралуу маалымат үчүн 300 миң сом берүүнү убадалаган — атайын кызматтагылар билдиришкендей, качкан кылмышкерлердин террористтик ишмердүүлүктөргө тиешелери бар болгондуктан алар өзгөчө коркунуч жаратуулары мүмкүн.

12-октябрда премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөргөн чукул жыйында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыралиевден баштап кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол берген күзөтчүлөргө чейин «жоопкерчиликтерин карап чыгууну» тапшырган.

«Кылмышкерлердин качып кетүүсү фактысы боюнча кылмыш иши козголду, комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү иштери жүрүүдө, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Сариевдин тапшырмасынан кийин түзөтүү жайларындагы мыйзамдуулукка көз салуу прокуратурасы №50 тергөө абагынын кызматтык адамдарына каршы «шалаакылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.