Кылмышкерлер Төмөнкү Нооруздагы абактан качкан маалда ал жакта электр жарыгы жок болгон, деп билдирди Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Башкы ыкчам режимдик башкармалыгынын начальниги Саламат Абдиев. Анын айтымында, электр жарыгын качып кеткен кылмышкерлер өзүлөрү өчүрүшкөн.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын Башкы ыкчам режимдик башкармалыгынын начальниги Саламат Абдиев 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү тогуз кылмышкер качып кеткен Төмөнкү Нооруздагы абакта жарым сааттай электр жарыгы жок болгонун билдирди.

«[Качып кеткендер] жарыкты өзүлөрү өчүрүшкөн. Ал маалда абакта жарым сааттай убакыт электр жарыгы болгон эмес. Генераторлор бар, бирок алар айлананы жарык кылуу үчүн гана пайдаланылат», — деди Абдиев.

Анын айтымында, абак видеокамералар менен жабдылган, бирок алар эки аптадан бери иштебей эле болчу — «системдик блогу күйүп кеткен». Саламат Абдиев электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөрдөн улам абактагы камералар тез-тез жарактан чыгып келгенин айтты.

Андан сырткары Абдиев кылмышкерлер абактан административдик имарат аркылуу качкандыктарын кошумчалады — анда алар терезедеги темир торду сындырышкан. Андан соң кылмышкерлер абактын кызматкерин «кыйнап», анын автоунаасын айдап качышкан.

ЖАМКнын Башкы ыкчам режимдик башкармалыгынын начальниги качып кеткендер үч түрдүү камерада кармалып тургандыктарын жана өз ара эч кандай байланышка ээ эмес болгондуктарын айтты. Алардын качуу планын кандай жол менен координация кылгандыктарын ал билбейт.

12-октябрда премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөргөн чукул жыйында Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыралиевден баштап кылмышкерлердин качып кетүүсүнө жол берген күзөтчүлөргө чейин «жоопкерчиликтерин карап чыгууну» тапшырган.

Андан соң түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукка көз салуу боюнча прокуратура «шалаакылык» беренеси менен №50 абактын кызматтык адамдарына каршы кылмыш ишин козгогон.

11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 абактан тогуз кылмышкер качып кеткен. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшүп, дагы бирөөсүн жарадар кылышкан. Андан сырткары күзөт кызматы да качып бара жаткан кылмышкерлердин бирөөсүн жарадар кылгандыгы кабарланууда.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматы боюнча, качып кеткендердин экөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган, а калгандарынын иши тергөөдө болгон. Алардын бардыгы тең диний экстремизмге айыпталып жатышат.