Өзүнүн жалгыз уюштурган пикеттери менен белгилүү активист Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдында акция өткөрдү. Ал наарачылык өнөктүгүнө «колхоздогу саанчы аялдын» образында чыгып, депутаттарга сентябрь айы үчүн айлыктарынын төлөнбөшүн талап кылды.

Токтонасыровдун нааразычылык акциясы 23-сентябрда Ак үйдүн алдында өттү — активист пленардык жыйындардын өтпөй жаткандыгына карабастан депутаттардын сентябрь айы үчүн айлыктарын ала тургандыктарына нааразы.

«Кыргызстандагы бардык карыларды топтоп, алардын [депутаттардын] кийинки чакырылышка өтпөсүн деп иш таштайбыз, анткени алар элдин ишенимин кыйратышты», — деп билдирди Токтонасыров.

Бул акциясын активист «колхоздогу саанчы аялдын» образында өткөрдү — Токтонасыров өзүнүн өзгөчө стилдеги жалгыз уюштурган акциялары менен белгилүү.

«Мен өмүр бою колхоздо саанчы болуп, кант кызылчасында иштедим, а алар болсо эч нерсе кылбастан эле айлык алып жатышат», — деди активист кары аялдын образында.

Жыйындарсыз сентябрь

18-сентябрда Кыргызстандын Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрь айы үчүн айлык ала тургандыктарын расмий түрдө билдирген.

Ага чейин парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков шайлоо өткөнчө — 4-октябрга чейин — депутаттар пленардык жыйындарга чогулбай тургандыктарын билдирген болчу.

Парламент эки күн катары менен кворум топтолбогондугунун фонунда Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланганга чейин пленардык жыйындарды өткөрүүдөн баш тарткан — мындай чечим Координациялык кеңештин 1-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган.

Парламенттин юридикалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Канатбек Садыков Kloop.kgге парламент баары бир комитеттерде жана фракцияларда — тагыраагы аптанын калган үч жумушчу күнүндө иштей берерин айткан.

«Жогорку Кеңеш кандай болсо да иштей берет, анын ишмердүүлүгү токтобойт. Парламенттин ишинин түрдүү формалары бар: комитеттерде талкуулоо, шайлоочулар менен иштешүү. Жогорку Кеңеш иштебейт деп айтуу туура эмес болуп калат», — деген Садыков.

10 күн үчүн 3,75 млн. сом

Kloop.kgнин редакциясы депутаттар пленардык жыйындар болбогон 10 күн үчүн канча акча ала тургандыктарын эсептеп чыккан — ал сумма 3,75 млн. сомдон бир аз ашыгыраак сумманы түзөт.

Учурдагы депутаттардын 92си 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жатышат.

Төрага Асылбек Жээнбековдун пикиринде, шайлоочулар депутаттардын ишин, алардын парламент жыйындарындагы сүйлөгөн сөздөрүн шайлоо алдындагы үгүт иштери деп баалашы мүмкүн — өз кезегинде бул сотто талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн.

«Координациялык кеңеш саясий партиялардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине кирген депутаттар мамлекеттик протоколдук иш-чаралар менен комитеттердин жыйындарын өткөргөндөн тышкары учурларда, кызматтык автомашиналар менен ага байланышкан чыгымдарды пайдаланбасын деген чечимге келди», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы Жээнбековдун айткандарын.