Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков шайлоо өтчү 4-октябрга чейин депутаттар пленардык жыйындарга чогулбай тургандыктарын билдирди. Kloop.kgнин редакциясы пленардык жыйындар өтүшү керек болгон ал 10 күн үчүн мамбюджет канча акча короторун эсептеп чыкты.

Парламент эки күн катары менен кворум топтолбогондугунун фонунда Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланганга чейин пленардык жыйындарды өткөрүүдөн баш тартты — мындай чечим Координациялык кеңештин 1-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган.

zanoza.kg басылмасынын маалыматы боюнча, парламентарийлер болбой калган пленардык жыйындар үчүн айлык алууларын улантышат — андай жыйындар аптасына эки жолудан өткөрүлөт, сентябрда алар 10 жолу болушу керек болчу.

Парламенттин юридикалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Канатбек Садыков Kloop.kgге парламент баары бир комитеттерде жана фракцияларда — тагыраагы аптанын калган үч жумушчу күнүндө иштей берерин айтты.

«Жогорку Кеңеш кандай болсо да иштей берет, анын ишмердүүлүгү токтобойт. Парламенттин ишинин түрдүү формалары бар: комитеттерде талкуулоо, шайлоочулар менен иштешүү. Жогорку Кеңеш иштебейт деп айтуу туура эмес болуп калат», — деди Садыков.

Kloop.kgнин редакциясы депутаттар пленардык жыйындар болбогон 10 күн үчүн канча акча ала тургандыктарын эсептеп чыкты — ал сумма 3,75 млн. сомдон бир аз ашыгыраак.

Эсептеп чыгууда 2014-жылкы депутаттык декларациялардын расмий маалыматтары пайдаланылды — өткөн жылда 20 депутат мыйзам чыгаруу үчүн жалпысынан 99 млн. 111 миң сом иштеп табышкан.

Бул маалымат 120 депутаттын бир күндүк ишине орточо канча төлөнөрүн эсептеп чыгууга жетиштүү болот — ал сумма 375  миң сомду түзөт. Эгер бул сумманы пленардык жыйындар өтө турган күндөрдүн санына, тактап айтканда 10 күнгө көбөйтсөк ал 3,75 млн. сом же 57,2 миң АКШ доллары болот.

Төрага Асылбек Жээнбековдун пикиринде, шайлоочулар депутаттардын ишин, алардын парламент жыйындарындагы сүйлөгөн сөздөрүн шайлоо алдындагы үгүт иштери деп баалашы мүмкүн — өз кезегинде бул сотто талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн.

«Координациялык кеңеш саясий партиялардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине кирген депутаттар мамлекеттик протоколдук иш-чаралар менен комитеттердин жыйындарын өткөргөндөн тышкары учурларда, кызматтык автомашиналар менен ага байланышкан чыгымдарды пайдаланбасын деген чечимге келди», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы Жээнбековдун айткандарын.

Башкы сүрөттүн автору: парламент депутаты Өмүрбек Абдырахманов