YouTube видеохостинг сервисинде ырчы Омардын төө буурчакка байланышкан «алдамчылык» иши боюнча экинчи фигурант болуп эсептелген Нуржан Токтогулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткандыгы тартылган видео пайда болду.

Видео Омардын продюсери Миргүл Эсеналиеванын каналында 4-августта пайда болду.

Анда Омар деген ат менен белгилүү Өмүрбек Жанышевдин болжолдуу түрдө Нуржан Токтогулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткандыгы тартылган.

Омар Токтогулов менен болгон сүйлөшүүсүндө аны «жаманатты кылганы жатканын» айтып, анын «сотко барып» күнөөсүн мойнуна алуусуна көндүрүүгө аракет кылган.

«Братан, сени мени жаманатты кылганы жатасың. Качан сен келгенде мен жаман оюм жок «ооба, берет» деп айттым го. Анан да ага чейин сен менин атымды айтып, ооба, Омар берет деп айтканга акың жок болчу да. Бул көйгөйдү өзүң чечиң керек байке» — деген аткаруучу Токтогуловго.

Токтогуловдун жооптору видеодо анча так угулбайт — болгону анын жооп катары кимдир бирөөнөн «коркуп жаткандыгын» мойнуна алгандыгы угулат.

«Эгер сен сотко барбасаң мен үчүн көйгөйлөрдү жаратасың. Сен үчүн мени камашы керекпи? Мен жок жерден жабыркап калышым керекпи? Сен эч нерседен коркпой сотко барып, болгонун болгондой айтышың керек», — деген Омар видеодо.

Ырчы Токтогуловго сот анын жабырлануучуларга компенсацияны качан төлөшү керектигинин мөөнөтүн аныктап берерин айткан.

Миргүл Эсеналиева Kloop.kgге курган маегинде видео 2015-жылдын февралында же мартында тартылганын билдирди — анда ырчы менен Нуржан Токтогуловдун төө буурчак үчүн карызы тууралуу иш «жаңы гана татаалдашып бараткан».

Төө туурчак сатуудагы «алдамчылык» иши

Омар деген ат менен белгилүү ырчы Өмүрбек Жанышев 27-июлда кармалган. Ал төө буурчак сатуудагы «алдамчылыктарга» шектелүүдө.

Буга чейин Талас райондук соту ырчыны тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Ал сот жыйынынан кийин Омар «туруксуз стенакардия» диагнозу менен реанимацияга жаткырылган. Ырчыны 3-августтагы сот жыйынына дароо ооруканадан алып барышкан.

Анда Талас облустук соту Омарды үй камагына чыгарган. Ырчы 3-августтан бери Таластагы туугандарыныкында — ага тергөө аяктаганга чейин облус аймагынан чыгууга тыюу салынган.

Миргүл Эсеналиева ырчы кармалары менен бул иштин Омарды айыптоо үчүн «атайын уюштурулгандыгын» билдирген.