Талас облустук соту Омарды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Ырчы тергөө аяктаганга чейин Таластагы туугандарыныкында болот.

Сахнага Омар деген ат менен чыгып жүргөн Өмүрбек Жанышев августтун аягына чейин үй камагына чыгарылды — ага тергөө аяктаганга чейин облус аймагынан чыгууга тыюу салынды.

«Сот бардык чоо-жайын чечмелеп чыккандан кийин аны үй камагына чагыруу чечимине келди. Тергөө аяктаганга чейин Омар Талас облусунун аймагынан чыкпайт», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысына Омардын тууганы Жанат Каработоев.

Буга чейин Талас райондук соту ырчыны тергөө абагына камоо чечимин чыгарган, бирок сот жыйынынан кийин дароо эле Омар «туруксуз стенакардия» диагнозу менен реанимацияга жаткырылган. Ырчыны 3-августтагы сот жыйынына ооруканадан түз алып келишти.

Бүгүн Омарды колдоп сот имаратынын алдына 100гө жакын киши чогулган, алар ырчынын бошотулушун талап кылышкан.

«Биз Омардын күнөөсү жоктугуна 100 пайыз ишенебиз. Тергөө аяктаганга чейин анын үй камагына чыгарылышын талап кылабыз», — деди ырчынын эжеси Жылдызай Жанышева.

Анын айтымында, Нуржанбек Токтогуловго [төө буурчак сатуудагы «алдамчылык» иши боюнча кармалган экинчи адам] каршы арыз 16-апрелде жазылган, а ал 21-июлда кармалган. Сурак берип жатканда Токтогулов Омардын атын атаган, өз кезегинде бул ырчынын кармалышына себеп болгон.

«Арыз жабырлануучу Болот Бейшеналиев тарабынан жазылган. Азыркы тапта ал жок, телефонун албай жатат. Биз аны менен байланыша албай жатабыз», — деп билдирди Жанышева.

Аткаруучунун күйөрманы Гүлбахира Айтымбетова бул иш ырчыны айыптоо үчүн «атайын уюштурулган» деп эсептейт. Айтымында, жабырлануучу Бейшеналиев менен кармалган Токтогулов «тууган».

«Бейшеналиев Токтогуловго каршы атайын арыз жазган, сурак маалында Омардын атын айтсын деп», — деди ал.

Сот жыйынына катышкан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жабырлануучу Болот Бейшеналиев «Омарды таптакыр көрбөгөндүгүн» билдирди.

«Бейшеналиев милициянын мурдагы полковниги, Омарды жанынан таптакыр көргөн эмес. Ал 40 тонна төө буурчакты жеткирүү ишин иниси Нуржанбек Токтогуловго ишенип тапшырып, андан бул тууралуу өтүнгөн.[…] Алар ушул кезге чейин ырчыдан төө буурчакты талап кылышкан эмес», — деп билдирди Үмөталиева.

Анын айтымында, сотто Токтогулов Омардын бул ишке «тиешеси бар» деп айтуусун уланткан, бирок анда төө буурчакты карызга алуу тууралуу тил кат жок болгон.

«Токтогулов сотто Омар менен 2015-жылдын 2-июлунда төө буурчак сатканын билдирүүдө. Бирок ал маалда ырчы Арсен менен бирге Астанада концертте жүргөн», — деди ал.

Төө буурчакка байланышкан «алдамчылык»

Омар деген ат менен белгилүү ырчы Өмүрбек Жанышев 27-июлда кармалган. Ал төө буурчак сатууда «алдамчылыкка» барган деп айыпталууда. 28-июлда Талас райондук соту ага карата августтун аягына чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде кылмыш иши Талас облусунун жашоочусу арыз менен кайрылгандан кийин Кылмыш кодексинин «алдамчылык» беренесинин негизинде козголгонун билдирген.

«[Ал] өткөн жылы Омар менен таанышы андан бир нече ондогон тонна төө буурчак алышканын билдирди. Акчасын дагы деле берише элек экен, фермер ушуга чейин күтүп, чыдамы кеткен соң аталган адамдарга карата чара көрүү арызы менен бизге кайрылган», — деп билдирген анда Осмонбаев.

Анын айтымында, соттун чечиминен кийин ырчы өзүн жаман сезип, аймактык ооруканага жеткирилген.

«Талас райондук сотунун судьясы тергөө аяктаганга чейин ал [Омар] бир ай камакта болору тууралуу чечим чыгаргандан кийин ырчы өзүн жаман сезип баштаган. «Тез жардам» чакырылып, дарыгерлердин айтканы менен ооруканага жаткырылган», — деп билдирген ал.

Талас облустук ооруканачынын директору Шаршенбек Жумашалиев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Омар аталган оорукананын реанимация бөлүмүнө «туруксуз стенокардиянын» натыйжасындагы «жүрөк оорусу» менен жаткаралганын айткан.

Омар менен бирге Таластагы концертте жүргөн ырчы Арсен Kloop.kgнин кабарчысына сот жыйыны маалында Жанышев «эки жолу эс-учун жоготуп», «жүрөгү кармаганын» билдирген. Анын айтымында, Омар кармалганга чейин эле жүрөктүн ишин колдоо аппаратын алып жүргөн.

Саясатчы жана коомдук ишмер Эдил Байсалов Конституциянын 23-беренесинин 2-пунктуна таянуу менен Омардын кармалышына каршы өнөктүк баштаган. Аталган беренеде «жарандык-укуктук милдеттерин аткарбагандыгы үчүн эч ким эркинен ажыратылбайт» деп жазылган.