Өлкөнүн сыртындагы куралдуу жаңжалдар менен согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланышат. Кылмыш кодексине киргизилген мындай өзгөртүүлөргө президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзамга Алмазбек Атамбаев тарабынан 24-июлда кол коюлду. Анда өлкөнүн сыртындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү каралган.

«Жаңы 226-4-беренени киргизүү менен Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленди», — деп жазылган өлкө башчысынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Кылмыш кодексине киргизилген экинчи өзгөртүү «жалданмачылык» жана «террорчулук же экстремисттик мүнөздөгү» кылмыштар үчүн жазаны катаалдатат.

Мыйзам долбоору «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Майрамбек Расулов тарабынан сунушталган. Ал 2015-жылдын июнунда жаңы норма Кыргызстандын сыртындагы «согуштук аракеттерге катышып жаткандарга» тийиштүү болорун билдирген.

Анын айтымында, кыргызстандыктар бул берене боюнча айыпталган ар бир учур боюнча укук коргоо органдары кылмыш иштерин козгоп, ал боюнча жалпы тартипте тергөө иштерин жүргүзүшөт.

«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн күнөөсүн далилдөө кыйыныраак болот. Мыйзамдын башкы милдети — жарандарыбыздын өлкө сыртындагы согуштук аракеттерге чыгып кетүүлөрүнүн алдын-алуу», — деп билдирген анда парламентарий.

УКМКнын басма сөз кызматынан бул мыйзам долбоору Кылмыш кодексинин учурда иштеп жаткан «жалданмачылык» жөнүндөгү беренесине туура келерин, а экспертиза жүргүзүүгө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жооптуу болорун билдиришкен.

Анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматынан согуштук аракеттерге катышуу үчүн башка өлкөлөргө чыгып аткан адамдардын ниеттерин кантип аныктай тургандыктары жөнүндөгү суроолор камтылган Kloop.kgнин сырамына жооп берген эмес.

Анда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Ширин Айтматова беренени «аткаруу кыйын болорун» айткан.

«Адамдын өлкөдөн кандай максаттар менен чыгып кетип жатканын текшерүү кыйын болот», — деген анда ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) статистикасына ылайык, 2014-жылдын ноябрында Сириядагы согушка кеткен кыргызстандыктардын саны 170тен ашкан, ал эми 2015-жылдын майында алардын саны 350гө жеткен.

Донбасстагы жикчилдердин катарында согушуп жүргөн кыргызстандык

Апрелдин аягында «Жаңы Орусиянын каналы» деген YouTube-каналда «Кыргыз»: Бул тарыхый учур, мен аягына чейин согушам» деген аталыштагы видео пайда болгон. Анда Бишкекке салам айтып, өзүн «кыргыз» деп атаган орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн Нурлан аттуу аскер кызматкеринин маеги көрсөтүлгөн.

Видеодо кыргызстандыктын кайсыл тарапта согушуп жаткандыгы так белгисиз, бирок ал Украинанын чыгышындагы өз алдынча жарыяланган республикалардын бири — Донецк же Луганск элдик республикасы экени анык.

Нурлан Донбасска «улутчулдарга каршы күрөштө ыктыярчыларга жардам берүүгө» баргандыгын айткан.

«Бул жер америкалык гегемониянын кыйрашы баштала турган чекит болот деп болжолдоп жатам. Мына мен тарыхый окуяга катышууга келдим, башка эмне кылмак элем? Согуштук маанай жакшы», — деген ал видеодо. Эгер андагы титрлерге ишенсек, видео Луганск облусундагы Донецкий кыштагынын четинде тартылган.

Ал кыштак ЛНРдеги (Луганск элдик республикасы) орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймакта жайгашкан.

«Бул жагдай өзүнөн өзү чечилип калбайт, аны кимдир бирөө чечиши керек. Мына, кайратуу жигиттер чечип жатышат. Бишкекке салам. Мен «Кыргыз» деген лакап ысымдуу Нурлан», — деп айткан ал видеонун аягында.