Парламент кийинки аптада башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышуу үчүн каралган жазаны катаалдатуу сунушун жактырышы мүмкүн. Мыйзам долбоору жалданмачылык менен алектенгендерди 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө камакка алууну сунуштайт.

Жазаларды катаалдаштыруу Кыргызстандын сыртындагы «согуштук аракеттерге катышып жаткандарга» тийиштүү болот, деди Kloop.kgге берген маегинде мыйзам долбоорунун демилгечиси, «Ар-Намыстын» депутаты Майрамбек Расулов.

«Бул [Кылмыш кодексинде] жаңы берене болот — 226-берене», — деп билдирди Расулов.

Азыр жалданмачылык үчүн жоопкерчилик Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 375-беренесинин негизинде аныкталат. Бул нормада «куралдуу кагылышууларга катышуу» үчүн үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Ар-намысчынын» айтымында, кыргызстандык жаран бул берене боюнча айыпталган ар бир учурда укук коргоо органдары кылмыш иштерин козгоп, ал жалпы тартипте тергелет.

«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн күнөөсүн далилдөө кыйыныраак болот. Мыйзамдын башкы милдети — жарандарыбыздын өлкө сыртындагы согуштук аракеттерге чыгып кетүүлөрүнүн алдын-алуу», — деди депутат.

Расулов азыр «өзү үчүн материалдык пайда көрүүнү көздөгөн» адамдар гана жалданма согушкер деп эсептелерин, а башка себептер менен согушка кетип жаткандар жалдануучу күч катары эсептелбестигин белгиледи.

«Биз беренени «диний жана башка себептер боюнча» деген сөздөр менен толуктоону сунуштап жатабыз — ошондой жалдангандар бар да», — деди мыйзам долбоорунун демилгечиси.

Аны менен катар ал ар бир учур өз-өзүнчө караларын, а тергөө үчүн мурункудай эле укук коргоо органдары менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жооптуу болорун белгиледи.

Тема боюнча: Донбасстагы жикчилдердин катарында кыргызстандык согушуп жүрөт

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору иштелип чыгып, 2014-жылдын сентябрында парламентке киргизилген.

«Бирок Кылмыш кодексинин жаңы редакциясынын иштелип чыгуусуна байланыштуу Жогорку Кеңеш тарабынан Кылмыш кодексин өзгөртүүгө мораторий жарыяланган, ал бир ай мурун гана алынды», — деди ал.

УКМКнын басма сөз кызматынан аталган мыйзам долбоору Кылмыш кодексиндеги азыркы «жалданмачылык» беренесине тиешелүү болорун, а экспертизаны өткөрүү үчүн Дин иштери боюнча мамлекетти комиссия жооптуу экенин билдиришти.

Азырынча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы Kloop.kgнин башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге кетип жаткандардын ниеттеринин кандай жол менен аныктала тургандыгы жөнүндөгү сурамына жооп бере элек.

«Мыйзамды аткаруу кыйын»

Мыйзам долбоору парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинде талкууланып жатканда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Ширин Айтматова мыйзам кабыл алынса аны «аткаруу кыйын болорун» белгиледи.

«Адамдын өлкөдөн кандай максаттар менен чыгып кетип жатканын текшерүү кыйын болот», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Айтматованын айткандарын.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Майрамбек Расулов Айтматованын айткандары менен макул эмес. Ал Kloop.kgге берген маегинде кыргызстандыктар өлкөнүн сыртындагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн атайын кетип жаткандыктарын айтты.

«Бул мыйзам иштейт. Азыр деле иштеп атат деп айтса болот. Азыр согушкер катары өлкөнүн сыртына кетүүнү каалаган адамдар ойлонуп башташты. Экинчиден, учурдагы эл аралык келишимдерге ылайык, биздин укук коргоо органдары кайсыл гана өлкө болбосун сурам жөнөтө алышат жана алардын расмий адамдары биздин тергөөгө жардам беришет», — деди Расулов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин статистикасына ылайык, 2014-жылдын ноябрында Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 170 кишиден ашкан, ал эми 2015-жылдын майына карата алардын саны 350гө жеткен.

Башкы сүрөт иллюстрация катары пайдаланылды. Булак: «Азаттык» радиосу.