АКШнын Мамлекеттик департаменти Кызматташтыкты жеңилдетүү боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен базалык келишимди бузуу чечиминин техникалык таасирин изилдеп жаткандыгын билдирди.

Кызматташтыкты жеңилдетүү тууралуу базалык келишимдин денонсацияланышы Кыргызстанга жардам көрсөтүү программаларын «коркунучка кептеши» мүмкүн, деп билдирди Орусиянын «ТАСС» маалымат агенттиги америкалык Мамдепартаменттин расмий өкүлүнө шилтеме жасап.

«Алардын ичине экстремизмге каршы күрөшүү, экономиканын өсүүсүн жогорулатуу жана жумушчу орундарын түзүү, билим берүү системасын жакшыртуу жана Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн колдоо боюнча программалары кирет», —деп жазган «ТАСС» Мамдепартаменттин өкүлүнүн билдирүүсүн.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен Kloop.kgге алар эки тараптуу келишимден чыгуу боюнча өкмөттүн билдирүүсүн «таң калуу менен кабыл алгандыктарын» билдирди.

«АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкөлөрдөн болгон жана ошондон бери өнөктөштөрчө Кыргызстандын демократиялык кайра түзүүлөрүн колдоо жана бекемдөө максатында 2 миллиард доллар өлчөмүндөгү жардам көрсөттү», — деп билдирди АКШ элчилиги кыргыз өкмөтүнүн аракети боюнча.

Кыргызстандын өкмөтү АКШ менен кызматташуу тууралуу базалык келишимди 210июль күнү кечинде денонсациялаган — кыргыз бийлиги мындай кадамга кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровдун АКШнын Мамдепартаменти тарабынан «Адам укуктарынын коргоочусу» сыйлыгы менен сыйланышына жооп катары барды.

Элчиликтен Аскаровдун сыйланышы боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен АКШнын Мамдепартаментинин позициялары «ар башка» экенин билдиришти.

«Кээ бирде «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгынын ыйгарылышы маселесиндегидей болуп биздин пикирлер ар башка болуп чыгат. Пикир келишпестиктерди талкуулоо жөндөмдүүлүгү биздин мамилелерибиз бекем кылат», — деп жазган «ТАСС» Мамдепартамент өкүлүнүн айткандарын.

Америкалык элчиликтен АКШ Кыргызстан менен «кызматташуусун жана ага колдоо көрсөтүүсүн» улантарын кошумчалашты.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимди денонсациялоо тууралуу токтом 2015-жылдын 20-августунан тарта күчүнө кирерин билдирди.

АКШ менен келишимди бузуу: соцтармактардын реакциясы

1993-жылы кол коюлган Кызматташуу тууралуу базалык келишиминде  АКШ тараптан Кыргызстандын бийлигине жардам көрсөтүүлөрдү жеңилдетүү каралган. Ага төмөндөгүлөр киргизилген:

  • Кыргызстанга жардам берүү программасы боюнча жеткирилген же пайдаланылып жаткан товарлар менен жеткирүүлөрдөн тарифтерди, бажы төлөмдөрүн алып салуу;
  • Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында иштеп жаткан АКШнын өкмөттүк жана жеке уюмдары менен персоналдарынын салыктар менен жыйымдардан бошотулушу;
  • Жардам көрсөтүү программаларынын алкагында өлкөдө жүргөн АКШнын өкмөтүнүн жарандык жана аскердик персоналдарына административдик жана техникалык персоналдарга берилчү макамдар менен тең макам берилет.

Аскаровдун сыйланышы

Өкмөт келишимди денонсация кылуу ниети тууралуу 17-июлда, АКШнын Мамдепартаменти Аскаровдун сыйлангандыгын жарыялагандан үч күн өткөн соң билдирген. Министрлер кабинетинин билдирүүсү боюнча, департаменттин ал чечими алардын «терең тынчсыздануусун» жана «өтө таң калуусун» жараткан.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулардын жүрүшүндө «массалык башаламандыктарды уюштурган», «улуттар аралык кастыкты козуткан» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар менен 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

«Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын ыйгаруу чечими Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук мамилелердин деңгээлине туура келбейт, ал улуттар аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасынын элинин ынтымагын чыңдоо боюнча өкмөттүн аракеттерине зыян келтириши мүмкүн, ал жарандык коомчулук менен туруктуу коомго коркунуч жаратат», — деп билдирген өкмөт.

Жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланышкан Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууда кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн гуманитардык жардам, экономикалык жана техникалык жактан көмөктөшүүнүн жеңилдетилген жол-жоболору каралган.

Документ дипломатиялык, экономикалык, соода жана гуманитардык мамилелердин негизин аныктай турган алты беренеден турат.

Буга чейин Аскаровдун  «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлангандыгын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын парламенти айыптаган. ТИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-июль күнү эртең менен мекеме башчысы Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы иштерине ишеним берилген убактылуу өкүлү Ричард Майлзге нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Анын жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоочуга карата кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.