Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровдун АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйланышына каршы болуп, аны «кылмышкер» деп атады. Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуу маалында «улуттар аралык кастыкты козуткан» жана милиционерди «өлтүрүүгө» тиешеси бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

14-июлда АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровдун «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлангандыгын билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Аскаровдун сыйланышын айыптады. Ал 2010-жылдын июнунда өлкөнүн түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуу маалында «массалык башаламандыктарды уюштурган» жана «укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүүгө тиешеси бар» деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кыргыз ТИМи Мамдептин «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы өлкө бийлиги тарабынан жасалган «репрессиялык чара көрүү шарттарында» адам укуктарын коргоо жаатындагы «өзгөчө эрдиги» бар жана «лидерлик сапаттарга ээ» адамдарга ыйгарылат деп эсептейт.

«Кыргыз Республикасы АКШнын Мамлекеттик департаментинин бул сыйлыгы башка өлкөдөгү башка адамга жана башка убакта берилип жатат деп эсептейт, анткени Кыргызстанда укук коргоо ишмердүүлүгү чектөөлөргө туш болбой эле, тескерисинче, мамлекет тарабынан колдоого алынып жатат, буга көптөгөн укук коргоочулар менен бейөкмөт уюмдардын жигердүү иш жүргүзүп жаткандыктары далил», ― деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

ТИМ Аскаровдун сыйланышы «калктын бүтүндүгүн бекемдөө процессин» жана «өлкөдөгү ынтымакты бузууга» багытталгандыгын билдирди.

«[ТИМ] Аскаровдун «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйланышын эл аралык терс резонанс жаратуу ыкмасы катары баалайт. Кыргыз тарап мындай сыйлык ыйгаруу улуттар аралык кагылышка алып келип, өлкөнүн жарандарынын аракети менен бүгүнкү күнгө чейин калыбына келтирилип, бекемделип келе жаткан тынчтыкты бузушу мүмкүн деп кооптонууда», ― деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

ТИМ Аскаровду «кылмышкер» деп атады жана АКШнын бул аракети Кыргызстан менен болгон мамилелерине «доо келтирет» деп эсептейт.

«Кыргыз тарап А.Аскаровдун ишмердүүлүгү үчүн сыйланбагандыгына ишенет, бул анын улутуна жана 2010-жылдагы июнь окуяларынын жүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча соттолгондугу макамына шартталып сыйланган», ― деп кошумчалаган ТИМ өз билдирүүсүндө.

Мамдеп өзүнүн сайтында билдиргендей, сыйлык ыйгаруу салтанаты бейшемби, 16-июлда өтөт ― аталган сыйлык Аскаровдон сырткары венесуэллалык укук коргоочу Форо Пеналга да ыйгарылат.

Аскаров сыйлыкты жеке өзү барып ала албайт, анын ордуна салтанатка укук коргоочунун уулу — Шерзод Аскаров катышат.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.