Назгүл Түлеева президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев мүлктөрдүн конфискацияланышы тууралуу «ишти оң жакка чечип берүү» үчүн Бишкектин экс-мэринин үй-бүлөсүнөн 300 миң доллар талап кылгандыгын билдирди. Түлеевдин кызынын бул маеги Нарымбаев кызматтан кеткен күндүн эртеси жарыяланды.

24.kg маалымат агенттиги Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлееванын маегин жарыялады — саясатчы «Коррупция» беренесинин негизинде 2013-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган.

Назгүл Түлеева маегинде ал Нарымбаевге Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбековдун кеңеши боюнча кайрылгандыгын билдирген — судьянын айтымында, экс-мэрдин ишинде президенттин мурдагы аппарат жетекчисинин «жеке кызыкчылыгы» бар жана сот «анын буйругусуз өкүмгө үтүр дагы кое албайт».

«Бош убактысынын аз экенине карабастан ал [Нарымбаев] мени эртеси эле кабыл алды. Мен ага Жогорку соттун судьясы ага кайрылуу керектигин айтканын билдирип, иштин мыйзам чегинде чечилишине көмөктөшүүсүн өтүнүп жардам сурадым. Ошол эле күнү Нарымбаевдин талабы менен депутат Хаджимурат Коркмазов биз менен байланышып, мыйзамдуу чечилиши үчүн 50 миң доллар талап кылды», — деп жазган 24.kg Түлееванын айткандарын.

15-июлда Нарымбаевдин өзү экс-мэрдин сот тарабынан конфискацияланган мүлкүнө байланышкан маселе боюнча Назгүл Түлеева менен «бир нече жолу» жолукканын ырастап, бирок депутат Коркмазов кармалардан бир нече күн мурун аны менен жолугушуудан «баш тарткандыгын» айткан.

Түлееванын айтымында, экс-мэрдин үй-бүлөсү «басым жасоонун күчөшүнөн чочулап» 50 миң доллар берүүгө макул болгон. Бирок кийинчерээк ал сумманын Нарымбаевдин «Турганбековго телефон чалуусу үчүн гана» экени белгилүү болгон.

«Мага бул маселенин чечилиши үчүн 50 миң доллар — күлкү келтирерлик сумма экенин айтышты», — деп кошумчалаган экс-мэрдин кызы.

Түлееванын айтымында, андан кийин Коркмазов «маселенин чечилишинин» эки вариантын сунуштаган — 150 миң доллар «Жогорку соттун судьяларына команда берүү» үчүн же 350 миң доллар «Нарымбаев процессти толугу менен аягына чейин өзү көзөмөлдөшү» үчүн.

«Ал акчаларды мыйзамсыз конфискация маселеси боюнча мыйзамдуу чечимдин чыгарылышы үчүн талап кылышкан. Аны менен катар бизге төмөндөгүдөй дешкен: эгер бул шарттарга көнбөсөңөр атаңарга басым күчөйт, жаңы иштердин козголушу үчүн себептер табылып, бизнес толугу менен мүмкүн болгон бардык багыттар боюнча кысымга алынып баштайт», — деп жазган 24.kg Түлееванын айткандарын.

Басылма 2015-жылдын майында Бишкектин экс-мэрине карата козголгон дагы бир кылмыш иши тууралуу белгилүү болгонун кошумчалаган — аны жер тилкелерине байланышкан алдамчылыктарга айыпташкан.

Түлеева Коркмазовдун сунушунан кийин «акча талап кылуунун токтобостугун түшүнүп», Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылган — арыз Нарымбаев, Турганбеков жана Коркмазовго каршы жазылган.

Коркмазов кармалгандан эки күн өткөндөн кийин — 17-июлда — депутат Назгүл Түлееванын айткандарын «толугу менен ырастаган».

«Коркмазов менин айткандарымды толугу менен ырастап, Данияр Нарымбаев менен Канатбек Турганбековго каршы көрсөтмө берди. Ал ортомчу болгондугун айтты. Беттештирүү видеого тартылып алынган», — деп билдирген Түлеева маегинде.

Ал пара талап кылуу максатында «басым» жасоо эки айга созулганын кошумчалаган.

«Ал дал Нарымбаевдин басымынан улам «Түлеевдин ысымына байланышкан бир дагы иш эч жерде, эч качан мыйзам боюнча чечилбей келген» деп эсептейт. Анын ичинде экс-мэрге карата мунапыс тууралуу мыйзам аткарылбай жаткандыгын айтты», — деп жазган 24.kg.

Коркмазовдун иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери депутат Хаджимурат Коркмазводу 100 миң сом өлчөмүндөгү «пара алып жаткан жеринен» 15-июлда кармашкан. Бирок атайын кызматтагылар депутаттын Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 200 миң доллар талап кылгандыгына ишендиришүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн сумма Түлеевдин ишин Жогорку Сотто «оң жагына чечип берүү үчүн» талап кылынган.

2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун мэри болуп турган кездеги «коррупциялык иштери» үчүн Түлеевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Учурда Түлеевдин жактоочусу Жогорку сотто ал өкүмдү өзгөрттүрүүгө аракет кылууда.

Депутат кармалары менен экс-мэрдин уулу Бакыт Түлеев өзүнүн твиттер-эккаунтуна пара талап кылуу боюнча иште Коркмазов жалгыз фигурант эмес экенин жазган.

Андан соң 24.kg маалымат агенттиги болжолдуу түрдө ал ишке президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин тиешеси бардыгы тууралуу жазган. Бирок президенттин, УКМКнын басма сөз кызматтары менен Нарымбаевдин өзү ал маалыматты четке каккан.

«Хаджимурат менен мен жакшы таанышмын. Ал бир нече күн мурун эле учурда айыпталуучу катары өтүп жаткан экс-мэрдин кызын кабыл алуумду өтүнгөн. Мен баш тарткам. Буга чейин анын кызын өз иш бөлмөмдө бир нече жолу кабыл алгам. Ал камакка алынган мүлктөрдүн арасында Түлеевге таандык эмес мүлктөрдүн бар экендиги тууралуу документтерди алып келген. Ага чейин бул тууралуу Нариман Түлеевдин бир тууганы да билдирген. Мен ал билдирүүлөр Жогорку сотко чейин жеткирилээрин айткам. Акыркы жолу Хаджимурат аны кабыл алууну өтүнгөндө мен баш тарткам. Анда акча тууралуу эч кандай сөз болгон эмес», — деп билдирген анда Нарымбаев.

Коркмазов кармалган күндүн эртеси Нарымбаев «шектенүүлөр менен тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүү мүмкүндүгүн» жок кылуу үчүн иш иликтенип бүткөнчө кызматтан убактылуу четтетүү өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган.

«Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовго каршы козголгон кылмыш ишинин иликтенишине жана менин кармалгандыгым тууралуу басма сөз каражаттарында пайда болгон маалыматтарга байланыштуу айтылган айыптоолорго тиешем жоктугун билдирем», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы Нарымбаевдин айткандарын.

20-июлда өлкө башчысы Нарымбаевди кызматынан алып, анын ордуна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду дайындаган. Нарымбаев кызматтан бошотуу тууралуу өтүнүчүн ар бир жетекчи шайлоо алдында өз милдеттерин аткарышы керектиги менен түшүндүргөн.

Нарымбаев акыркы жарым жыл ичинде өлкө башчысынын аппаратынын кызматын өз каалоосу менен таштап кеткен президенттин айланасындагы экинчи жогорку кызматтагы чиновник ― аппарат башчысынын орун басары Икрам Илмиянов кызматынан «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн негиздөөчүлөрүнүн ортосундагы чарбалык талаш-тартыштардан улам май айында кеткен.