Алмазбек Атамбаев Данияр Нарымбаевди аппаратынын башчысы кызматынан бошотуп, анын ордуна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду дайындады. Нарымбаев кызматынан 200 миң доллар пара алууга тиешеси бардыгы тууралуу шектенүүлөрдөн кийин кетирилүүдө.

Атамбаев ээлеген кызматынан «өз каалоосу боюнча» бошотулган Данияр Нарымбаевдин ордуна президенттин аппарат жетекчиси кылып Темир Жумакадыровду дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин туугандарынан пара талап кылууга байланышкан коррупциялык иштерден бир нече күн өткөндөн кийин кызматтан бошотуу өтүнүчү менен арыз жазган.

Бейшемби, 16-июлда, Нарымбаев тергөө иштери аяктаганга чейин аны президенттин аппарат башчысы кызматынан «убактылуу бошотууну» өтүнгөн.

«Иликтөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн деген шектенүүлөргө негиз бербеш үчүн кылмыш ишин териштирүү мезгилинин аралыгында мени президенттин аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруудан четтетүүңүздү өтүнөм»,- деп жазылган Нарымбаевдин арызында.

Коркмазов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 100 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалган. Түлеевдин уулу өзүнүн «Твиттердеги» профилине депутат экс-мэрдин ишинин Жогорку сотто оң жагына чечилиши үчүн пара талап кылуу ишинде «ортомчу» болгонун жазган.

Нарымбаевдин ордуна президенттин аппарат жетекчилигине Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров барды.

Жумакадыров мурунку кызматында дээрлик жарым жыл иштеди, а ага чейин бир жарым жылдай Коргоо кеңешинин башчысынын орун басары болуп иштеген.

Коркмазовдун иши

УКМКнын маалыматы боюнча, депутат Хаджимурат Коркмазов ал акчаны Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин ишин «Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн» анын туугандарынан талап кылган.

2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун мэри болуп турган кездеги «коррупциялык иштери» үчүн Түлеевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Учурда Түлеевдин жактоочусу Жогорку сотто ал өкүмдү өзгөрттүрүүгө аракет кылууда.

Коркмазов кармалары менен экс-мэрдин уулу Бакыт Түлеев өзүнүн твиттер-эккаунтуна пара талап кылуу боюнча иште Көркмазов жалгыз фигурант эмес экенин жазган.

Андан соң 24.kg маалымат агенттиги болжолдуу түрдө ал ишке президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин тиешеси бардыгы тууралуу жазган. Бирок УКМКнын басма сөз кызматы менен Нарымбаевдин өзү ал маалыматты четке каккан.

«Хаджимурат менен мен жакшы таанышмын. Ал бир нече күн мурун эле учурда айыпталуучу катары өтүп жаткан экс-мэрдин кызын кабыл алуумду өтүнгөн. Мен баш тарткам. Буга чейин анын кызын өз иш бөлмөмдө бир нече жолу кабыл алгам. Ал камакка алынган мүлктөрдүн арасында Түлеевге таандык эмес мүлктөрдүн бар экендиги тууралуу документтерди алып келген. Ага чейин бул тууралуу Нариман Түлеевдин бир тууганы да билдирген. Мен ал билдирүүлөр Жогорку сотко чейин жеткирилээрин айткам. Акыркы жолу Хаджимурат аны кабыл алууну өтүнгөндө мен баш тарткам. Анда акча тууралуу эч кандай сөз болгон эмес», — деп билдирген Нарымбаев анда.

Нарымбаев акыркы жарым жыл ичинде өлкө башчысынын аппаратынын кызматын өз каалоосу менен таштап кеткен президенттин айланасындагы экинчи жогорку кызматтагы чиновник ― аппарат башчысынын орун басары Икрам Илмиянов кызматынан «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн негиздөөчүлөрүнүн ортосундагы чарбалык талаш-тартыштардан улам май айында кеткен.