Президент аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин өтүнүчүнөн кийин аны кызматынан убактылуу бошотту. Ал өлкө башчысынан депутат Хаджимурат Көркмазовдун иши териштирилип бүткөнчө кызматтан четтетүү өтүнүчү менен кайрылган болчу.

Нарымбаевди кызматынан убактылуу бошотуу чечими 16-июлда, анын расмий өтүнүчүнөн бир саат өткөн соң кабыл алынды. Президенттин аппарат башчысы 15-июлда «пара талап кылуу» үчүн кармалган депутат Көркмазовдун иши териштирилип бүткөнчө кызматтан кетип турууну туура көргөн.

«Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Көрмазовдун ишинин иликтениши жана маалымат каражаттарындагы менин кармалуум тууралуу маалыматтарга байланыштуу бул ишке тиешем жоктугун билдирем», — деп жазган басма сөз кызматы Нарымбаевдин айткандарын.

Администрация башчысы өз чечимин «тергөөнүн жүрүшүнө таасир этет деген күмөн саноолорду жокко чыгаруу» каалоосу менен түшүндүргөн.

Депутат Хаджимурат Көркмазов 15-июлда 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара алып жаткан жеринен» атайын кызмат өкүлдөрү менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган. Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, парламентарий ал акчаны Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин ишин «Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн» анын туугандарынан талап кылган.

«Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты Нариман Түлеевдин ишин Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн анын туугандарынан 200 миң АКШ долларын сурагандыгын аныкталды», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун мэри болуп турган кездеги «коррупциялык иштери» үчүн Түлеевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Учурда Түлеевдин жактоочусу Жогорку сотто ал өкүмдү өзгөрттүрүүгө аракет кылууда.

Кечээ экс-мэрдин уулу Бакыт Түлеев өзүнүн твиттер-эккаунтуна пара талап кылуу боюнча иште Көркмазов жалгыз фигурант эмес болушу мүмкүндүгүн жазган.

Кийинчерээк 24.kg маалымат агенттиги болжолдуу түрдө ал ишке президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин тиешеси бардыгы тууралуу жазган. Бирок президенттин, УКМКнын басма сөз кызматтары менен Нарымбаевдин өзү ал маалыматты четке каккан.

«Хаджимурат менен мен жакшы таанышмын. Ал бир нече күн мурун эле учурда айыпталуучу катары өтүп жаткан экс-мэрдин кызын кабыл алуумду өтүнгөн. Мен баш тарткам. Буга чейин анын кызын өз иш бөлмөмдө бир нече жолу кабыл алгам. Ал камакка алынган мүлктөрдүн арасында Түлеевге таандык эмес мүлктөрдүн бар экендиги тууралуу документтерди алып келген. Ага чейин бул тууралуу Нариман Түлеевдин бир тууганы да билдирген. Мен ал билдирүүлөр Жогорку сотко чейин жеткирилээрин айткам. Акыркы жолу Хаджимурат аны кабыл алууну өтүнгөндө мен баш тарткам. Анда акча тууралуу эч кандай сөз болгон эмес», — деп билдирген Нарымбаев 15-июлда.

Нарымбаев 2015-жылы тергөө аяктаганга чейин кызматтан убактылуу кетүү тактикасын пайдаланган Атамбаевдин айланасындагы алгачкы кызмат адамы эмес. Буга чейин мындай саясий ыкманы президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов пайдаланган.

Анда иш Илмияновдун жогорку кызматтан өз каалоосу менен кетиши менен аяктаган.