Эгер кыргыз өкмөтү Кошмо штаттар менен базалык кызматташуу тууралуу келишимди токтотсо, анда өлкөгө жардам берүү программалары жабылышы мүмкүн, деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы элчилиги. Кыргыз бийлиги АКШнын Мамдепартаментинин укук коргоочу Азимжан Аскаровду сыйлык менен сыйлоо чечиминен кийин аталган келишимден бир таратуу чыгуу ниетин билдирген болчу.

АКШ элчилигинин басма сөз кызматы Кызматташуу тууралуу келишим 1993-жылдан бери Кошмо штаттарынын Кыргызстанга көрсөткөн жардамдарынын «көп бөлүгүн» берүүсү үчүн негиз болуп эсептелгендигин билдирди.

Өмүр бою эркинен ажыратылган кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаров Американын Мамлекеттик департаменти тарабынан «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлангандан кийин Кыргызстандын өкмөтү АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимди денонсация кылышы мүмкүндүгүн билдирген.

«Биз мындай чечимдин кыргызстандыктарга пайда алып келип жаткан жардам берүү программаларын тобокелге кептөөчү техникалык кесепеттерин иликтеп жатабыз», ― деп жазылган АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, анын ичинде Кыргызстан экстремизмге каршы күрөшүү, экономикалык өнүгүүнү колдоо жана жумушчу орундарын түзүү, билим берүү системасын жакшыртуу, ошондой эле өлкөдө демократияны өнүктүрүү боюнча программалардын колдоосу жок калат.

Элчиликтен мунун Американын Кыргызстанды колдоо программаларынын бардыгына тиешелүү болор-болбосун тактап билдиришкен жок.

Келишимди денонсациялоо ниети

Өкмөт келишимди денонсация кылуу ниети тууралуу 17-июлда, АКШнын Мамдепартаменти Аскаровдун сыйлангандыгын жарыялагандан үч күн өткөн соң билдирген. Министрлер кабинетинин билдирүүсү боюнча, департаменттин ал чечими алардын «терең тынчсыздануусун» жана «өтө таң калуусун» жараткан.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулардын жүрүшүндө «массалык башаламандыктарды уюштурган», «улуттар аралык кастыкты козуткан» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар менен 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

«Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын ыйгаруу чечими Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук мамилелердин деңгээлине туура келбейт, ал улуттар аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасынын элинин ынтымагын чыңдоо боюнча өкмөттүн аракеттерине зыян келтириши мүмкүн, ал жарандык коомчулук менен туруктуу коомго коркунуч жаратат», — деп билдирген өкмөт.

Жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланышкан Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууда кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн гуманитардык жардам, экономикалык жана техникалык жактан көмөктөшүүнүн жеңилдетилген жол-жоболору каралган.

Документ дипломатиялык, экономикалык, соода жана гуманитардык мамилелердин негизин аныктай турган алты беренеден турат.

Буга чейин Аскаровдун  «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлангандыгын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын парламенти айыптаган. ТИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-июль күнү эртең менен мекеме башчысы Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы иштерине ишеним берилген убактылуу өкүлү Ричард Майлзге нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Анын жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоочуга карата кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.