Кыргызстандын өкмөтү өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын Мамдепартаменти тарабынан сыйлык берилишине байланыштуу ал өлкө менен кызматташуусун токтотуу ниетин билдирди.

17-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы Аскаровдун АКШнын Мамдепартаментинин «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйланышына карата нааразычылыгы жазылган билдирүү жарыялады.

Кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровдун сыйлангандыгы 2015-жылдын 14-июлунда белгилүү болгон.

Билдирүүдө өкмөт АКШнын Мамдепартаментинин Аскаровду сыйлоо боюнча чечимине «өтө таң калуусун» жана «терең тынчсыздануусун» билдирген, анткени укук коргоочу «улуттар аралык кастыкты козуткан», «массалык башалмандыктарды уюштурган» жана милиционерди «ырайымсыздык менен өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар менен бардык сот баскычтары тарабынан соттолгон.

«Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын ыйгаруу чечими Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук мамилелердин деңгээлине туура келбейт, ал улуттар аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасынын элинин ынтымагын чыңдоо боюнча өкмөттүн аракеттерине зыян келтириши мүмкүн, ал жарандык коомчулук менен туруктуу коомго коркунуч жаратат», — деп билдирген министрлер кабинети.

Кыргызстандын өкмөтү 1993-жылдын 19-майында эки өлкө ортосунда келишилген Кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну бир тараптуу денонсация кыла тургандыгын билдирип Кошмо штаттарын коркутту.

Жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланышкан Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууда кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн гуманитардык жардам, экономикалык жана техникалык жактан көмөктөшүүнүн жеңилдетилген жол-жоболору каралган.

Документ дипломатиялык, экономикалык, соода жана гуманитардык мамилелердин негизин аныктай турган алты беренеден турат.

Буга чейин Аскаровдун  «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлангандыгын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын парламенти айыптаган. ТИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-июль күнү эртең менен мекеме башчысы Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы иштерине ишеним берилген убактылуу өкүлү Ричард Майлзге нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Азырынча АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Мамдепартамент расмий кыргыз бийлигинин билдирүүсүнө карата эч кандай реакциясын билдирише элек.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Анын жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоочуга карата кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.