Кыргызстандын автоунаа ташуучулары бажы төлөмдөрүнүн эски тарифинин мөөнөтүн жылдырып берүү талабы менен митингке чыгышты.

Митингдин катышуучулары өлкөгө 2014-жылдын 31-декабрына чейин алынып келинген, бирок бажы төлөмдөрүн эски тарифтер менен төлөөгө жетишпей калган автоунааларды өткөрүүгө уруксат берилишин суранып жатышат. Алар өкмөттөн бажы төлөмдөрүн жогорулатуу мөөнөтүн узартып берүүсүн талап кылууну пландап жатышат.

«Расмий түрдө кайрылып талап кылабыз. Эгер мен чет өлкөдө 7 миң долларга автоунаа сатып алсам, анда бажы төлөмү дагы 7 миң долларды түзөт. Азыр биз эмне кылышыбыз керек? Кээ бирлери 60 унаага чейин тапшырыктарды алышкан, бул аябагандай чоң суммалар», — деди митингдин катышуучуларынын бири.

Чогулгандардын айтымдарында, унаалардын өз убагында жеткирилбегендигинен улам алардын көпчүлүгү тапшырык ээлери тараптан коркутууларга дуушар болуп жатышат.

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин унааларга болгон бажы төлөмдөрү 20 эсеге жогорулашы мүмкүн

«Алардын көйгөйү»

Январдын ортосунда Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бекташев жаңы бажы төлөмдөрү боюнча автоунаа ташуучуларга мөөнөттү жылдырып берүү «туура эмес болуп кала тургандыгын» билдирген.

«Токтомго ылайык, төлөмдөрдү жогорулатуунун 5 баскычы каралган. Биринчи баскыч 22-сентябрда болгон, экинчиси — ушул жылдын 1-январында болду, эми ар жыл сайын 1-январда жогорулоо болуп турат. Тактап айтканда, биз бардыгын бир гана жолу жогорулаткан жокпуз. Ишкерлер үчүн бул күтүүсүз болбошу үчүн жогорулатуулар баскыч-баскыч менен жүргүзүлүүдө», — деп жазган «Кабар» маалымат агенттиги Бекташевдин айткандарын.

Анын айтымында, алынып келинген товарлар үчүн алынчу бажы төлөмдөрү жыл сайын 1-январда жогорулайт жана автоунаа ташуучулар жыл сайын мөөнөттү кийинкиге жылдырууну суранышат.

«Биз эч качан мөөнөтүн кийинкиге жылдырган эмеспиз, анан азыр жылдырсак соода тармагындагы башка өкүлдөрдө көптөгөн суроолор пайда болушу мүмкүн. Андан сырткары былтыр биз мөөнөттү кийинкиге жылдырбай койгондо товарларын алып кирген ишкерлер эмне деп ойлошот. Мында объективдүү мамиле керек. Бул тууралуу аларга маалымдалгандыгын белгилеп коюу керек, белгиленген мөөнөткө жетишпей калгандыктары бул аларды көйгөйү. Мен бирөөлөр үчүн мөөнөттү жылдырып, башкалары үчүн жылдырбай коюуну адилетсиз болуп калат деп эсептейм», — деди Бекташев.

Автоунаалар үчүн алынчу бажы төлөмдөрү 2014-жылдын сентябрынан тарта, Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүүсүнүн алкагында кымбаттап баштаган.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, бажы төлөмдөрүнүн кымбатташы 2019-жылга чейин баскыч-баскыч менен жүргүзүлөт. Kloop.kgнин кабарчыларынын жана кыргыз жаңылыктар порталдарынын эсептөөлөрү боюнча, бул чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша автоунааларга болгон баалардын 10-12 эсеге чейин кымбатташына алып келиши мүмкүн.