Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин унааларга болгон бажы төлөмдөрү 20 эсеге жогорулашы мүмкүн

Бажы кызматы Кыргызстанга алынып келинип жаткан автоунааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн Казакстандагы төлөмдөрдүн бааларына теңелүүсүн күтүүдө. Бул өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин республиканын аймагына унаа алып кирүүдөгү алынчу бажы төлөмдөрү 20 эсеге жогорулашы мүмкүн  дегенди билдирет. Мындан улам чет элдик үлгүдөгү унааларды Бажы биримдигинин сыртынан алып келүү маанисин жоготуп коет.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Мукай Кадыркулов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде республиканын Бажы биримдигине кириши менен автоунааларга алынып жаткан бажы төлөмдөрү учурда Казакстанда алынып жаткан бажы төлөмдөрүнө теңелээрин билдирди.

«Биздин сайтка кирсеңер ал жакта бажы төлөмдөрүнүн эсептегичи бар, ошондой эле кызматты Казакстандын сайттарынан тапсаңар болот. Ооба, төлөмдөр өзгөрөт [өлкөнүн Бажы биримдигине кириши менен]«, — деди Кадыркулов.

Бажы биримдигинин курамындагы өлкөлөрдө кабыл алынган Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, жеңил автоунаалар үчүн алынчу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү унаанын канча пайдаланылгандыгына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болуп,  бир куб сантиметрлик кыймылдаткыч үчүн 1,20 евродон 5,8 еврого чейин төлөнөт.camry2004Алсак, Казакстанда 2400 куб сантиметрлик кыймылдаткычтуу 2004-жылы чыккан «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа үчүн бардык алымдарды эске алганда бажы төлөмдөрү 16711 АКШ долларын түзөт. Бул сумманын ичине унаанын өзүнүн баасы кирбейт.

Орусияда да ушундай эле сандык катыштар — анда 2,4 литрлик көлөмдөгү кыймылдаткычтуу 2004-жылкы «Камри» үчүн алынчу бажы төлөмү 16570 АКШ долларынын айланасындагы сумманы түзөт.

Салыштырып көрсөк, бүгүнкү күндө ушундай эле мүнөздөмөдөгү «Тойота Камри» унаасы үчүн бардык бажы алымдарын кошуп эсептегенде Кыргызстанда бажы төлөмү 720 АКШ долларын түзөт. Ал эми бажы төлөмдөрүн кошуп эсептегенде унаанын өзүнүн баасы 13500 АКШ долларын түзүп калат.

Бул мисал жаңы бажы төлөмдөрдүн күчүнө кириши менен бир эле үлгүдөгү, бир эле мүнөздөмөдөгү унаалар Кыргызстанга салыштырмалуу Казакстанда эки же андан да көп эсе кымбат болушу мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.camry2011

Эски унааларды алып келбей калышат

Эгер Бирдиктүү бажы тарифин анализдеп көрсөк, анда алынып келинген унаалар үчүн эң жогорку бажы төлөмдөрү — «эски», чыкканына беш жылдан ашкан автоунааларга туура келип калат. Ал эми андай унаалар учурда Кыргызстанга алынып келинип жаткан унаалардын көпчүлүгүн түзөт, анткени кымбат баадагы жаңы унааларды элдин баары эле сатып ала албайт.forester20052005-жылкы автоунаа үчүн алынчу бажы төлөмдөр (1 куб см. көлөмүндөгү кыймылдаткыч үчүн 2,8 — 5,8 евро) «жаңы», мисалы, 2012-жылы чыккан унаа үчүн алынчу төлөмдөргө караганда (1 куб см. көлөмүндөгү кыймылдаткыч үчүн 1,2 — 1,9 евро) эки-үч эсеге кымбат болот.mazda3_2010Ошол эле маалда төмөнүрөөк бажы төлөмдөрүнө карабастан «жаңы» унаалар кыргызстандыктардын көбү үчүн жеткиликтүү болбойт, анткени алардын баалары өлкөнүн жашоочуларынын басымдуу бөлүгү айдап жүргөн 10-15 жыл мурун чыккан унаалардын баасынан бир нече эсеге кымбат турат.bmw328Бишкектеги айдоочулардын «Honda» клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде эгер жаңы унаалар менен эски унаалардын баалары [бажы төлөмдөрүн кошуп эсептегенде] бирдей боло турган болсо, анда «кыргызстандыктарга эски унааларды алып келүү пайдасыз болуп калаарын» айтты.

Ошондой эле ал Кыргызстандын ички унаа базарындагы баалар да жогорулайт деп божомолдоодо, анткени буга чейин эски бажы төлөмдөрү менен алынып келинген унааларга болгон суроо-талап жогорулайт.

«Ага ылайык, калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү кыйла эле төмөндөйт, ал эми базардагы баалар жогорулайт», — дейт Александр.accord2004

Бажы төлөмдөрүнүн жогорулашы: болобу же болбойбу?

Алдыдагы бажы төлөмдөрүнүн жогорулашы боюнча тынчсыздануусун Kloop.kgге берген маегинде ишкер, «Кыргыз Концепт» компаниясынын негиздөөчүсү, Убактылуу Өкмөттө экономиканы жөнгө салуу министри болуп иштеген Эмил Үмөталиев билдирди. Ал Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен өлкөдөгү бажы төлөмдөрүнүн кеминде Казакстандагы төлөмдөргө теңелээрине ишенет.prius2011КСДП фракциясынын 23-майдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин унаалар үчүн алынчу бажы төлөмдөрүнүн тарифи өзгөрбөй тургандыгын билдирген.

«Унааларды алып кирүүнүн шарттары мурунку бойдон калат – бажы төлөмдөрү жөнөкөйлөтүлгөн система боюнча биздин тарифтердин негизинде алынат. Белгилей кетсем, бирок эгер Кыргызстандын жараны унааларды башка өлкөлөргө сатуу бизнеси менен алектенгиси келсе, анда ага Бажы биримдигинин нормаларына ылайык иштөөгө туура келип калат», —деп жазган «Түштүк» маалымат агенттиги Сариевдин айткандарын.

Экономика министри Казакстандагыга салыштырмалуу бажы төлөмдөрү ондогон эсеге төмөн болгон «жөнөкөйлөштүрүлгөн системаны» Кыргызстан бүгүнкү күндө кантип сактап каларын азырынча түшүндүрбөй эле.rx400Сариевдин мындай билдирүүлөрүнө карабастан коңшу Казакстандын бийлиги Кыргызстан унааларды алып кирүү үчүн алынчу бажы төлөмдөрүн убактылуу, өткөөл мезгил аяктаганга чейин гана сактап кала алаарын билдирүүдө.

«Бирдиктүү базардагы товар алмашуунун шарттарынын бирдей болушу керектиги түшүнүктүү. Антпесе жаңылыштыктар орун алып, продукциялардын агындылары башталат. Биз ага кызыкдар эмеспиз. Ошондуктан андай болбойт (унааларды Кыргызстандын эски бажы төлөмдөрү боюнча алып кирүү – КирТАГ). Бул кыргыз тараптын үч өлкөнүн биринен да колдоо таппай жаткан каалоосу», — деп жазган КирТАГ маалымат агенттиги Казакстандын экономика жана бюджетти пландоо боюнча вице-министри Тимур Жаксылыковдун айткандарын.

Кыргыз парламентинин партиясыз эркин депутаты Равшан Жээнбеков унааларды ташып келүү маселесинде Кыргызстанга жеке бажы саясатын киргизүүгө уруксат бербей тургандыктарына ишенет.

«Бул биздин өкмөттүн каалоосу, бирок мен Орусиянын буга жол бербешине ишенем [...] — Казакстанга уруксат бербегенден кийин Кыргызстанга деле урусат бербейт деп толугу менен ишенем», — деди депутат.stepwgn2005

Казакстандагы кыргыз унааларына болгон суроо-талап

Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин сырттан алынып келинген унааларга болгон бажы төлөмдөрү кымбаттаган. Мындан улам бир катар казак айдоочулары унааларды коңшу Кыргызстандан «эки эсе арзан» сатып алышып, аларды ишеним кагаздар аркылуу айдап башташкан.

«Унаанын ээсине ишеним кагаз жаздырып алабыз. Ал унаасын «Кордай» чек ара тозотуна чейин айдап келет. Анан үч айда бир барып бажы декларациясын толтуруп коебуз», — деп билдирген казакстандык Данияр «Азаттык» радиосунун казак кызматына берген маегинде.

Басылманын маалыматына ылайык, 2013-жылдын июлунда Кыргызстанда унаага болгон баалар дээрлик 30 пайызга чейин арзандаган кийин казакстандык сатып алуучулардын көбөйүшүнүн эсебинен жылдын соңуна чейин баалар кайрадан жогорулап кеткен.avensis2006Эмил Үмөталиев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Кыргызстандын базарында андан ары Казакстанга сатууга багытталган унаалардын санынын өсүп кеткендигин кошумчалады.

Бирок казакстандыктардын кыргыз унааларын ишеним кагаздар аркылуу пайдалануу менен жогорку баадагы бажы төлөмдөрүн төлөбөй келиши жергиликтүү жол полициясы менен бажы кызматында көптөгөн көйгөйлөрдү жараткан.

Март айында жол полициясы андай мыйзам бузууларды аныктап, кыргыз унааларын айып төлөөчү жайга алып кеткенден кийин ондогон айдоочулар Алматыда нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

«Бажы кодексинин 470-беренесине ылайык, Казакстандын жарандарына бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн чет өлкөдөн алынып келинген унаалар менен пайдаланууга уруксат берилбейт. Чет өлкөдөн келген унаалар менен Казакстандын аймагына кирген башка өлкөнүн жарандары гана убактылуу (бир жылдан ашык эмес) пайдалана алышат», – деп түшүндүргөн анда кабыл алынган чараларды Алматынын бажы көзөмөлү департаментинин аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Айдар Айтенов.

Анын айтымында, Алматыдан Кыргызстанга 200гө чукул унаа кайра жөнөтүлгөн, бирок казакстандыктар өлкөгө кыргыз унааларын алып кирүү менен мыйзам бузуп жаткандыктарын билсе дагы, унааларды алып өтүүгө дагы деле аракет кылып жатышат.

«Кыргыз номурлары тагылган унаалар мыйзамсыз токтотулуп жатат. Биз өз унааларыбызды мыйзамдаштырууну каалап жатабыз. Биз аларды Казакстанда камсыздандыруудан өткөрүп, салыктарды төлөмөкпүз. Эгер керек болсо бажы төлөмдөрүн да төлөмөкпүз. Бирок биз бажы төлөмдөрү Бажы биримдигине кире электегиден ашпашын каалап жатабыз», — деп билдирген Алматыдагы митингде өзүн «Кыргыз унаасы» кыймылынын лидери деп тааныштырган Валентина Лотикова.

29-майда Астана өткөн жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы республиканын өкмөтү тарабынан жактырылып, Евразия комиссиясынын коллегиясы менен кеңешинен өттү.

Kloop.kgнин кабарчылары эгер бажы төлөмдөрүнүн тарифтери Казакстан менен Орусияныкына теңелсе өлкөдөгү эң популярдуу чет элдик унааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн канча эсеге жогорулай тургандыгын Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнүн эсептегичтерин пайдалануу менен эсептеп чыгышкан:

Макалада унаалардын сүрөттөрү менен баалары «Автогид» басылмасынын уруксаты менен avtogid.kg сайтынан алынды».

Авторлор:  Виталий Белошапкин жана Анна Лелик