Эки жаштагы баланын аталаш тууганы аны сабагандыгын мойнуна алды, бирок зордуктоо болгондугун четке кагууда, деп билдиришти милициядан. Бала көптөгөн жаракаттары жана сексуалдык зомбулук белгилери менен ооруканага жаткырылган болчу.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде баланын аталаш тууганы аны сабагандыгын мойнуна алып, бирок балага «клизма кылгандыктарын» билдирүү менен ага карата зордуктоо болгондугун четке кагып жаткандыгын айтты.

«Биздин маалыматтар боюнча, 15-декабрда бала сабалган. Аталаш тууганы тергөөгө алгач баланын кире бериштеги тепкичтен кулап кеткендигин билдирген. Бирок анын бийиктиги — бир эле метр. Кантип андай болушу мүмкүндүгүн билбейм. Сексуалдык зомбулук боюнча ал балага клизма жасагандыктарын билдирди. Бала өзүн жаман сезсе клизма кылып эмне кереги бар экендиги түшүнүксүз», — деди ИИМдин өкүлү.

Баланын аталаш бир тууганына карата Кылмыш кодексинин «атайылап ден соолукка оор зыян алып келүү» жана «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

«Бүгүн оор жаракаттарды келтирүүгө шектелип баланын аталаш тууганы кармалды. Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесинде каралган эреже боюнча, ал убактылуу кармоочу жайга камалды», — деди Осмонбаев.

Эки жаштагы бала Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасына 11-январда жеткирилген. Дарыгерлердин айтымдарында, учурда ал баш сөөгүндөгү жаракаттарынан улам эсине келе албай жатат.

Оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков баланын денесинде зордуктоонун белгилер бар экендигин билдирген.

«Бизде шектенүүлөрдү жаратып, милицияга кайрылуубуздун себеби — баланын оозунун бир жагы айрылып, аналдык каналынын алдында бир нече тешиктер бар болгон — бул анын кандайдыр бир жаракаты бар экендигинин белгилери. Биз эмне жаракат экенин билбейбиз: мүмкүн зомбулук деле эместир — бир нерсеге катуу отуруп алгандыр… а мүмкүн зомбулуктур. Судмедэксперт аны зомбулук деп эсептеп жатат», — деп билдирди Өмүрбеков Kloop.kgге берген маегинде.

Башкы дарыгердин айтымында, баласын ооруканага алып келгенде атасы анын сабалгандыгы менен зордукталгандыгын четке каккан.

Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасынын маалыматы боюнча, 2014-жылы аларга зомбулук белгилери менен 52 кичинекей бала келип түшкөн.