Эки күн мурун балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилген эки жаштагы бала зордукталган болушу мүмкүн, деп билдирди башкы дарыгер. Милициядан кылмыш ишин козгоо үчүн экспертизанын жыйынтыктарын күтүп жаткандыктарын билдиришти.

Бала ооруканага 11-январда, жекшемби күнү жеткирилген. Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун айтымында, азырынча так эч нерсе белгисиз, бирок «ырайымсыз мамиле кылынгандыгынын» белгилер бар.

Өмүрбеков ооруканага жаткырылган баланын «түрдүү убактарда алган» жаракаттары, сыйрылган, көгөргөн жерлери, түрдүү даражадагы гематомалары бар экенин айтты. Учурда бала баш сөөгүндөгү жаракаттарынан улам эсине келе албай жатат.

«Бизде шектенүүлөрдү жаратып, милицияга кайрылуубуздун себеби — баланын оозунун бир жагы айрылып, аналдык каналынын алдында бир нече тешиктер бар болгон — бул анын кандайдыр бир жаракаты бар экендигинин белгилери. Биз эмне жаракат экенин билбейбиз: мүмкүн зомбулук деле эместир — бир нерсеге катуу отуруп алгандыр… а мүмкүн зомбулуктур. Судмедэксперт аны зомбулук деп эсептеп жатат», — деп билдирди Өмүрбеков Kloop.kgге берген маегинде.

Башкы дарыгердин маалыматы боюнча, баланын денесинде табылган гематомалар баланын кээ бир жаракаттарын 3-4 күн мурун алгандыгын билдирет. Өмүрбековдун айтымында, баланын атасы зомбулук болбогондугун айтып, ишендирүүгө аракет кылууда.

Өмүрбеков 2014-жылы аларга үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган болушу мүмкүн деп шектелген 52 бала келип түшкөндүгүн, 2015-жыл башталгандан бери бул экинчи учур экенин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бала ооруканага 11-январь күнү саат 23:00дөрдө жеткирилген. Ыкчам топтун кызматкерлеринин айтымдарында, туугандары бала жаракаттарды үйгө кире бериштеги тепкичтен кулап кеткенден кийин алгандыгын айтып жатышат.

«Ал жер кулаганда мынчалык жаракаттарды келтирчүдөй деле бийик эмес. Туугандары зордуктоо белгилерин баланын ичи каткандан улам клизма кылгандыктары менен түшүндүрүп жатышат», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Азырынча милиция кылмыш ишин козгой элек — ыкчам топтун кызматкерлери медициналык экспертизалардын жыйынтыктарын күтүп жатышат. Бирок басма сөз кызматынан «окуянын бардык жагдайларын объективдүү иликтөө үчүн» кылмыш иши үч күндүн ичинде козголушу мүмкүндүгүн билдиришти.

Ошондой эле басма сөз кызматынан баланын ата-энеси ажырашып кеткендигин жана ал атасы менен калгандыгын айтышты. Бала туугандарынын — көп балалуу үй-бүлөнүн үйүндө тарбияланып жаткан.