Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси мекеме «салттуу» ислам менен православиянын жардамы менен «башка» диндерге каршы күрөшүү ниетинде экенин билдирди.

6-ноябрда Кыргызстандын президентинин аппаратынын алдындагы Дин иштери боюнча мамкомиссиянын юристи Жаныбек Ботоев мекеме «башка» диндер менен күрөшүү ниетинде экенин билдирди.

«Салттуу диндер гана эсептелишет, эми мамлекет акырындык менен башкаларына да кирише баштайт. Менин оюмча, биз салттуу диндердин жардамы менен бүгүн өздөрүн эркин сезип жүргөн башка диндер менен күрөшүп баштайбыз», — деди Ботоев.

Анын айтымында, 2010-жылдан бери мамкомиссия Мусулмандар дин башкармалыгы жана Орус православ чиркөөсү менен биргеликте бир нече ири «секталарды» жапкан.

«Алардын арасында Мун чиркөөсү, Саентология чиркөөсү жана Ахмадий мусулман коому бар. Шийит багытындагы дагы бири мыйзамсыз иштеп жүргөн», — деп билдирди Ботоев.

Анын айтымында, салттуу эмес диндер тарапташтарын тартуу үчүн 90-жылдардын башындагы экономикалык каатчылыктан пайдаланышкан.

«Алар дароо учурдан пайдаланышып, өз иштерин башташты, жамааттар ислам менен православиянын ишенген тарапташтарын өздөрүнө тарта салышкан», — деди юрист.

Ботоев кайсыл конфессияларды «башка дин» катары эсептей тургандыгын түшүндүрүп айтып берген жок.

Тема боюнча: Кыргызстан динди көзөмөлдөөнү күчөтүүдө [+видео]