Мамлекеттик дин саясатынын концепциясынын кабыл алынышы дин тутуу эркиндигин катаалдатууга багытталган, деп билдирип жатышат дин таануучулар. Бийликтегилер болсо жаңы кадамдар экстремизмге каршы күрөшүүгө жана «ашыкча кетпеген» конфессияларга үгүттөөгө жардам берет деп эсептешүүдө.

3-ноябрда президенттин алдындагы Коргоо кеңеши дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын жактырды — өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин айтымында, документ диний агартуучулуккаё жана экстремизм менен күрөшүүгө багытталган.

«[...] ислам элдердин руханий баалуулуктары менен келишкендикте, аларга күч менен кийлигишпей, сый көрсөтүү менен өнүгүшү керек. Ушундай шарттарда гана коомдо динчилдик менен адептүүлүк кеңири өнүгө алмак», — деп билдирди президент.

Конфессиялар аралык кеңештин дин таануучусу Галина Колодзинская экстремизм менен күрөшүүнүн артында мыйзам чегинде иш алып барган диний уюмдар менен конфессиялардын ишмердүүлүктөрүн чектөөлөр тураарын айтат.

«Эгер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кандайдыр бир жолдор менен ал өзгөртүүлөрдү парламенттин үч окуусунан тең өткөрө алып, ал кабыл алына турган болсо, биринчи кезекте мыйзамдын чегинде иш алып барган диний уюмдар жабыркашат, андайлар Кыргызстанда азчылыкты түзүшөт», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Дин ишенимдерине тыюу салбоого көмөктөшүү менен алектенген норвегиялык «Форум 18» укук коргоо уюму концепция менен ага киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү «өтө катаал» деп атады.

«Форум 18дин» сайтындагы макаланын автору Мушфиг Байрам концепциянын кабыл алынышы менен Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске жана дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарга да өзгөртүүлөрдүн киргизилиши күтүлөөрүн жазган.

«Кыргызстан дин мыйзамдарын катталдатып, дин тутуу эркиндигин мамлекет тараптан берилчү уруксатка көз каранды кылууну сунуштап жатат», — деп жазган автор.

Концепцияга ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын лицензиясы жана уруксаты жок мыйзамсыз диний ишмердүүлүк жүргүзгөндөр үчүн эң катаал санкция 70 миң сом өлчөмүндөгү айып пулду түзөт.

Колодзинская сунушталып жаткан чектөөлөргө ылайык, диний уюмдарга каттоодон өтүү оорураак болуп, андан улам алар мыйзамсыз деп табыла тургандыктарын айтат.

«Диний уюмдардын абдан ишенген жактоочуларынын саны 200дөн 500гө чейин жогорулайт — Кыргызстандагы диний уюмдардын көпчүлүк бөлүгү бул ченталапты аткара алышпай, мыйзамсыз болуп калышат», — дейт ал.

Улуттук коопсуздук үчүн

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынындагы сөзүндө эгер улуттук коопсуздук маселелерине байланышкан нерсе болсо дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл күчөй тургандыгын гана билдирди.

«Белгилүү болгондой, радикалдуу исламдашуунун чыныгы исламга эч кандай тиешеси жок. Ал жалпы мусулман дүйнөсүнө чоң коркунуч жаратат. Бирок бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлорго байланыштуу кыргыздарга, калыптанып келе жаткан кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрүнө  өзгөчө коркунуч туудурат», — деп билдирди ал.

Атамбаевдин дин боюнча айткандарынын төркүнү

Skrinshot-05.11.2014-160407Президенттин алдындагы Улуттар жана диндер аралык мамилелер боюнча эксперттик кеңештин өкүлү Назира Курбанова диний саясатты катаалдатуу — Ирак жана Леванта Ислам мамлекети (ИГИЛ) сыяктуу сырткы коркунучтардын таасири менен күрөшүү үчүн киргизилип жаткан аргасыз чара экенин айтат.

«Биз ИГИЛ террористтик уюмунун коркунучун, биздин жарандардын Сирияга кетип жаткандыктарын көрүүдөбүз. Бул маселелер дал улуттук жана мамлекеттик коопсуздук максатындагы көзөмөлдө болушу керек», — деди Курбанова Kloop.kgге берген маегинде.

Мамлекеттик эксперттин айтымында, дин саясатынын 2006-жылдагы концепциясы «либералдуу» болуп, «кыргыз реалдуулугуна» туура келген эмес — айтымында, учурда сунушталып жаткан өзгөртүүлөр буга чейинки концепциялардан кыйла айырмаланат.

«Бул концепциядагы эң башкы нерсе — мында мамлекеттик конфессионалдык мамилелердин уникалдуу кыргыз үлгүсү түзүлүүдө. Президент Атамбаев Кыргызстанда ислам кыргызча болушу керек деген оюн айтты. Бул эмнени түшүндүрөт? Исламды кармануунун формасы дайыма калктын менталитетин, маданияты менен каада-салтынын өзгөчөлүктөрүн эске алуусу керек», — деди ал.

Курбанова диндерди жана диний уюмдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү «жактырбаган каршы пикирлерди» жарата тургандыгын түшүнөт, бирок ал либералдуу мыйзамдар күчтүү мамлекеттерде гана иштейт деп эсептейт. Бирок анын пикиринде, азырынча Кыргызстан андай өлкөлөрдүн катарына кирбейт.

«Мүмкүн эркиндик берүүгө мүмкүн боло турган убакыт келээр. Бардык мамлекеттерде ушундай кылышат. А бизде, Кыргызстанда тескерисинче болуп калды — араба аттын алдына түшүп алды. Катаал тоталитардык моделден кийин биз кыргыз реалдуулугун эске албастан эле либералдуу моделге секирип кеткенбиз», — деди эксперт.

«Экстремизм менен күрөшүү»

Конфессиялар аралык кеңештин өкүлү Галина Колодзинская тескерисинче, жаңы кабыл алынган концепция экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө эч кандай таасирин тийгизбейт деп эсептейт.

«Эгер кырдаалга чындап карай турган болсок, алардын ишмердүүлүктөрүн токтотууга мамлекетте ресурстар жок — өлкөдө диний экстремизм менен терроризмге каршы иш алып барган ИИМдин болгону 980 кызматкери бар. Бул өтө аз. Алардын айлык маяналары менен техникалык камсыздоолору да начар», — деди ал.

Дин таануучу адамдардын экстремисттик уюмдарга тартылып жатышы мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү туура эмес саясатына байланыштуу эмес деп эсептейт — айтымында, анын себептери экономикалык жана социалдык тармактардагы көйгөйлөрдө жатат.

«Адамдардын андай радикалдуу уюмдардын мүчөсү болууну артык көрүп жаткандыктарынын объективдүү себептери бар. Көпчүлүк учурларда ал жөнөкөй эле жакырчылык. Андай уюмдар колунда жок адамдарга каржылык жактан жардам беришет, мисалы, дарыланууга кеткен акчасын төлөп берип. Ошентип алар коомдо кадыр-баркка ээ болуп башташат», — деп түшүндүрдү Колодзинская.

Анын пикиринде, мамлекет көзөмөлдү күчөтүү менен алектенбестен, светтик сабаттуулук менен социалдык-экономикалык процесстерге көбүрөөк көңүл бурушу керек.

«[Экстремисттик уюмдардын] калк арасында популярдуу болушунун себеби социалдык-экономикалык төмөндүктө жатат жана анын динге түздөн-түз тиешеси жок», — деп эсептейт дин таануучу.