Бишкекте жылуулук берүү 27-октябрда башталат

Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев 2014-2015-жылкы жылуулук берүү сезонуна баары даяр экенин, болгону Бишкек мэриясынын уруксаты гана керек экенин билдирди.

«Жылуулук үйлөргө төрт-беш күндүн ичинде берилет. Учурда ысык суу үчүн Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) эки от казан иштеп жатат, 27-октябрда дагы алты от казанды кошобуз», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы Воропаевдин айткандарын.

Жылуулук электр борборунун директору кампаларда кыштан чыгуу үчүн керек болгон 1 млн. 57 миң тоннанын 108 миң тоннасы бар экенин кошумчалады. Аны менен катар ЖЭБ кошумча көмүр жеткирүү боюнча келишимдерди түзгөн.

Воропаев кышкы мезгилде 16 от казандын 13ү дайыма иштей турганын айтты — а калган үчөөсү эгер кошумча жүктөлүш болсо ишке киргизилет.

Сентябрдын башында президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы кышкы мезгил үчүн өлкө башчысы Бишкек ЖЭБине 100 миллион куб метр газ жеткирүү боюнча «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер менен макулдашканын жазган.

Тема боюнча: Жылуулук берүү сезону: Кыргызстан кышка таш доорунда даярданууда

Бийликтегилердин билдирүүлөрү боюнча, 2014-2015-жылкы жылуулук берүү сезону «жеңил» болбойт. Энергетика министрлиги, тактап айтканда, мекеменин жаңы башчысы Кубанычбек Турдубаев кышында маал-маалы менен өчүрүүлөр болорун убадалады.

Мындай кооптонуулар Токтогул гидроэлектрстанциясынын суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам жаралууда. Станция электр энергиясын сууну сыртка чыгаруу менен иштеп чыгат. Эксперттердин айтымдарында, андагы суунун көлөмү жыл сайын Кыргызстандын жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыгын аныктайт.

Бийликтин акыркы маалыматы боюнча, учурда Токтогул ГЭСинде суунун нормасынын 75 пайызга чукулу бар.

Октябрдын ортосунда Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 1 млрд. киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү боюнча казак кесиптеши Карим Масимов менен макулдашкан.

Тема боюнчаКризистүү кышта эмне менен жылынуу керек

Энергетикалык каатчылык өлкөнүн түштүгүндөгү газ каатчылыгынан улам да оорлоп жатат. Кыргызстандын түштүгүндө 60 миң абонент үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери көгүлтүр отунсуз жашап келет.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев августтун ортосунда кыргызстандыктарды көмүр камдап алууга чакырган — анын айтымында, кышында электр энергиясы «ашкере байлыкка» айланат.

Өкмөт өлкөнүн ар бир облусунда көмүр сатуу жайларын уюштуруп, сауна, ресторан, курулуш объектилери жана унаа жуучу жайлардын электр энергиясы менен жылытуу системалары өчүрүлө тургандыгын убадалаган.