Кризистүү кышта эмне менен жылынуу керек: пенопласт, кебез жана инфракызыл жылыткычтар

Кыргызстандыктар жылуулук берүү сезонун энергетикалык жана газ каатчылыгын фонунда тосуп алып жатышат. Kloop.kgнин редакциясы кризистүү суук мезгилде пайдаланууга мүмкүн болгон альтернативдүү жылуулук системаларынын  тизмесин түздү.

Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгы, өлкөнүн түштүгүндөгү газ каатчылыгы, өкмөттүн кубанычсыз божомолдоолору — мунун бардыгы Кыргызстан кышты жылуулук, электр жарыгы жана газы жок «таш доорунда» тосуп алышы мүмкүндүгү тууралуу айтууда.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев

Жылуулук берүү сезону: Кыргызстан кышка «Таш доорунда» даярданууда

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жайдын аягында эле кыргызстандыктарды үйлөрдү жылытуунун альтернативдүү булактарын издөөгө, анын ичинде көмүр камдоого чакырган.

«Кышында үйлөрдү жылытуу жана тамак жасоо максатында салыштырмалуу отундун анча кымбат эмес түрү болгон көмүрдү пайдалануу үчүн аны керектүү көлөмдө камдап алгыла. Отун базалары жана көмүр сатуу жайлары өлкөнүн бардык аймактарында ачылат, көмүрдүн баасына монополияга каршы күрөшүү органы көзөмөл кылат», —деп билдирген анда өкмөт башчысы.

Балдарын жалгыз багып жаткан Гүлнара Зибинова «Мадина» базарын тазалап иштейт. Премьер-министрдин кеңештерин орундоого аракет кылып жаткандардын бири. Ал жыл сайын көмүр сатып алууга акча камдап келет.

Бирок жакындап келген каатчылыктын фонунда Зибинова көмүр кымбаттап жаткандыктан үйүн жылытууга отундун бул түрүн сатып ала албай каламбы деп сары санаа болууда.

«Үйдү көмүр менен жылытабыз, бирок көмүр кымбаттап жаткандыктан отун камдап, базардан картон кутуларды сатып алып жатабыз. Тигүү цехтерине барып бычуудан кийин калган кездемелердин кесиндилерин сурайбыз», — дейт ал.

Зибинованын айтымында, ал жыл сайын терезелерин эски гезит кагаздары менен жылуулайт, а эшиктериндеги жылчыктарды синтепон менен бүтөйт. Бирок бул ыкма дайыма эле жардам бербейт — анын саман үйүнүн бурчтары ным, а тактай полу муздак бойдон калат.

Бишкектеги «Мега Комфорт» базарындагы сатуучулар үйлөрдү жылытуунун жана жылуулоонун альтернативдүү, заманбап ыкмаларын сунушташат. Бирок алар дагы деле Зибинова сыяктуу адамдардын каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн сыртында калууда.

Үйдү эмне менен жылуулоо керек

Курулуш материалдарын саткан Медер Шакиров негизинен жылуулук материалдардын үч түрүнө — пенопласт, пеноплекс жана минералдуу кебезге суроо-талаптын жогору экенин айтты.

Пенопласт — имаратты сыртынан жылуулоо үчүн эң арзан материал, рынокто жогорку суроо-талапка ээ, бирок күйгөндө уулуу газ бөлүп чыгаргандыктан коопсуз эмес. Бишкекте анын 5 сантиметрлик калыңдыктагы 1 чарчы метрин 80 сомдон 250 сомго чейинки баада сатып алса болот.IMG_8263

Пеноплекс — пенопласттын нымдан коркпой турган, жакшыртылган варианты. Албетте, анын баасы кымбатыраак — 5 сантиметр калыңдыктагы 1 чарчы метри 350 сомдон 390 сомго чейин. Пенопласт сыяктуу эле пеноплекс да колдонууда экологиялуу эмес.IMG_7413

Минералдуу кебез — Шакировдун ишендирүүсү боюнча, «узакка кызмат кылган, коопсуз жана экологиялык» материал. Мындай кебез эритилген айнектен же тоотектерден даярдалат. Ал күйгөндө газ бөлүп чыгарбайт, бирок ным болгондо жылуулукту 50 пайызга жоготот. Баасы — 5 сантиметрлик калыңдыктагы 1 чарчы метри үчүн 70 сомдон 500 сомго чейин.shutterstock_11771506911 (1)Сатуучунун айтымында, сатууда үйлөрдү жылуулоочу атайын сырлар менен шыбактар болгон, бирок кардарлар жаңы технологияны түшүнбөгөндүктөн улам аларды сатпай калышкан.

Жаңы технологиялар

Алексей Суханов жеке үйлөргө жылуулук системаларын орнотуу менен алектенет — анын айтымында, имараттарды жылытуунун жаңы технологиялары салттуу газ жана дизель системаларына караганда натыйжалуу жана үнөмдүүрөөк.

Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде ал Кыргызстан үчүн жаңы болгон бир нече жылуулук системаларын санап берди: ннфракызыл жылыткычтар жана пленкалуу жылуу полдор системасы. Булар электр энергиясын үнөмдүү пайдалануунун эсебинен иштешет.

Инфракызыл жылыткыч???????????????????????????????Инфракызыл жылыткыч — шыпка орнотулчу пленкалуу инфракызыл жылыткычтардын системасын элестетет. Жылыткычтар электр энергиясына кошулат да, узун толкундуу жылуу нурларды таратат.

«Эреже катары шыптан ысыган пленка абаны кургатпайт жана чаңды кетирбейт. [...] Энергокаатчылыкта инфракызыл жылыткычтар – идеалдуу вариант, анткени бул система электр энергиясын 82 пайызга чейин үнөмдөйт», — деди Суханов.

Плёнкалуу полдор1359013383_infrakrasny-hot-pol11Пленкалуу жылуу полдордун кыргыз рыногунда пайда болгонуна көп деле болгон жок. Система төмөндөгүдөй жол менен иштейт: ийилме пленкалуу полдор инфракызыл нурлардын негизинде жылуулук иштеп чыгарат да табигый графиттин эсебинен эч кандай жоготуусуз электр энергиясына өзгөрөт.

Алар полдун каалаган төшөлмөсүнүн алдына — ламинат, тактай, ковролин, паркет же линолеум — орнотулат. Адистин айтымында, мындай полдор негизги жылуулук берүүчү система катары да, ошондой эле кошумча жылуулук берүү системасы катары да кызмат кыла алышат.

Полдорду орнотуу менен алектенген түштүк кореялык Green Life компаниясы система экологиялык таза жана электр энергиясын пайдалануу жагынан алганда эң үнөмдүү экенин билдирүүдө.

Бишкектин жашоочусу Марина Любченко электр энергиясы жок жеке тамда турат. Ал үйдөгү жылуулукту кармап туруу үчүн пленкалуу полду электр энергиясы менен кубаттандыра турган бензин генераторун пайдаланат.

Бирок анын айтымында, өлкөдөгү электр энергиясына киргизилип жаткан чектөөлөрдүн фонунда жылуу пол технологиясы толук күчүндө иштебейт.

«Азыр генератор үчүн бензин сатып алып жатабыз, бирок силер билгендей, азыр бензиндин баасы көтөрүлүп жатат. Үч фазалуу электр камсыздоо системасына да бааларды жогорулатышты. Биз жылуу электр полдорун орнотконбуз, бирок чыңалуунун төмөндүгүнөн алардан пайда деле жок», — дейт Любченко.BOPo53lCAAAf7IO1

Энергокаатчылык

Кыргызстан Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам энергетикалык каатчылыкка туш болууда. Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, ал ГЭСтеги суунун көлөмү жыл сайын Кыргызтандын жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыгын аныктайт.

Аны менен катар абалды Өзбекстан газ берүүсүн токтоткондон кийин, 2014-жылдын апрелинен бери уланып келген өлкөнүн түштүгүндөгү газ каатчылыгы да оорлотууда.

Вице-премьер-министр Валерий Диль отун-энергетикалык комплекси боюнча парламенттик комитеттин башчысы Кожобек Рысбаевге жазган катында энергетикалык тармактагы абалды «кризистик» жана «оор» деп атаган.

Аны менен катар өкмөт үстүбүздөгү жылдын жайында электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга болгон тарифтерди көтөргөн. Өз кезегинде ал өлкөнүн жашоочуларынын нааразычылыктарын жараткан — Нарын шаарында сентябрдын башында тарифтердин көтөрүлүүсүнө каршы митинг өткөн, бирок митингдин катышуучуларын милиция кууп тараткан.