Видео: Орусиянын Кыргызстандагы элчиси «Путин пабды» жабууну убадалады

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин башчысы Андрей Крутько «Путин паб» деген аталышты мыйзамсыз деп эсептейт. Ал пабды жабуу өтүнүчү менен Бишкектин мэрине кайрылуу ниетинде. «Путин пабдын» өкүлдөрү эч кандай мыйзам бузбагандыктарын айтып жатышат.

Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько «Вечерний Бишкек» интернет-порталына берген маегинде Бишкектеги «Путин пабдын» аталышына нааразы экенин билдирип, аны «жаап салуу» өтүнүчү менен борбордун мэрине кайралаарын убадалаган.

«Жазууларын көрдүм. Ал жазуулардын баарын алып салуу өтүнүчү менен мэрге кайрылам, анткени ал мыйзамсыз аракет. Менин оюмча, бардын өзүн болбосо да анын аталышын алдыртабыз», — деп билдирген дипломат.

Анын айтымында, орусиялык президенттин ысымын бар менен байланыштыруу «туура эмес».

«Обамада» [ресторанда] грилдер менен стейктер боло берсин. А Владимир Владимировичти белгисиз тамактануу жайына байланыштыруу — туура эмес. Мен муну менен күрөшөм», — деген Крутько.

«Путин пабдын» өкүлү Артём Колосов Kloop.kgге берген маегинде бар мыйзамдуу иштеп жатканын билдирди.

«Бизди жаап салууга кандай негиз бар? Же биз кайсыл бир мыйзамды бузуп жатабызбы? Биз Владимир Владимирович Путин деп аталбайбыз. Биз ПУТИН деп аталабыз. Бул жөн гана фамилия. Мен эске салып коеюн, Путин деген бул адамдын ысымы эмес, бул фамилия! Биз аталышын аныктоодо алгач 10-20 варианттын арасынан тандап алганбыз. Анан «Путин» деген аталыш жеңип чыккан! А аны ким кандай интерпретациялайт — ар кимдин өз иши. Ар бир адамдын өз фантазиясы бар да», — деди Колосов.

Анын айтымында, талаш-тартыштар жарала турган болсо алар бардык маселелерди укуктук негизде чечет.

«Ал өз пикирин билдирди. Ар бир адам жеке пикирин айта алат. Эгер бир нерсе болсо укуктук талаада күрөшөбүз», — деди ал.

«Адепсиз жарнактар»

Сентябрдын ортосунда шаар бийлиги «Путин пабдын» көчөлөрдөгү жарнак такталарын алып салган. Бул кадамын алар жарнаманын «адепсиздиги», «анык эместиги» жана Орусия башчысынын сүрөтүн пайдаланууга уруксаттын жоктугу менен түшүндүрүшкөн.

Анда Бишкек мэриясынын алдындагы сырткы жарнама бөлүмүнүн башкы адиси Авалкан Шергазиева Kloop.kgге берген маегинде аларга «жогору жактан» телефон чалышып, жарнак тактаны алуу тапшырылгандыгын айткан.

«Бизге жогору жактан чалып, алгыла деп айтышты. [...] Путин сүрөтүн коюп, анын атынан паб ачууга уруксат берген эмес да. Ага айтпай туруп ачылган. Бул деген паб да — анда ушуга байланышкан бир нерсе… Ал бар же бордель сыяктуу. Биз эмне экенин так айырмалай албайбыз», — деген ал.

Анда бардын өкүлдөрү бийликтин ал билдирүүсүн «сандырактык» деп атаган.

«Бул сүрөттөн ар бир адам кимди көргүсү келсе ошону көрөт. Мүмкүн ал «Камеди Клабда» Путинди туураган Диманын сүрөтүдүр?» — деп  билдирген бардын арт-директору Kloop.kgге берген маегинде.

«Путин пабдын» ачылышы Бишкекте 10-октябрда болгон.

Тема боюнча: Бишкектин бийлиги «Путин пабдын» жарнак такталарын алып салды