Бишкек мэриясы «Путин пабдын» жарнак такталарын алып салды

Бишкек мэриясы Орусиянын президенти Владимир Путиндин аты коюлган пабдын жарнак такталарын алып салды. Шаар бийлиги муну жарнаманын «адепсиздиги», «анык эместиги» жана Орусия башчысынын сүрөтүн пайдаланууга уруксаттын жоктугу менен түшүндүрүүдө.

Бишкектин борборуна илинген «Путин пабдын» төрт жарнак тактасы алынды — Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Чынгыз Жантаев аттуу өкүлүнүн айтымында, ал такталар «адепсиздиги» үчүн алынды.

«Путин мамлекет башчысы, Орусия Федерациясынын президенти болгондуктан ал адепсиз жарнама деп эсептелет. […] Анын болжолдуу макулдугусуз образын пайдалануу адепсидик», — деди Жантаев Kloop.kgге берген маегинде.

Ал жарнак тактада «Putin Pub. Скоро. Жакында» деген жазуусу бар Путиндин сүрөтү тартылган.

Мамагенттиктин өкүлүнүн айтымында, ал жарнак такталары сырткы жарнама жөнүндөгү мыйзамдарды бузат — анда кардар үчүн эч кандай маалымат жазылган эмес.

«Анда үч мыйзам бузуу бар — андагы билинбеген жарнама, бардын каякта жайгашкандыгы, канчасында ачыла тургандыгы сыяктуу кардар үчүн эч кандай маалымат жок. Үчүнчү мыйзам бузуу — бул биздин урматтуу Владимир Владимирович Путиндин ал пабга келет деген анык эмес жарнама», — деди ал.

Жантаев мамагенттик жарнак такталарын кандай кабыл алып жаткандыктары тууралуу шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзгөндүгүн билдирди — айтымында, сурамжылоого катышкандардын көбү жакында Бишкекке Путин келет деп ойлошкон.

Азырынча жарнама берүүчүгө айып пул салына элек.

«Айып пулдун өлчөмүн айта албайм, анткени биз азырынча жарнама берүүчүнүн юридикалык же жеке жак экендигин аныктай элекпиз. Айып пулдар юридикалык жактар үчүн 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин, жеке жактар үчүн 1000 сомдон 2000 сомго чейинки сумманы түзөт», — деди Жантаев.

Анын айтымында, эгер ал жарнак такталары Бишкектин көчөлөрүндө кайрадан пайда боло турган болсо алар дароо алынат да, жарнама берүүчүгө айып пул салынат.

Бишкек мэриясынын алдындагы сырткы жарнама бөлүмүнүн башкы адиси Авалкан Шергазиева Kloop.kgге берген маегинде аларга «жогору жактан» телефон чалышып, жарнак тактаны алуу тапшырылгандыгын айтты.

«Бизге жогору жактан чалып, алгыла деп айтышты. [...] Путин сүрөтүн коюп, анын атынан паб ачууга уруксат берген эмес да. Ага айтпай туруп ачылган. Бул деген паб да — анда ушуга байланышкан бир нерсе… Ал бар же бордель сыяктуу. Биз эмне экенин так айырмалай албайбыз», — деди ал.

«Бул сандырактык жана мыйзамсыз»

«Путин пабдын» арт-директору Артём Колосов Kloop.kgге берген маегинде бийликтегилердин жарнак такталарынын «адепсиздиги» жөнүндөгү дооматтарын «сандырактык» деп атады.

«Бул сандырактык. Путиндин өзүнөн кантип уруксат алмак элек? Биринчиден, ар бир адам бул сүрөттөн кимди көргүсү келсе ошону көрөт. Мүмкүн «Камеди Клабда» Путинди туураган Диманын сүрөтүдүр?» — деп таңданды Колосов.

Анын айтымында, Бишкекте «америкалык барлар көбөйүп кеткендиктен» паб Путиндин атынан аталган.

«Бизде прогрессивдүү жаштардын орус пабын ачуу идеясы болгон, анан жөн эле Putin Pub деп аталып калды», — деди арт-директор.

Колосов Бишкек бийлигинин талаптарын «мыйзамсыз» деп эсептейт жана эгер зарылдык болсо алар менен соттошуп баштоого даяр экенин кошумчалады.

«Эгер соттошуу керек болсо, эч кандай көйгөй жок, соттошобуз. Төрт жарнак тактасын алып салышты, биз аларды 2-3 күндөн кийин кайра илип койдук. Жөн эле алып салуу — бул мыйзамсыз», — деди ал.