Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары каражаттын максатсыз пайдаланылгандыгын четке кагышууда

Үстүбүздөгү жылдын сентябрынын ортосунда Чолпон-Атада өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы иш-чараны уюштуруудагы чыгымдардын сметасы тууралуу кечээ жарыяланган маалыматтардын «жалган» жана «чагымчылдык кылуу максатында» жасалгандыгын билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары кечээ интернетте пайда болгон оюндарды өткөрүүдөгү чыгымдар көрсөтүлгөн маалыматтардын туура эмес экендигин билдиришти — иш-чаранын болжолдуу бюджети 1-сентябрда «Дизель» форумуна жарыяланган.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы сайтты жасоо үчүн жалпы жонунан 130 миң доллардын — иштеп чыгуу үчүн 20 миң жана аны интернетте жайылтууга 110 миң АКШ долларынын бөлүнгөндүгү жөнүндөгү маалыматты төгүндөдү.

«Веб-сайтты иштеп чыгып, колдоо үчүн интернет-басылмаларда айтылгандай жалпысынан 130 миң доллар эмес, 4 миң АКШ доллары жумшалган», — деп билдиришти уюштуруучулар.

Алардын берген маалыматтарына ылайык, оюндарды өткөрүү үчүн бюджеттен 72,5 млн. сом (болжол менен 1,4 млн АКШ доллары) бөлүнгөн — уюштуруучуладын айтымдарында, бул акча Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөө жана шаардын айланасындагы инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат.

«Учурдагы инфраструктуранын бардыгы тең Кыргызстанда калат, а ат майданы келечекте өлкөдөгү туризм менен спортту өнүктүрүү максатында Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн пайдаланылат», — деп билдиришти уюштуруучулар.

Алардын айтымдарында, чыгымдардын басымдуу бөлүгү демөөрчүлөр тарабынан жабылып жатат — мисалы, роликтер менен презентациялык тасманы даярдоо, оюндарды жайылтуу жана теле аркылуу көрсөтүү мамбюджет тарабынан каржыланбайт.

Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү чыгымдар көрсөтүлгөн маалымат 1-сентябрь күнү «Дизель» форумунун Milk аттуу колдонуучусу тарабынан жарыяланган жана дароо эле колдонуучулардын кыжырданууларын жараткан — жарыяланган документтерге ылайык, бир гана сайтты иштеп чыгуу үчүн  20 миң доллар, ал эми «Көчмөндөр оюндарын» интернетте жайылтууга 110 миң АКШ доллары бөлүнгөн.

Бирок сайтты иштеп чыккан компаниянын башчысы Kloop.kgге берген маегинде сайтты иштеп чыгуу үчүн аларга 208 миң сом (4 миң долларга чукул каражат) төлөнүп берилгендигин билдирген.

Сайттын өзү иштетүү үчүн даяр үлгүлөрдү, темаларды жана плагиндерди пайдаланган «Вордпресс» платформасында иштелип чыккан.

«Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» — алыш күрөш, көк-бөрү, тогуз-коргоол сыяктуу спорттун этникалык түрлөрү боюнча мелдештердин топтому.  Оюндар Чолпон-Ата шаарында 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт.

Жалпысынан оюндарды өткөрүүгө бюджеттен 3 млн. АКШ доллары бөлүнгөн — бул тууралуу буга чейин маданият министри Камила Талиева билдирген болчу.