Иштеп чыгуучу «Көчмөндөр оюнунун» сайтын жасоого 20 миң доллар жумшалгандыгын четке кагууда

Сентябрь айында Кыргызстанда өтө турган «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну» үчүн сайт иштеп чыгууга болжолдуу чыгымдардын сметасында көрсөтүлгөндөн беш эсе аз каражат жумшалган, деп билдирди ресурстун иштеп чыгуучусу.

«Көчмөндөр оюнун» өткөрүү боюнча болжолдуу чыгымдардын сметасы «Дизель» интернет-форумунун Milk аттуу колдонуучусу тарабынан 1-сентябрда жарыяланды.

Андагы көрсөтүлгөн суммалар дароо эле колдонуучулардын нааразычылыктарын жаратты — документке ылайык, бир эле сайтты иштеп чыгуу үчүн 20 миң доллар, ал эми «Көчмөндөр оюнун» интернетте жайылтууга 110 миң АКШ доллары бөлүнгөн.

Жарыяланган смета:smeta-1cvtnf-2Бирок азырынча бул сметанын чын-төгүнүн оюндарды уюштуруучулардын эч кимиси ырастай элек — Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаев каржылык маселелер менен алектенбестигин, даярдыктар үчүн гана жооптуу экенин билдирди.

«Көчмөндөр оюнунун» сайты иштетүү үчүн даяр үлгүлөрдү, темаларды жана плагиндерди пайдаланган «Вордпресс» платформасында иштелип чыккан.

TLN Company компаниясынын иштеп чыгуучусу, уюмдун башчысы Төлөгөн Аматов Kloop.kgге берген маегинде сайты иштеп чыгуу үчүн аларга 208 миң сом (4 миң долларга чукул каражат) төлөнгөндүгүн билдирди.

«Жумуш үч айдан ашык убакытка созулду — анда нюанстар абдан көп болчу, дизайнын кайрадан жасап, сайтты эң башынан баштап көтөрдүк. Техникалык жагынан алганда бизде көп милдет болгон. Биз баарын эсептедик, жыйынтыгында 208 миң сом болуп чыкты», — деди ал.

Аматовдун айтымында, сайттын негизи катары даяр үлгү алынып, андан соң ал буйрутма бергендердин каалоосуна жараша бир нече жолу кайрадан иштелип чыккан.

«Анда бизде жалгыз дизайнды иштеп чыгуу боюнча гана жумуштар болгон эмес, контенттин үстүнөн иштөө да бар болчу. Биз ар дайым министрликке барып макулдашып турдук, тактап айтканда, физикалык жумуштар да көп болгон», — деди иштеп чыгуучу.

Аматов бүгүн, 1-сентябрда, «Көчмөндөр оюнун» өткөрүүгө жооптуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Максат Чекиев менен сүйлөшкөнүн жана ал жарыяланган чыгымдардын сметасын четке каккандыгын айтты.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Чакиевдин өзү жеткиликсиз болууда.

Макала жарыяланаардын алдында «Көчмөндөр оюндарын» уюштуруучулардын бири Каныбек Таалайбек программист Михаил Агеевдин «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүнө жазган комментарийинде жарыяланган чыгымдар сметасын кыйыр түрдө четке какты.

«Саламатсызбы, Михаил Агеев. Сайт боюнча маалыматты кайдан алганыңыз кызыктуу болуп жатат, сумма боюнча сиздерде 20 000 $, муну кайдан алдыңыз же эч кимдин кол тамгасы, мөөр басылбаган жөнөкөй эле кагазга таянып жатасызбы, андайды мен да жазып кое алам», — деп жазган ал сөзмө сөз.

«Жөнөкөй адамдар түшүнүшпөйбү

Дизайнер Никита Тарасенко «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу сайтты, анын ичинде жасалгалоосу менен логотибин иштеп чыгуу үчүн жумшалган каражаттын көптүгүнө нааразы болгон.

«[...] Алардын бул болбогон логотип менен фирмалык стилине канча акча төлөгөндүктөрүн элестетип жатам! Өтө өкүнчүчтүү. Идея жакшы, а ишке ашырылышы абдан начар!» — деп жазган ал.

«Дизель» форумунун колдонуучулары дээрлик болжолдуу чыгымдардын сметасы жарыяланаары менен сайтты иштеп чыгууга жумшалган каражаттын өлчөмүнөн күмөн санап башташкан.

«Чиновниктер чын эле жөнөкөй адамдар айырмасын түшүнбөйт деп ойлоп жатышабы? Айланадагылардын бардыгы боз үйдө жашап, заманбап технологиялар боюнча түшүнүктөрү жок жана сайттарды жасоо кызматынын баалары боюнча эч нерсе билишпейт деп ойлоп жатышат окшойт» — деп жазган kappa аттуу колдонуучу.

«А эмне… сайт кооз, көркөм [...] сайт 20 миңге жакындайт — жөнөкөй чиновник ушинтип ойлойт, башкалар да ошондой кабыл алат деп ойлойт», — деп нааразычылыгын билдирген farafira деген колдонуучу.

Let it Be деген ысым менен катталган форумчу сайтты иштеп чыгуудагы чыгымдардын максаттуулугунан күмөн санап, факты жүзүндө чыгымдар домендик ысым үчүн төлөөгө гана кете тургандыгын жазган.

«Эгер үлгүсү бекер, кыймылдаткычы бекер жана эч нерсе вёрсткаланбаса, анда аны компьютер боюнча кичине түшүнүгү бар жөнөкөй колдонуучу деле жасап коет. [...] Кайдагы 20000 доллар? Акчаны ушинтип жешет», — деп жазган Le it Be.

«Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары» — алыш күрөш, көк-бөрү, тогуз-коргоол сыяктуу спорттун этникалык түрлөрү боюнча мелдештердин топтому.

Жалпысынан оюндарды өткөрүүгө бюджеттен 3 млн. АКШ доллары бөлүнгөн — бул тууралуу буга чейин маданият министри Камила Талиева билдирген болчу.