Диний уюмдар сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерге кайрадан каршы

Бир нече диний жана саясий уюмдар мектеп окуучулары үчүн чыгарылган сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелерге тыюу салууга чакырып жатышат — алар китепчелер мектеп окуучуларынын арасындагы никесиз жыныстык катнашты пропагандалап жатат деп эсептешүүдө. Китепченин авторлору бул маалыматты четке кагып жатышат.

«Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун башчысы Кадыр Маликов «Репродуктивдүү саламаттык альянсы» тарабынан чыгарылган сексуалдык тарбия берүү жөнүндөгү китепчелер «коомдун диний жана моралдык принциптерине» карама-каршы келет деп эсептейт.

Маликов Kloop.kgге берген маегинде муфтият менен Орус православ чиркөөсү китепчелерди «бузуку» деп тапкандыктарын билдирди.

«Жаштардын арасында жыныстык катнаштын ар кайсы түрлөрү менен бойдон алдыруу жолдорунун оңой эле жеткиликтүүлүгүн пропагандалоо – улуттун генофондун бузуу, салттуу үй-бүлөнүн тирөөсүн кыйратуу жана деградация кылуу максаттарына ээ», — деп жазган ал өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Маликов бир нече диний уюмдар жана саясий бирикмелердин мүчөлөрү менен биргеликте китепчелердин таркатылышын токтотуу талабы менен журналисттердин алдында билдирүү жасады.

«Репродуктивдүү саламаттык альянсынын» директору Галина Чиркина Kloop.kgге берген маегинде ал китепчелер GIZ (Техникалык кызматташтык боюнча герман коому) менен биргеликте 2004-жылдан бери чыгарылып баштагандыгын айтты.

Чиркинанын айтымында, китепчелер анда Билим берүү министрлигине жагып, Кыргыз билим берүү академиясынан рецензия алган.

Ал китепчелерде секске болгон чакырыктар жок экенин, жөн гана ден соолукту коргоо ыкмалары, жолдору тууралуу айтылаарын билдирип, ишендирүүгө аракет кылды.

«Өгөй аталары же агалары тараптан зордукталып, боюна бүтүп калган жаш кыздар эмне кылаарын билбей мага келгенде ал Кадыр Маликов каякта эле? Качан гонореяны бензин менен дарылаган балдар келгенде каякта эле?» — деп суроо салды «Альянстын» жетекчиси.

Жеке кызыкчылык

Чиркина китепчелердин айланасындагы талаш-тартыштын чыгышына ал басылмаларга каршы болуп жаткандардын бири Мавлян Аскарбеков менен GIZдин жетекчилигинин ортосундагы чыр себеп болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Эркин Эл» деген жаштар уюму бар, анда жарым-жартылай экстремизм, жарым-жартылай популизм менен алектенген Мавлян Аскарбеков деген адам бар. Азыр ал эми дал ушул теманы козгоп жатат, анткени «сексуалдуулук» — өтө оор тема, бирок мен мунун бардык жашыруун сырын айтып бере алам», — деди Чиркина.

«Дал ошол Мавлян Аскарбековдун GIZдин жетекчилиги менен чыры бар болчу. Анан издеп жүрүп алардын логотиби бар биздин китепчени көрүп калып бул теманы козгоп чыкты, болгону ушул. Адамдар эч качан жаштардын саламаттыгы үчүн күрөшүшпөйт, өзгөчө Кадыр Маликовдой адамдар», — деди ал.

Чиркина өспүрүмдөр үчүн мындай китепчелер зарыл деп эсептейт.

«Мисалы, эгер өспүрүмгө бул тууралуу [секс жөнүндө] “Бул арам, болбойт. Сен аны үйлөнгөндө же турмушка чыкканда билесиң” деп айтышса эмне болот? Билимсиз адамдар өсүп чыгат», — деп эсептейт ал.

Балдар үчүн сексуалдык тарбиянын зарылчылыгы тууралуу талаш-тартыштар Кыргызстанда тез-тезден пайда болуп турат.

Каршы болуп жаткандар балдарга жыныстык катнаш тууралуу айтууну «бузуку» нерсе деп эсептеп жатышса, аны жактагандар өкүнүчтүү статистиканы көрсөтүп жатышат — ага ылайык, акыркы алты жылдын ичинде Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук бир жарым эсеге өскөн.

Автор: Александра Ли