Кыргызстандын мектеп окуучуларына сексуалдык тарбия керекпи?

Snimok-e-krana-ot-2013-07-04-141144

Акыркы алты жыл аралыгында Кыргызстанда өспүрүм кыздардын арасындагы бойго бүтүү учурлары бир жарым эсеге көбөйгөн. Адистер көйгөйдүн себептеринин бири катары мектептердеги сексуалдык тарбиянын жетишсиздигин айтып жатышат.

16-жаштагы Бишкектин жашоочусу Алина (аты өзгөртүлгөн) жарык дүйнөгө келгенине бир гана жума болгон ымыркайы уктап жаткан маалда жолугушууга бир жарым жаштагы кызын жетелеп келди.

Кыз болочоктогу жолдошу менен ал 29, өзү 14 жаш кезинде таанышкан. Бир айдан кийин алар бирге жашап калышат да Алинанын боюна бүтүп калган.

Анын жолу болуп эки бойго бүтүүсү тең жеңил өтүп, балдары дени сак төрөлөт.

Алинага 9-классты аягына чейин бүтүрбөй эле мектепти таштап салууга туура келген.

«Мен кош бойлуу кезимде деле окуп жүргөм, бирок курсагым чыгып билине баштаганда курдаштарыман, мугалимдерден уялып барбай калгам», — дейт ал.

Кыз үй-бүлөнү жолдошу багып, өзү балдары менен үйдө отураарын жылмайуу менен айтат. Ал жолдошун сүйө тургандыгын жана эрте эле апа болуп калгандыгына таптакыр өкүнбөстүгүн билдирди.

«Эгер сүйгөн жана балалуу болууну каалаган өнөктөштөрү болсо коркпой эле төрөй беришсин», — деп кеңеш берет Алина өзү теңдүү кыздарга.

Бирок жаш апа өзүнүн кызын жыныстык жашоосун 17 жаштан эрте баштабагандай тарбиялай тургандыгын айтууда.

«Жолдошум мусулман. Үйлөнүп, нике кыйылгандан кийин гана. Биз анын жигитин, ким менен жолугушуп жаткандыгын билишибиз керек», — дейт Алина.

Кайсы курактан баштап төрөөгө болот?

Бишкектин Ленин райондук өспүрүмдөр гинекологу Лола Давлетова Алина менен болгон окуя ден соолугунун коопсуздугу жактан алганда чындыгында эле ак жолтой, ийгиликтүү экенин айтат.

«Жаш кезде бойго бүтүү туура эмес. Анткени кыздын физиологиялык функциялары жаңы гана калыптанып, бышып жетилип келе жаткан болот. Жатын баланы өстүрүүгө жөндөмсүз кез. Жаш апа келечектеги баласына зарыл болгон заттардын бардыгын бере албаган жаш организм болуп саналат», — дейт гинеколог.

Давлетова кыздарга кошбойлуулукту 18 жаштан кийин, же 20 жаштан кийин да пландоо кеңешин берет.

Гинеколог өспүрүм кездеги кошбойлуулук көпчүлүк учурларда кокустан келээрин жана ал кыздын кансыроосуна, эрте же кеч гестоздорго жана органдар менен организм системаларынын бузулушуна алып келиши мүмкүндүгүн белгилейт.

«Балдары болсо өтө алсыз болуп төрөлүшөт», — дейт Давлетова.

Гинеколог өспүрүм кездеги кошбойлуулук маалында бойдон түшүрүүгө караганда көз жаруу коопсузураак болоорун эскертет.

Ал көпчүлүк учурларда боюнда бардыгын билген кыздар гинекологдорго психологиялык оор абалда кайрыла тургандыктарын айтты: «Алар үчүн бул дүрбөлөң, белгисиздик. Анан биз түшүндүрүп, кошбойлуулук кандай өтө тургандыгын айтып берип баштайбыз».

Гинеколог Кыргызстандын — өзгөчө айыл жергесиндеги — мектептерде сексуалдык тарбиялоо сабактарынын санын көбөйтүү зарыл деп эсептейт: «Мүмкүн айылдык мектептерде бул маалымат жеткиликсиз болушу мүмкүн. Албетте, мектептерде бул боюнча сабактар өтүлсө жакшы болмок».

Жыл сайын бирден кыз көз жумат

Акыркы алты жыл аралыгында өспүрүм кыздардын арасындан бойго бүтүү учурларынын көрсөткүчү 1,6 эсеге өскөн — бул маалыматтарды Бишкектин саламаттыкты сактоо департаментинин башкы штаттан сырткаркы өспүрүмдөр гинекологу Альфия Самигуллина билдирди.

Кыргызстандагы жалпы төрөттөрдүн 1,2 пайызы 15 жаштан 17 жашка чейинки кыздарга туура келет.

«Алар анча деле көп эмес экен да. Бирок эң негизгиси алардын кошбойлуулугу өтө оор өтөт. Ал өтө татаал боолот, практика жүзүндө ден соолугу жакшы бала бербейт. Алардын арасында дени сактары болгону он пайыздан бир аз гана жогору», — дейт адис.

Самигуллина кошбойлуулук маалындагы татаалдыктардан улам Кыргызстанда жыл сайын бирден боюнда бар өспүрүм кыз каза болоорун айтат.

Ал өспүрүмдөрдүн кошбойлуу кезинде бойдон түшүрүү менен көз жаруунун кайсынысы туура болоорун кесе айтуу кыйын экенин белгилейт.

«Азыр бизде коопсуз бойдон алдыруу ыкмалары бар — бул аз гана татаалданууларды бере турган медикаменттик бойдон алдыруу менен вакуум-аспирациялар. Бирок аларды да толугу менен коопсуз деп айтууга болбойт», — дейт гинеколог.

Акыркы алты жылдын ичинде өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук 1,6 эсеге өскөн/
Акыркы алты жылдын ичинде өлкөдө өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулук 1,6 эсеге өскөн/

Ал мурун Кыргызстандын мектептеринде «Саламаттык маданияты» деген медицина адистеринин окутуусундагы курстардын бар болгондугун эскерип, бүгүнкү күндө алардын ордуна андай сабактарды медициналык билими жок класс жетекчилер өтүп жаткандыгын айтат.

«Алар [мектеп мугалимдери] бул тема боюнча жакшы билишпейт. Өспүрүмдөр мугалимдер жооп берүүдөн корко турган же тартына турган кычыктуу суроолорду өтө көп беришет. Бул өз кезегинде ал суроолорго болгон жооптор физиология жана биология сабактарынан башка эч кандай чагылдырылбагандыгына алып келди», — дейт Самигуллина.

Адис ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулуктун санынын өсүшүнүн себеби катары ала качуу менен 18 жашка толо электе эле нике кыюуугу уруксат берген диндин таасирин айтып жатышат.

Мусулмандар дин башкармалыгы каршы эмес

Сурамжыланган адистер мектептерде сексуалдык тарбия берүүгө диний лидерлер каршы чыгып жаткандыктарын белгилешүүдө.

Бирок Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов дин өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулукту колдобой тургандыгын жана мектептерде сексуалдык тарбиянын берилишине каршы эмес экенин айтты.

«Мусулмандар дин башкармалыгы эрте бойго бүтүүлөргө каршы. Анткени азыр өспүрүмдөр эмес улуу чоң кишилер да үй-бүлөлүк жашоого даяр эмес. Ошондуктан эң негизгиси — адамдын физикалык, психологиялык, интеллектуалдык жактан даярдыгы», — дейт  Өмүракунов.

Депутаттар талкуулап, талашып жатышат

Кыргызстандын парламентирийлери мектептерде сексуалдык тарбиялоо сабактарын киргизүү боюнча бир пикирде эмес.

«Ата-Журт» фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева мектептерде андай сабактар зарыл деген пикирди колдойт.

«Туура маселе көтөрдүңөр, аны менен баары күрөшүш керек», — дейт Жолдошева.

Депутат билим берүү министрлиги өспүрүмдөрдү сексуалдык жактан тарбиялоого тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай жатат деп эсептейт.

Партиясыз депутат Нарынбек Молдобаев кесиптеши менен макул.

«Албетте, аларды бул боюнча окутуу керек, анткени акыл-эсине караганда балдардын организми эрте жетилет. [...] Бизде, мусулман өлкөлөрүндө мурда 9-12 жаштан кийин эле турмушка берип келгендиктери жашыруун эмес, ал болгон. Бирок азыркы заманда өспүрүмдөрдү тарбиялаш керек деп эсептейм», — деген пикирин билдирди ал.

КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина да ушундай эле пикирди карманат. Бирок ал мектептерге сексуалдык тарбиялоо сабактарын киргизүү коомчулук тарабынан туура эмес кабылданышы мүмкүндүгүн айтат: «Экиби же үч жыл мурунбу муну СПИДке каршы фонддун жетекчиси [Борис] Шапиро ишке ашырууга аракет кылган. Ал мектептердеги балдарды СПИДке каршы күрөшүүнүн жолдорун үйрөтүү максатында семинарларды уюштурууга аракет кылган, бирок ал коомчулук тарабынан терс кабылданган».

Скрипкина коомдун кабыл алуусунан улам Кыргызстанда андай сабактардын киргизилишинен күмөн саноодо.

Чындыгында эле анын кесиптеши, «Ар-Намыс» фракциясынын консервативдүү көз караштары менен белгилүү депутаты Турсунбай Бакир уулу мектептерде сексуалдык тарбиялоо сабактарынын киргизилишине толугу менен каршы чыгууда.

«Учурунда мен Шапиронун китебинин көрүнүктүү каршылаштарынын бири болгом. Таптакыр болбойт, үй-бүлөдө тарбиялоо керек. Бүгүн бизде үй-бүлө тарбиялоодон четке чыгып калбадыбы. Ошондуктан андай сабактардын мектептерге киргизилишине таптакыр каршымын [...] Балдарды секстин варианттарына жана презервативдер менен кантип колдонуу керектигине үйрөтүп салышат, таптакыр болбойт. Мунун бардыгы батыштын таасири. А бизде батыш эмес да, бизде чыгыш», — дейт ал.

Бакир уулу мектептеринде сексуалдык тарбия берилип келе жаткан Европа өлкөлөрү менен АКШны мисал катары келтирди.

«Ал жерлерде эмне болду? Массалык бузукулук», — деп эсептейт парламентарий.

Ал альтернатива катары үй-бүлө маңызын, эркек аялзатына, аялзаты эркекке кандай мамиле кылышы керектиги жөнүндө адеп-ахлак сабактарын киргизүүнү сунуштайт.

«Секске үйрөтүү эмес»

Кыргыз мектептеринде сексуалдык тарбия боюнча сабактардын киргизилишин активдүү колдогон уюмдардын бири — БУУнун калк жайгаштыруу фонду.

Анын аткаруу өкүлү Медер Өмүрзаков жыл сайын Кыргызстанда 15 жаштан 17 жашка чейинки бир жарым миңдей кыз төрөй тургандыгын билдирди.

Ал эрте эне болуунун кесепеттери катары кыздардын мектепти эрте таштап, экономикалык жана социалдык жактан алсыз болуп, үй-бүлөдөгү зомбулукка дуушар боло тургандыктарын айтууда.

«Жыйынтыгында, алар [жаш апалар] өз мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен ишке ашыра албай калышат», — дейт Өмүрзаков.

Ал мекептерде сексуалдык тарбиялоо сабактарынын зарылдыгын белгилеп, алар анда мектеп окуучуларына секстин өзүнүн үйрөтүлүшүн каалабастыктарын айтып түшүндүрдү.

«Сексуалдык тарбиялоо сабактары өспүрүмдөрдүн организмдеринде кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын окутат. Ал дененин гигиенасына үйрөтөт, сексуалдык тарбиялоо жыныстык катнашка эрте барбаш керектигин айтат жана жаштарды алдыдагы үй-бүлөлүк жашоого даярдайт», — дейт ал.

Өмүрзаков кыргыз коомчулугу менен саясатчылары бул сыяктуу сабактарды туура эмес кабыл ала тургандыктарын баса белгилейт.

«Сексуалдык тарбиялоо» деген сөз айкашын угаары менен эле биздин коомдо көпчүлүк учурларда аны секске үйрөтүү экен деп ойлошот, бирок бул андай эмес», — дейт ал.

Билим берилүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов жиберилген сурамга жооп катары мекеме кыргыз жаштарына репродуктивдүү саламаттык жаатында билим берүү боюнча активдүү иш алып барып жаткандыгы тууралуу билдирүү жөнөттү.

Ал «Билим берүү жөнүндөгү», «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» жана «Жарандардын репродуктивдүү укуктары жөнүндөгү» мыйзамдарга шилтеме жасоодо.

«Бир катар окуу жайларынын окуу пландарына өз ичине репродуктивдүү жана сексуалдуу саламаттык жөнүндөгү бөлүмдөрдү камтыган дени сак жашоо образын калыптандыруу боюнча программалар менен атайын курстар киргизилген», — деп жазылган билдирүүдө.

Министрликтин берген жообуна ылайык, мектеп окутуучулары 1-класстан 11-класска чейин «Маданият жана ден соолук», «Тиричилик аракеттеринин коопсуздук негиздери», «Үй-бүлө менен мектеп бирге», «Адам жана коом», ошондой эле адеп жана биология сабактарында сексуалдык тарбия боюнча сабак өтүшөт.

«Андан сырткары саламаттыкты сактоо органдары менен биргеликте окуу жайларында дени сак жашоо образын калыптандыруу жана заяндуу адаттарды алдын алуу боюнча лекцияларды, маектешүүлөрдү жана семинарларды өткөрүү уюштурулган», — деп жазылган Шадыхановдун жообунда.

Мектептер бейөкмөт уюмдар менен кызматташышат, бирок көпчүлүк учурларда секске байланышкан суроолор мугалимдер тарабынан түшүндүрүлөт. Ошондуктан билим берүү министрлиги өз кызматкерлерин квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарга жиберип турат.

«Педагогдор квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарга, ошондой эле жалпы билим берүү программалары аркылуу гендердик көз караштарды үй-бүлөлүк тарбиялоого жайылтуу боюнча тренингдерге катышышкан», — деп билдирет министрлик.

Жалпысынан жаш апаларды жана балдарды коргоо маселелери менен 52 400 мугалим кенен таанышкан.

Учурда министрлик «Дени сак муун» долбоорун ишке ашырып жатат, анын негизги максаты организмдин физикалык жана психикалык жактан өнүгүүсү жөнүндө мугалимдерге, мектеп окуучуларына жана ата-энелерге объективдүү маалымат жеткирүү болуп саналат.

Билим берүү министрлиги “Кыргызстандын мектептеринде сексуалдык тарбия боюнча сабактарды профессионалдуу медицина кызматкерлери өтсө эффективдүүрөөк болот деп эсептейсиңерби”, - деген суроого бир беткей жооп берген жок.

«Таң калтырарлык сабактар»

Мектепти аяктагандыктарына аз гана убакыт болгон кыргызстандык жаштардын арасында жүргүзүлгөн кичинекей сурамжылоо мектепте мугалимдер тарабынан өткөрүлгөн сабактардын «пайдасысыз» экендигин көрсөттү.

«Фейсбук» социалдык түйүнүнүн колдонуучусу Улугбек Акишев ал аяктаган Бишкектеги мектептин секс жөнүндөгү сабактары: «Сактангыла», «Уролог/гинекологдон текшерүүдөн өткүлө», «Эрте төрөө коркунучтуу», «Бойдон алдыруу зыянын тийгизип, андан кийин таптакыр төрөбөй калышыңар мүмкүн», «Бул жөнүндө ата-энелер менен сүйлөшү керек», «Презервативдерди алгыла — алар бекер», - деген сыяктуу бир нече фразалардан гана тургандыгын жазган.

«Жалпысынан, бекер презервативдерден башка эч нерсе бербеген таң калаарлык сабактар. Мен секс жөнүндө билгендеримдин бардыгын тең Кыргызстандын бейөкмөт жана эл аралык уюмдарынын сабактарынан үйрөнгөн жокмун, баардыгын жеке өзүм аңдадым», — дейт ал.

Азат Орозбаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында окуган — ал репродуктивдүү саламаттык жөнүндөгү класстык сааттар окуучуларды мектептин чатырынан жыныстык катнаш үстүнөн кармап алган окуядан кийин гана өткөрүлүп баштагандыгын жазган.

«Мен секс жөнүндө кабары бар жалгыз бала болчумун, анткени апам бул тема боюнча 10 жашымда эле айтып берген», — дейт ал.

Бишкек шаарынын тургуну Рахат Калпаев анатомия сабагы жөнүндө төмөнкүлөрдү жазган: «Эгер өзүмдү алсам, мен мугалимдер менен бул боюнча сүйлөшкөндөрүбүз эсимде жок. Эсимде, анатомия сабагынан берген бир карыган мугалим бар болчу, ал дайыма эле презервативдерди кантип пайдалануу керектиги боюнча мастер-класс көрсөтө берчү» .

«Андан көрө мага айтып коюшса болмок»

17 жаштагы Ольга (аты өзгөртүлгөн) өзүнүн бир жашаар уулун жалгыз тарбиялайт — бирге жашаган адамы аны баласы төрөлгөндөн кийин эки апта өткөн соң таштап кеткен.

Кыз уулунун 24 жаштагы болочок атасы менен 16 жаш курагында таанышкан — ал кыздын ата-энесиникине унаа сырдоо үчүн келген.

Ольга уулдуу болууну каалагандыктарын айтат. Алар бирге жашап, үлпөт той өткөрүп балалуу болууну пландашкан. Кызга 9-классты окуп бүтпөй эле мектепти таштоого туура келген.

«Мунун баары менен келесоолугуман, мен чоңдордун жашоосун эрте баштагым келген», — дейт ал.

Кош бойлуу кезинде Ольга эки жолу кансырап. 8 айлык бала төрөгөн.

«Бул жолдошумдун айынан, мен көп ыйлап, көп кыжырым келчү. Боюман түшүп калаарын айтышкан», — дейт кыз көз жашын араң токтотуп.

Жаш апа эгер убакытты кайра артка айлантуу мүмкүнчүлүгү болгондо ал жыныстык жашоону эрте баштабайт болчу. Ольга ага секс эмне экенин жана ал эмнеге алып келиши мүмкүндүгү жөнүндө эч ким кенен айтып, түшүндүрүп бербегендигине өкүнөт:

«Аны бизге түшүндүрүшкөн эмес. Андан көрө айтып беришсе болмок, эмне экенин билмекпиз да», — деп эсептейт Ольга.

Ал ата-энесине болгон көз карандуулуктан бошонуп, юрист болуу жөнүндө кыялданат.

Автор: Зарема Султанбекова