Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш март айында доллар менен евронун курсунун сомго карата өсүүсүнүн себептерин түшүндүрүп берди. Анын маалыматы боюнча, сомдун курсун турукташтыруу үчүн акыркы айда интервенция катары 40 миллион доллар жумшалган.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш маалымат жыйынында доллардын март айында кымбатташынын башкы себеби жазгы талаа иштери болгондугун билдирди.

«Биздин өлкө импортко көз каранды, силер билгендей бүгүнкү күндө жазгы айдап-себүү иштери башталды, өз кезегинде ал күйүүчү май импортуна алып келет. Буга байланыштуу чет элдик валютага — АКШ долларына — суроо талаптын өсүүсү байкалып, ал аталган валютанын кымбатташына алып келди», — деди ал.

Айтымында, андан сырткары доллардын курсунун өткөн жылдан бери жогорулашына 2012-жылдан тарта АКШнын Федералдык резервдик системасы жүргүзүп келген сандык арзандатуу программасынын токтотулушу себеп болууда.

Сандык арзандатуу программасы — бул экономиканын өсүүсүн стимулдаштыруу боюнча борбордук банктардын салттуу эмес монетардык саясаты. Программанын алкагында борбордук банк улуттук валютанын рыноктогу санын көбөйтөт.

«АКШда сандык арзандатуу программасы токтотулган — бул жыл башынан бери дүйнөлүк бардык валюталардын долларга карата арзандашына алып келди», — деп ишендирди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

Нурбек Жеңиш доллардын кымбатташына жеке акча алмаштыруу жайларындагы чайкоочулук аракеттердин да таасир эткендигин жокко чыгарбайт.

Ал Улуттук банк валюта рыногундагы абалды «көзөмөлдөп» жаткандыгын жана сомду колдоо үчүн мартта интервенция катары 45 млн. АКШ доллары жумшалгандыгын кошумчалады.

«Гугл Финансы» сервисинин маалыматына ылайык, долларга карата сом дээрлик 3 пайызга арзандаган.

Кыргыз Улуттук банкынын маалыматтарына ылайык, 2015-жылдын январынан бери доллар 4,5 сомго кымбаттаган. «Акчабар» каржы порталы Моссоветтеги жеке акча алмаштыруу жайларында доллар 64,6 сомго сатылып жаткандыгын билдирүүдө.