Журналисттер мектеби

 «Клооп Медиа» сиздерди онлайн журналистика мектебине чакырат. Мектептин студенттери окуунун жүрүшүндө макалаларын чыныгы жаңылыктар веб-сайтынажайгаштырат. Биздин мектеп Борбор Азиядагы журналистика мектептеринен өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Журналистика жаатында жөн гана билим алуудан тышкары татыктуу бүтүрүүчү болуп, жарык көргөн макалаларыңызды көрө алгыңыз келеби?

Анда биздин мектепке жазылыңыздар

Кыш мезгилине белгиленген журналисттер мектеби 2012-жылдын  12-марттан тартып май айына чейин болот

Жазгы мектептин негизги модулдары:

§  Жаңылыкты кантип жазуу керек (12-16-март чейин созулат);

§  Журналисттер үчүн атайы интернет-инструменттер (26-30-март чейин);

§  Фотосүрөт (16-20-апрель чейин);

§  Медиа-мыйзам жана журналистикалык этика (30-апрельден – 3-майга чейин,биздин Медиа-полиси инстутутунан келген досторубуз менен биргеликте өткөрүлөт);

§  Онлайн-видео (14-18-майга чейин);

Катышууга арыздар 2012-жылдын 5-марттын, кечки саат 18:00 чейин кабыл алынат.

Бул курстун ортосунда болгон убакытта сиздер чыныгы веб-сайтта өз макалаларыңызды чыгара аласыз. Кыргызстандын башка аймактарында мындай сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн журналисттер мектеби дагы кайсы жерде бар? Окуу курстан өтүү баасы – 6000 сомду түзөт.

2007-жылдын июнь айынан тартып Клооптун интернет баракчасына макала, репортаждарын чыгарып келе жаткан, калемине 2000 миңден ашуун макала таандык болгон адистер сиздер менен бирге болот жана журналисттер мектебининде курстарын алып барып. Журналистика дүйнөсүнө сизди багыттайт.

«Клооптун» бүтүрүүчүлөрүнө келечекте башка жумуштарга орношуп алууга сонун шарт түзүлөт. Мисалга, биздин студенттер азыркы тапта Тынчтык жана согушту чагылдыруу боюнча Британия институту, «К-Ньюс», «АКИпресс» маалымат агенттиги, «Вечерний Бишкек» гезити жана «Интерньюс Нетуорктун» Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүндө эмгектенип келет.

Бул сүрөттө «Голоса Америкиден»келген Эрика Марат Клооптун студенттери үчүн скайп-сессия өткөрүп жаткан учуру. (2011-жылдын ноябрь айы)

Ошондой эле медиа эксперттер чакырылат. Мындай эксперттердин катарын «Дойче Велле», «Голос Америки» жана «Интерньюс»ММК каражаттарынын кызматкерлери толуктайт.

Ал эми юридикалык суроолорго медиа-полиси Институтунан биздин ардактуу досторубуз жооп берет.

Катышууга арыздар 2011-жылдын 4-ноябрынын, кечки саат 18:00 чейин кабыл алынат.

Эскертүү: Төмөнкү форманы колдонуу аркылуу гана жиберилген арыздар каралатАл форма мына:   

    Аты-жөнүңүз (сөзсүз):

    Электрондук дарегиңиз (сөзсүз):

    Сиз кайсы жакта жашайсыз (сөзсүз):

    Телефон номуруңуз:

    Туулган жыл, айыңыз:

    Эмне себептен журналист болууну кааладыңыз?

    Мындан мурун жарыкка чыккан макалаларыңызга шилтеме бериңиз (эгер бар болсо):

    Биздин курстар тууралуу кайдан билдиңиз?