Биз кимбиз?

«Клооп» — Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар жана көрүнүштөр тууралуу ыкчам жана бейтарап жазган басылма. Биз окуяларды жаңылыктар, репортаждар, дата-изилдөөлөр, иликтөөлөр, график жана видеолор аркылуу айтып беребиз. Биздин негизги милдеттерибиздин бири — ар кандай себептер менен маселесин айта албаган элдин үнүн жеткирүү.

Бүгүн «Клооп» — Кыргызстандагы эң белгилүү маалыматтык сайттардын бири. «Клооп» өлкө боюнча журналистиканын жаңы тренддерин жаратып келет. 2022-жылдын сентябрына карата биздин барактарда 550 миңден ашуун катталуучу бар, ал эми биздин контент ар башка аянтчаларда миллиондогон көрүүлөрдү топтойт.«Клооп» ишинде дайыма көз карандысыздыкты, бейтараптуулукту, чынчылдык жана тактыкты принцип катары карманат. Биз каталарыбызды оңдоп, аны моюнга алганга аракет кылабыз, коомдук маанилүү маалыматтын жашырылышынын бардык учурун жектейбиз.

«Клооптун» кабарлары күн сайын кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат. Айрым материалдар англис жана өзбек тилдеринде дагы чыгат.

«Клоптун» сайты 2007-жылы ишке кирген. Басылманын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин айтымында, ал журналистика факультетинен четтетилгенден кийин жеке ЖМК ачып иштетүүнү ойлоно баштаган. Ага Кыргызстанда бул тармакта бир нерсе жетишпей жаткандай туюлчу: журфактарда практика деген дээрлик жок болчу, мындан улам редакцияларга бүтүрүүчүлөрдү кайра баштан үйрөтүүгө туура келчү. Бектур досу Ринат Тухватшин менен мектеп окуучуларын көбүрөөк практикалык түрдө журналисттик кесипке окутуп, көз карандысыз журналисттердин жаңы муунун тарбиялай турган жай түзүүнү чечишкен.

Басылма эмне үчүн «Клооп» деп аталат? Бул чынында редакциянын кызматкерлерине дагы белгилүү эмес. Бирок «Клооп» иштеп баштаган жылдардан бери аталышы тууралуу ар кандай жоромолдор айтылып жүрөт. Алардын биринде бул жөн эле туш келди терилген символдор экени, аны түзүүдө алфавит тамгаларынын жадыбалы жана дартс оюндарынан дротиктер колдонулганы айтылат.

«Клооп» 2010-жылы апрель революциясын ыкчам жана бейтарап чагылдыра алганы үчүн биринчи жолу атагы чыккан. Ал убакта сайтыбызга жүз миңдеген адам кирген, ал эми окуянын өзүн жаш репортёрлор чагылдырып турган.«Клооп» өз ишин баштап жаткан учурда жаш журналисттер менен редакторлор чогулган кичинекей эле коом болчу, бирок ошондо дагы курч темаларды, анын ичинде саясат, адам укуктары жана коррупцияны чагылдыргандан корккон эмес.

«Клооп» 2007-жылы ишин баштаган күндөн бери көптөгөн эл аралык жана улуттук журналисттик сыйлыктарга ээ болгон.

Алардын ичинен:

  • Кыргызстандагы фемицид тууралуу материал үчүн дата-журналистика боюнча эң беделдүү сыйлыктардын бири Sigma Awards;
  • Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык империясы тууралуу (OCCRP жана «Азаттык» менен биргеликтеги) иликтөө үчүн Редактор жана иликтөөчү журналисттердин ассоциациясынан берилген Том Реннердин сыйлыгы;
  • улуттук «Умтулуу» сыйлыктарынын жана ар башка жылдарда алынган Media Camp Award борбор азиялык сыйлыктарынын топтому.

Бирок биз үчүн эң эле чоң сыйлык — бул күн сайын көбөйүп жаткан окурмандарбыздын алкышы.

2022-жылдын июлунан бери басылманы Анна Капушенко жетектеп жатат (буга чейин ал эки жыл «Клооптун» орус тилдүү версиясынын башкы редактору болуп иштеген). Ага чейин «Клооптун» башкы редакторлору Бектур Искендер, Александа Ли жана Элдияр Арыкбаев болгон.

Kloop Media

«Клооп» басылмасын Kloop Media эл аралык фонддорунун тобу башкарат. Мындан тышкары, ал Кыргызстанда жарандык коомго коомдук маанилүү маселелерди эфективдүү чечкенге жардам берген билим берүү менен технологияны өнүктүрүп жатат. Чет өлкөдө Kloop Media байкоочуларга шайлоодо техколдоо көрсөтөт, журналисттердин ортосунда транс чек аралык кызматташтыкты күчөтүп, Борбор Азиядагы ЖМК үчүн коопсуздук инфраструктурасын түзүп жатат.

Kloop Media — бул көбүнесе кайрымдуулук гранттык фонддор тарабынан колдоого алынган коммерциялык эмес уюмдар. Донорлордун катарына АКШнын Улуттук демократия фонду (NED), «Сорос-Кыргызстан» фонду, Прагадагы жарандык борбор жана Internews Network кирет. Kloop Media донорлордун «Клооптун» редакциялык саясатына кийлигишүүсүнө жол бербөө үчүн дайыма каржы булактарын диверсификациялоого белсенет.

«Клооптун» катарына кантип кошулса болот?

«Клооптон» чыккандар дүйнөлүк аты бар басылмаларда (OCCRP, Eurasianet, «Азаттык», «Настоящее время», «Важные истории» жана башкалар) гана иштебестен жеке өздөрүнүн дагы медиаларын түптөп жатышат! Аларды сөзсүз карап, окуп коюңуздар: «Башта» Инстаграмда ар кандай окуяларды жалпак тилде айтып берет, ал эми Peshcom Бишкекти жашоого ыңгайлуу жана жагымдуу кылганга аракет кылууда.

Жыл сайын медиамектеп өткөрөбүз, ал жерде журналистиканын негиздерин, видеомонтажды, фотосүрөттү, фактчекингди жана SMM көндүмдөрүн үйрөтөбүз. Мектеп тууралуу жарыяны биз сайтыбызга жана соцтүйүндөрдөгү барактарыбызга жарыялайбыз — кезектеги мектеп учурунда өтүнмө тапшырып, окуудан өтсөңүз болот.

Андан кийин «Клоопто» тажрыйба топтосоңуз болот. Эгер бизде бош жумуш орду пайда болуп калса мыкты жыйынтык көрсөткөн студент ишке чакырылат. Учурда «Клоопто» иштеп жаткандардын көбү — биздин бүтүрүүчүлөр.

Эгер сиз журналистика факультетинде окуп, бизге келип тажрыйба топтоону кааласаңыз, анда бул шилтеме аркылуу өтүңүз. Ал жакта бардык жол-жобосу жазылган.

Ал эми учурда башка жакта журналист болуп иштеп жүрсөңүз жана биз менен иштешкиңиз келсе, вакансияларды карап сайтка баш багып туруңуз.

Бизди дагы кайдан окуса болот?

Азыр кирип турган сайттан тышкары «Клоопту» соцтүйүндөрдөн дагы окусаңыз болот.

Кыргыз тилинде:

Орус тилинде:

Байланыш:

Дареги: Бишкек ш, Горький к, 48/1.

Телефондор: +996 312 680738, +996 312 680740, +996 773 703 709.

Электрондук дарек:

news@kloop.kg – пресс-релиздер үчүн;

office@kloop.kg – редакцияга жана Kloop Media’нын жетекчилигине кайрылуу жана башка каттар үчүн.