Жапониянын түштүк-батышында жайгашкан Кюсю аралындагы жер титирөөдөн тогуз киши каза болуп, дагы 250дөн 800гө чейинки адам жаракаттарды алышты.

Жер силкинүү 14-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында болуп, тогуз кишинин өмүрүн алып кетти. Болжолдуу маалыматтар боюнча, баарынан да ондон ашык имарат урап түшкөн Масики шаары чоң зыянга учураган.

Силкинүүнүн очогу
Силкинүүнүн очогу

Учурда күчү 6,4 балл болгон жер титирөөнүн курмандыктарынын саны өсүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү жана эл аралык басылмалар билдиришүүдө.

Би-Би-Синин маалыматы боюнча, миңдеген адамдар үйлөрүнө кирүүдөн коркушуп, шаар көчөлөрүндө таң атырышкан. Басылма 250 киши жаракат алганын билдирүүдө.

Ошол эле маалда америкалык CNN телеканалы 12 киши каза болуп, дагы 800ү жараат алганын билдирди.

«Бул узак убакытка созулушу мүмкүн болгон жер титирөө», — деди CNN агенттигинин метеорологу Чад Майерс.

Жапон бийлиги кырсык болгон жерге куткаруучуларды жөнөтүүсүн улантууда, өз кезегинде алар адамдарды урандылар арасынан чыгарып жатышат.

12-1

Жапон метеорология агенттигинин директору Ген Аоки жашоочуларга жер титирөөдөн кийин силкинүүлөр дагы уланышы мүмкүндүгүн эскертти.

Жапониянын өкмөтүнүн аппарат башчысы Йошихиде Шуги силкинүү аралдын аймагында жайгашкан өзөктүк объектилерге зыянын тийгизбегенин билдирди.

«Биздин өзөктүк объектилер тууралуу айтсак, алардагы көйгөйлөр тууралуу эч кандай билдирүүлөр болгон жок», — деди ал.

japan-earthquake

Жапон сейсмологдору силкинүү күчү 2011-жылдын мартындагыдай болгонун билдиришти. Анда жер титирөөдөн улам өлкөнүн түндүк-чыгышындагы жээктеринде цунами болгон.

Өз кезегинде ал «Фукусима-1» атомдук электр станциясындагы авариянын келип чыгышына жана 15 миңден ашык кишинин өлүмүнө себеп болгон.

Сүрөт: AP