Сооронбай Жээнбековдун премьер-министр кызматына талапкерлиги парламенттеги алты фракциянын үчөөсү тарабынан жактырылды. Министрлер кабинетинин буга чейинки башчысы Темир Сариев Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча тендердин айланасындагы талаш-тартыштардан улам 11-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Парламенттик КСДП фракциясы премьер-министрлик кызматка талапкерди 12-апрелде көрсөттү. Партия мурда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, ошондой эле Айыл чарба министрлигин жетектеген президенттин аппарат башчысы Сооронбай Жээнбековду сунуштады.

Регламент боюнча, премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөн адамдын талапкерлигин Жогорку Кеңештеги бардык фракциялар жактырып, андан кийин макулдашуу жол-жобосу болушу керек.

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөлөрү, андан кийин «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары бир добуштан жактырышты.

Жээнбековдун өзү «Кыргызстан» фракциясынын жыйынында буга чейин ал премьер-министрликке талапкерлигин коюу тууралуу ойлобогондугун айтты.

«Чынында мен премьерликке баруу тууралуу ойлогон эмесмин. Бирок партия мени сунуштоо чечимин кабыл алды», — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун бир тууганы агасы болуп эсептелет. Пикир келишпестиктердин болбошу үчүн эгер агасы премьер-министр болуп шайланса, төрага кызматынан кетет.

«Мен премьерликке дайындала турган болсом, анда Асылбек Жээнбеков өз ордун бошотуп кетет», — деп жазды «АКИпресс» маалымат агенттиги талапкердин айткандарын.

Президенттин аппарат жетекчиси колдоосу үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирип, жумушка киришүүгө даяр экенин билдирди.

«Жеңил эмес экенин билем, бирок иштеш керек. Мен бул жөнүндө уккандан бери келечекте президенттин, партиянын жана парламенттин алдында уят болбосом экен деп кабатырланып жатам», — деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков.

Миинстрлер кабинетинин буга чейинки башчысы транспорт министри Аргынбек Малабаев менен болгон жаңжалдашуусунун фонунда 11-апрелде кызматынан кеткен. Чиновниктер депутаттык комиссия тарабынан аныкталган тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууларга бири-бирин айыпташкан. Малабаев премьер-министр тендерде утуп чыккан кытай компаниясынын кызыкчылыктарын коргогон деп билдирген, а премьер Малабаевди мекеме башчылыгынан бошотуу сунушу менен президенттин аппаратына кайрылган.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен депутаттык комиссия министрлер кабинетинин башчысына ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Сариев тендерге эч кандай тиешеси жок экенин расмий билдирип, өз каалоосу менен кызматтан кете тургандыгын жарыялаган.