Өкмөт Балыкчы — Корумду унаа жолун оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерди иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча транспорт министрин өз кызматтарын аткарган эмес деп күнөөлөдү. Жооп катары министр өкмөт башчысын мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы өз кызыкчылыктарын сүрөөгө айыптады.

Өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссия Балыкчы — Корумду унаа жолун оңдоо боюнча тендерди өткөрүүдөгү мөөнөттөрдү үзгүлтүккө учуратуу, мамлекеттик сатып алуулар порталындагы каталар жана жетишсиз каржылоого байланышкан мыйзам бузууларды аныктады.

«Өндүрүш графигинен артта калуу жана белгиленген мөөнөткө карата жумуштарды бүтүрбөө биринчи кезекте жетишсиз каржылоого байланыштуу. Азыркы убакта кытай компаниясынын жеке чыгымдары долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен берилген каражаттан кыйла жогору», — деп билдирди комиссия.

Комиссиянын отчётуна ылайык, Транспорт министрлиги тендерди өткөрүү жана курулуш иштерин көзөмөлдөө үчүн өз жоопкерчилигинен качып, аны Жол чарбачылыгы департаментине жүктөгөн.

«Транспорт жана байланыш министрлигинин жетекчилиги  Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолун оңдоо үчүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө мыйзам тарабынан белгиленген өзүнүн функционалдык кызматтарын аткаруудан четтеген», — деп жазылган мекемелер аралык комиссиянын отчётунда.

Тендерди иликтөөгө жолду оңдоо сынагында ал кезде лицензияга ээ эмес «Лонг Хай» кытай компаниясынын утуп чыккандыгы фактысы себеп болгон.

«Кол алдымдагылар менен Сариев» күнөөлүү

Транспорт министрлигинин башчысы Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын 17-марттагы жыйынында мыйзам бузууларга катыштыгы жоктугун, баарына анын кол алдындагылар күнөөлүү экенин билдирген.

«Тендердин жыйынтыктары жарыяланганда мен кызматтык иш-сапарды болчумун жана сынактын жыйынтыктарын департаменттин башкы инженери Жумаш Сооданбаев чыгарган, а мекеменин акыркы чечимине министрдин орун басары кол койгон», — деген ал.

Бирок анын орун басары Улан Уезбаев «Азаттык» радиосуна курган маегинде жетекчиси келтирген жүйөлөрдү четке каккан.

«Ал министр катары тендерде уткан компанияга өзү макулдук берген. Ал ошол учурда иш сапарда болчумун деп жалган айтып жатат. Малабаев тендер өткөндө Кыргызстанда болчу жана өткөрүлгөн тендерге өзү кол койгон», — деп билдирген Уезбаев.

Малабаев депутаттык комиссиянын 6-апрелдеги жыйынында мыйзам бузууларга өкмөттүн өзүнүн да тиешеси бар экенин айтты — ал премьер-министр Темир Сариевди кытай компаниясынын кызыкчылыктарын коргоого айыптады.

Анын айтымында, «Лонг Хай» билдирме берүүгө жетишпей калгандыктан тендер бир күнгө жылдырылган. Малабаев калган мыйзам бузуулар боюнча түшүндүрмө берген жок.

«Кытай компаниясынын өкүлдөрү премьер-министрдин жакын санаалаштары менен алдын ала сүйлөшүп алышкан. Ал компаниянын кызыкчылыктарын коргоо тууралуу бул жерде белгилүү болду. Жыйынтыгында тендер мыйзам бузуулар менен өткөн», — деди Малабаев.

Премьер-министр Темир Сариев министрди кызматтан алууну сунуштады, бирок президенттин аппараты аны кызматтан бошотууга эч себеп жок экенин билдирди.

Жол оңдоо үчүн жарыяланган тендер

Жолду оңдоо тендери 2015-жылдын 22-октябрында өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында «Лонг Хай» кытай компаниясы жеңүүчү болуп чыккан.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев 2016-жылдын мартында тендерди өткөрүүдө мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгенин билдирген.

Ошол эле жылы түзүлгөн комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп, аныкталган мыйзам бузуулар туристтик сезонго жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярданууну үзгүлтүккө учуратууга түрткү болорун билдирген.

Өкмөт Транспорт жана байланыш министрлигине жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү, аткарылган иштердин жыйыныктары боюнча билдирип туруу жана оңдоо иштеринин аткарылышын текшерүүнү тапшырды.