Панаманын Mossack Fonseca фирмасынын документтеринин ачыкка чыгып кетиши дүйнөлүк саясатчылар менен анын жакындарынын салыктардан качуу жана акчалардын изин жашыруу үчүн кантип офшорлордо коррупциялык схемаларды түзгөндүктөрүн билүүгө мүмкүндүк берди.

Дүйнөлүк лидерлердин офшорлору тууралуу маалыматтар 3-апрель күнү кечинде белгилүү болду — Панаманын 11 миллиондон ашык ачыкка чыгып кеткен документи «Зюддойче цайтунг» немис гезитине берилген.

Өз кезегинде басылма ал маалыматтарды Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияны изилдөө боюнча борборго (OCCRP) жана Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциумуна (ICIJ) көрсөткөн.

Дээрлик 400 журналисттин бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча салыктардан качуу, акчалардын изин жашыруу, кыймылсыз мүлк сатып алуу жана акча каражаттарын өлкөдөн чыгарып кетүү үчүн саясатчылар тарабынан ошфорлордун пайдаланылышы тууралуу масштабдуу иликтөө жарыяланды.

Анын биринчи бөлүгүнө дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 150 киши кирген. Дүйнөлүк лидерлер менен ишкерлердин кимиси офшорлор тууралуу эң масштабдуу иликтөөнүн каармандары болуп калышты?

Сергей Ролдугин — Путиндин досу

sergei_rolduginОрусиянын президенти Владимир Путиндин досу — виолончелист Сергей Ролдугин — Панамада бир нече офшорго ээлик кылат. Банк эсептери боюнча алардын жүгүртүмү $2 млрд. ашык, деп айтылган иликтөөдө.

Документтердин Орусияга байланышы бар бөлүгүнүн үстүнөн иштеген «Новая газетанын» кабарчыларынын иликтөөлөрүнө ылайык, Ролдугинге Панамадагы эки компания таандык — алар Sonnete Overseas жана International Media Overseas.

Өз кезегинде ал эки офшордун өкүлдөрү болуп алардан башка дагы эки офшорго ээлик кылышкан Санк-Петербургдун эки ишкери эсептелишкен.

Ролдугинге байланышы бар компаниялардын эсептерине акча үч жол менен түшүп турган: «Газпром» жана «Роснефти» сыяктуу мамлекеттик компаниялардын акциялары менен болгон бүтүмдөрдөн, ишкерлер тарабынан жасалган «кайрымдуулуктардан» жана Кипрдин RCB Bankынын жеңилдетилген зайымдарынан.

«Новая газетада» көрсөтүлгөн мамлекеттик компаниялардын акцияларына байланышкан схемага ылайык, Ролдугиндин офшорлору акцияларды сатып алуу жана сатуу келишимдеринин үзгүлтүккө учурагандыгы үчүн компенсация катарында, же тескерисинче, шектүү болгон абдан ийгиликтүү келишимдердин эсебинен миллиондогон долларларды алып турган.

Акчаларды алуунун экинчи схемасы — ири ишкерлер тарабынан жасалган «кайрымдуулуктар» аркылуу. Путиндин досуна таандык болгон компаниялар миллиондогон долларларды карызга алышкан, андан соң ишкерлер ал карыздарын бир же эки доллар кайтарылып берилгенден кийин эле кечип коюп турушкан.

«Новая газетанын» иликтөөсүнө ылайык, Ролдугиндин офшору үчүн Кипрдин RCB Bankында $650 млн. насыялык линия ачылып, ал Орусиянын мамлекеттик ВТБ банкы тарабынан көзөмөлдөнүп турган.

«Бул офшор каалаган убакта RCB Bankты чоң акчалуу мүшөк катары пайдаланып, керек болгондо ал жактан түрдүү долбоорлорду каржылоо үчүн каражат ала алган дегенди түшүндүрөт», — деп жазылган иликтөөдө.

Ал акчалар эс алууга — хан сарайлар, яхталар, клубдар — же стратегиялык активдерди сатып алууга жумшалып турган.

Ролдугиндин өзү «Новая газетага» ал иштерге «мурда, «кайра курууга» чейин эле байланышы бар болгонун» айтып, офшорлор тууралуу суроолорго кийинчерээк жооп берүүнү убадалаган. Бирок кийин телефон чалууларга жооп бербей койгон.

Петр Порошенко — Украинанын президенти

Украинанын президенти Петр Порошенко Mossack Fonseca аркылуу өзүнө Prime Asset Limited офшорун каттаткан. Ал «Рошен» кондитер фирмасын сатууда анын салыктарды төлөөдөн качуусуна мүмкүндүк бермек.

«Громадьске ТВ» тарабынан жарыяланган иликтөөнүн бул бөлүгүндө украин президенти өз активдерин «ачык эмес трастка» берем деп убадалаганда жалган айтканы жазылган.

Ошондой эле Порошенко өз декларациясында Prime Asset Limited офшорун көрсөткөн эмес, деп айтылат «Громадьске ТВнын» материалында.

Азырынча ал материалга карата президенттик администрация эч кандай реакциясын билдире элек.

Лионель Месси — «Барселонанын» футбол жылдызы

Germany_and_Argentina_face_off_in_the_final_of_the_World_Cup_2014_04-1

Испанияда «Барселонанын» футболчусу Лионель Месси атасы менен биргеликте Белиз менен Уругвайдагы офшор компаниялары аркылуу салыктан качып, аны менен мамлекетке  $5 млн. ашык зыян келтирген деп айыпталууда.

Нурали Алиев — Назарбаевдин небереси

nurali-aliyev-1

Астананын мэринин мурдагы орун басары жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси — Нурали Алиев — 2008-жылы Британиянын Виргинск аралдарындагы Baltimore Alliance Inc. офшорунун акционери болгон.

Компания яхталарды сатып салуу жана сатуу менен алектенген — 2008-жылы ал Mossack Fonsecaда катталган 77-футтук «Номад» (которгондо «көчмөн» дегенди билдирет — ред. түшүндүрмөсү) яхтасын сатып алган.

Кийинчерээк Алиевди Baltimore Alliance Incтин акционери катары Лондондо кыймылсыз мүлккө ээ Greatex Trade & Invest Corp компаниясы алмаштырган. 2008-жылы анын административдик президенти Алиев болгон.

Ошондой эле Назарбаевдин небересине Кипрдеги эсептерин кармап туруу үчүн 2014-жылдын сентябрында Виргинск аралдарында негизделген Alba International Holdings Ltd. компаниясы таандык.

12 лидер

Иликтөөдө офшор аймактарында коррупциялык схемаларды түзгөн дүйнөдөгү азыркы жана мурдагы лидерлердин иштери тууралуу да айтылган.

Алардын арасында — Сауд Аравиясынын королу, Украинанын, Аргентинанын, БАЭдин президенттери, Исландиянын премьер-министри, алты мурдагы премьер-министрлер жана Катардын мурдагы эмири бар.

Андан сырткары иликтөөлөрдө офшорлорго ээ болгон түрдүү өлкөлөрдүн жогорку кызматтагы чиновниктеринин жакындары менен туугандарынын ысымдары да аталган — мисалы, Орусиянын президенти Владимир Путиндин достору, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин туугандары жана Сириянын президенти Башар Асаддын инилери.

Орусиянын жогорку кызматтагы чиновниктери

Ошондой  эле документтерде өзүлөрүнө же жакындарына офшорлорду каттаткан түрдүү кызматтагы орусиялык чиновниктер жөнүндө да айтылган.

Офшорлорго ээлик кылгандардын арасында — президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов, экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев жана Псков облусунун губернатору Андрей Турчак бар.

Офшорлорду каттагыч

Панамадагы компанияларды каттоочу Mossack Fonseca фирмасы Юрген Моссак менен Рамон Фонсекинин юридикалык фирмаларынын биригүүсүнөн кийин 1986-жылы негизделген.

Ал офшор компанияларын каттоо менен алектенет — ачыкка чыгып кеткен документтерде 200дөн ашык өлкөнүн адамдарына байланышы бар болгон 210 миң офшор компаниясы көрсөтүлгөн.