Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиевдин кесиптеши Рустам Эминжанов менен болгон жолугушуусунан кийин тараптар чек аранын Чаласарт аймагындагы талаштуу тилкесинен БТР унаалары менен аскерлерин чыгарып кетишти.

26-март күнү саат 8:00го карата Өзбекстан эки БТР унаасы менен аскерлерин чек арадан алып кетти. Андан соң ошондой эле кадамга кыргыз тарап барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев менен анын өзбек кесиптеши Рустам Эминжановдун «Кызыл-Кия-автодорожный» өткөрмө пунктундагы жолугушуусунда Аксы районунун Чаласарт аймагындагы тактала элек чек ара тилкесинен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашууга келишти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара бөлүктөрү биргелешкен чек араны штаттык режимде кайтарууга өтүштү.

«Кадамжай-автодорожный» жана «Кызыл-Кыя-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пункттары, ошондой эле аба коридорлору ачылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу

18-мартта Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт аймагындагы чек аранын тактала элек тилкесине эки БТР унаасын, эки КамАзын жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин жайгаштырган.

Бул Кыргызстан Касан-Сай суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон.

Кыргызстан ТИМи ошол замат чек арадагы тосмолорду алуу талабы менен өзбек өкмөтүнө нааразычылык нотасын жөнөткөн. Жооп катар Өзбекстан Кыргызстанды талаш тилкелерди мыйзамсыз өздөштүрүүгө айыптаган.

Кыргызстан өзбек аскерлеринин жайгашуусуна жооп кылып чек арага эки БТР унаасы менен аскер күчтөрүн алып барган.