Бишкектин Биринчи май райондук соту бийликти басып алууну пландоого шектелип кармалган оппозиционерлер Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12-майга чейин тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды. Алардын кармалышына митингдерди уюштуруп, бийликти кулатуу пландары тууралуу сүйлөшүүлөрү жазылган делинген видео себеп болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык жыйынында Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов менен экс-депутат Кубанычбек Кадыровду эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Оппозиционерлер 12-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында болушат.

3

Сот жабык жыйынга кармалгандардын туугандарын, тарапташтарын, ошондой эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизген жок. Биринчи май райондук сотунун алдына оппозиционерлердин элүүдөн ашык туугандары менен тарапташтары чогулушту.

31

Активист Тимур Саралаев Kloop.kgге «Ар-Намыс» партиясынын күн мурун кармалган мурдагы мүчөсү Эрнест Карыбековду сотко алып барбагандыктарын айтты.

Кадыров менен Асанов 24-мартта оппозициялык «Республика» гезитинин кеңсесинде кармалышкан. Аларды суракка алуу үчүн УКМКнын имаратына жеткиришип, сотко чейин кармап турушкан.

Оппозиционерлерди кармоого Bulbul жана YouTube видеосервистерине жарыяланган аудиожазуу себеп болгон. Анда Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Дуулатбек Турдуналиевдин учурдагы бийликти кулатуу пландарын талкуулап жаткандыктары жаздырылган.

Кылмыш кодексинин 295-беренеси менен каралган «Бийликти күч колдонуп басып алуу» боюнча кылмыш иши козголгон. Беренеге ылайык, кармалгандар 12 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.

Сүрөт: Адил Турдукулов