Оппозициянын координациялык кеңеши бийликти кулатуу аракетине айыпталып, УКМК тарабынан кармалган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду нааразычылык акцияларын өткөрүү менен колдоо ниетинде. Мурдараак интернетте оппозиционерлердин митинг өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрү делинген аудиожазуу пайда болгон.

Оппозиционер Адил Турдукулов Kloop.kgге курган маегинде кеңеш сот жыйыны өтө турган күн белгилүү болору менен «болушунча көбүрөөк адам чогултуп, жыйынга барууга» аракет кыла тургандыгын билдирди.

«Биздин божомолдоолорубуз боюнча, сот аларды [Кадыров менен Асановду тергөө абагына] эки айга камоо чечимин кабыл алат… [Эгер андай болсо], биз УКМКнын алдында акция өткөрөбүз», —деди ал.

Турдукулов Кадыров менен Асановдун кармалышын «оппозицияга карата жасалган сыноо кадамы» деп эсептейт.

«Эгер биз буга унчукпай, жөн гана карап туруп берсек, анда кийинки сокку башка [оппозициячыл] адамдарга карата урулат», — деп кошумчалады ал.

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов менен парламенттин экс-депутаты Кубанычбек Кадыров дээрлик бир суткадан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында.

Алар 24-мартта оппозициялык «Республика» гезитинин кеңсесинде кармалышкан.

Асанов менен Кадыров «өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттерин пландаштырышкан» деп шектелип жатышат, деп билдирүүдө УКМКнын басма сөз кызматы.

Кылмыш процессуалдык кодексине ылайык, укук коргоо органдарынын, анын ичинде УКМКнын шектүүлөрдү 48 сааттан ашык кармоого укугу жок. 48 саат өткөндөн кийин алар бошотулушу керек же баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Биринчи май райондук сотуна жеткирилиши керек. Ал үй камагы, белгилүү аймактан чыкпоо кол каты же эки айга тергөө абагына камоо болушу мүмкүн.

Оппозициялык активисттер жакынкы митингдерди жана бийликти кулатууну талкуулап жатышат делинген аудиожазуулар BulBul видео-хостингине 22-мартта жарыяланган. Анда болжолдуу түрдө Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Дуулатбек Турдуналиевдин ортосундагы сүйлөшүү жазылган.

Оппозициячылардын өзүлөрү жазуунун аныктыгын четке кагышып, жарыяланган материалды — «монтаж жана жасалма» деп аташкан. Бирок эртеси УКМК ал аудиожазуунун аныктыгын ырастаган. Анын фонунда оппозиция өкүлдөрү 24-мартка белгиленген Оштогу курултайды өткөрбөө чечимине келишкен.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат жана Кылмыш кодексинин 295-беренеси менен каралган «Бийликти күч колдонуп басып алуу» боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. Кармалгандар аталган берене боюнча күнөөлү деп табылышса, анда аларга карата 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылышы мүмкүн.