Бишкектин Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) башчысы Зумрад Жанабаева кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Бишкек ЖККсын башкарып келген Зумрад Жанабаева 24-мартта кармалган.

Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынан Жанабаева убактылуу кармоочу жайга камалганын билдиришти.

Басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, аны кармоо менен Бишкек прокуратурасынын Октябрь райондук кызматкерлери алектенишип, учурда ал ишти ошолор алып барып жатышат.

Азырынча Жанабаеванын эмнеге кармалгандыгынын себептери белгисиз — бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

ЖКК басма сөз кызматынан анын кармалышы боюнча түшүндүрмө бере албай тургандыктарын айтышты.

23-мартта Бишкек ЖККсынын кадрлар жетекчиси Жылдыз Түлеева да кармалган.

Жанабаева кызмат абалын кыянат пайдаланган деп шектелүүдө — ал жол кырсыгына күнөөлүү ЖКК кызматкерин мурдагы дата менен кызматтан кетирген деп шектелип жатат.

Жанабаева менен  Түлеевага каршы кылмыш иши козголду.