Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Акматбек Келдибековдун иши боюнча сот отуруму болду. Башкы прокуратура саясатчыны жарым-жартылай актоо тууралуу биринчи баскычтагы соттун чечимине нааразычылыгын билдирип, аны 10 жылга эркинен ажыратууну талап кылды.

«АКИпресс» маалымат агенттиги билдиргендей, прокурор Асаналы Иманбеков 10-марттагы сот отурумунда  парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибековду мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Ошондой эле Иманбеков Келдибековду жарым-жартылай актоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун ноябрдагы чечимине каршылыгын билдирди.

Өз кезегинде сот жообуна тартылып жаткан саясатчынын жактоочусу Татьяна Чильникина парламенттин мурдагы депутатын эки эпизод боюнча тең актоону өтүндү — салыктарды чогултуу функциясын «Бизнес партнер» компаниясына берүү жана Москвада Жогорку Кеңештин атайын өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачуу.

Ошондой эле сотто президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азимбек Бекназаров дагы сөз сүйлөп, мамлекеттик айыптоо тарабынан мыйзам бузуулар болгондугун билдирди.

Келдибековго каршы айыптоолор

2013-жылдын ноябрында Акматбек Келдибековго каршы Салык кызматы менен Социалдык фондду башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деген айыптар тагылган.

Саясатчы салык чогултуу функциясын «Бизнес өнөктөш» деген аталыштагы жеке компанияга берген жана «жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен көчүрмөлөрдү чыгарууга» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 миллион сомду мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелген.

Ошондой эле Акматбек Келдибеков Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан деп айыпталган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган уюмду кармап турууга 10 миллион сом жумшалган.

2015-жылдын ноябрында экс-төрага Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан «Коррупция» беренеси боюнча акталып, «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот анда Келдибековду 3 млн. сом айып пул төлөөгө милдеттендирген, бирок ал сумма дагы деле төлөнө элек.